Түрмөдөгү ачкачылык жарыялагандардын саны 236га жетти. Бул тууралуу 17-мартта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Өткөн аптада алардын саны 200 болчу.
ЖАМКнын маалыматына таянсак, учурда өмүр бою эркинен ажыратылган 347 кылмышкер жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 236сы учурда суу жана шекер кошулган ысык чай гана ичүүдө. Чарчап калбашы үчүн кара күч колдонулган иштерден өздөрүн чектеп жатканы айтылат маалыматта. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери да алардан кабар алышкан.
Ачкачылык жарыялагандар “соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдарга ылайык ишибиз сотто кайра каралышы керек” деген талапты айтышууда.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg