Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргыздын Германиядагы элчиси кызматына дайындалганы жатат. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 17-мартта карап, жактырды. Эми сунуш парламентте каралат.
Абдылдаев ТИМ жетекчилигинен чуулгандуу иштен улам кеткени элдин эсинде. 2018-жылы Кыргыздын ошол кездеги Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ТИМ системиндеги коррупциялык системдер, министр Абдылдаевдин чара көрбөй жатканы тууралуу айтып чыккан. Бул чуулгандуу билдирүү Коопсуздук кеңешине чейин жетип, коомчулук тарабынан кескин сындар айтылып, аягында Эрлан Абдылдаев кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле. Арадан 1,5 жыл өтүп, экс-чиновник кайрадан кызматка сунушталды.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg