КОРОНАВИРУСТАН УЛАМ 12-АПРЕЛДЕ ӨТҮҮЧҮ ШАЙЛОО ТОКТОТУЛАБЫ?

Коронавирус коркунучунан улам 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу талаптары көп айтылууда. 18-мартта парламентте депутат Акылбек Жапаров да ушундай сунуш айтты. Жарандык активисттер “өлкөдө массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Шайлоо дагы эл көп топтолуучу иш-чара, коопсуздук үчүн шайлоону артка жылдыруу керек” дешүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Ал эми комиссия мүчөсү Гүлнара Журабаева азырынча шайлоону артка жылдыруу боюнча эч кандай буйрук жок экенин, шайлоо белгиленген мөөнөттө өтөрүн билдирди.

Францияда коронавирус коркунучунан улам 22-мартка белгиленген жергиликтүү кеңешке шайлоолордун 2-туру белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу өлкө президенти Эммануэл Макрон элге кайрылуусунда билдирди. "Коопсуздук үчүн Кыргыз өлкөсү да ушундай жолго барышы зарыл" деп жатышат айрым саясатчылар менен жарандык активисттер.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан