ЫРЧЫ МАКСАТ САДЫРБЕКОВ КЫЗДУУ БОЛДУ

16-март күнү ырчы Максат Садырбеков кыздуу болду. Алгачкы ирет ата статусуна ээ болгон ырчы кубанычы менен бөлүштү:

– Абдан сонун сезимдерге курчалып жүргөн убагым. Сыйкырга туш болгонсуп, жашоом өзгөрүлө түштү. Кудайга шүгүр, баары сонун. Жубайым менен кызымдын абалы жакшы. Төрөткө катышып, келинчегимдин жанында болдум. Кызыбыз 3 килограмм 200 грамм салмакта жарык дүйнөгө келди. Мага аябай окшош экен. 18-март күнү үйгө чыгарып келдик. Кызыбызга Мия деген ысым ыйгардык.

Ошондой эле бул аптада дагы бир маданият өкүлү, тамада Эрнест Бөрүбаев да кыздуу болуп, кубанып турган чагы. 2 уул, 2 кыздын атасы Эрнест мырза 15-мартта жарык дүйнөгө келген ымыркайына Даткайым деген ысым ыйгарганын билдирди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-23 12:08:24
Кыргызча эле ысым койюпсунар.Бактылуу балалык.
0
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан