"Биз Нурзат эже экөөбүз Умра сапарына 20-февралда барып, 27-февралда кайтып келгенбиз. Кыргыз өлкөсүнө келгенибизде "Манас" эл аралык аэропортунун паспорттук текшерүү жайынан атайын формачан медициналык кызматкер бизге камераны тосуп, дене табыбызды текшергендей болду, биз өтүп кеттик. Үй карантини же башка чара тууралуу эч нерсе айтышкан жок. Келгенден кийин өздүк гигиенаны сактап жатабыз. Абалым жакшы",- дейт Гүлнур Асанова.
Гүлнур Асанованын айтканын Нурзат Токтосунова да бышыктап, аэропорттон тепловизордон текшерилип, өтүп кетишкенин айтты. "Учурда абалыбыз жакшы" деп билдирди Нурзат айым.
Ал эми Умра сапарынан 10-январда келген ырчы Нияз Абдыразаков буларга токтолду: “Мен Умрага барган кезде коронавирус жайыла элек болчу. Бирок келгенден кийин грипп болуп ооруп калдым. Коркуп дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөм. Рентгендин, анализдердин жыйынтыгы таза чыккан. Азыр ден соолугум жакшы”.
Ошондой эле Нурмат Садыров, Турдакун Ниязалиев, Нурсултан Майназаров Бишкекке келгенде эч кандай текшерүүдөн өтпөгөнүн, учурда ден соолуктары жакшы экенин билдиришти.