Канышай Рысбекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жолдошу менен ажырашып кеткенин ачыктаган. Бул тууралуу телеалпаруучу менен кыскача маек курдук.
– Канышай, жакында эле декреттик өргүүдөн ишке чыгыптырсыз...
– Ооба. Негизи эне баласы 2 жашка чыккыча үйдө отуруп, башка турмуштук маселелерге баш катырбаса жакшы экен. Бирок, тилекке каршы, жумушка чыкканга мажбур болдум. Анткени баланы багышым керек дегендей. Декреттик өргүүдө болгону 5 ай отурдум.
– Жакында жолдошуңуз менен ажырашып кеткениңизди да ачыктадыңыз...
– Биздин ажырашып кеткенибизге бир жылдан ашты. Ал кезде мен 2 айлык кош бойлуу элем. Андан бери бул тууралуу дос, туугандарга деле айткан эмеспиз. Ата-энелерибиз дагы “балким, төрөп алгандан кийин кайра жарашып жашап каларсыңар” дешти. Өзүм дагы ошондой ойдо жүргөм. Бирок акыркы кездери тааныштарым, кесиптештерим “жолдошуңду тигил жактан көрдүм, бул жактан көрдүм” деп көп айта башташты. Чогуу жашабасаң да бул нерсе катуу тиет экен. Чын жүрөгүмдөн жакшы көрүп турмушка чыккам. Эми анын башкага баш кошуп, бактылуу жашашын гана каалайм. Бул нерсеге моралдык жактан даяр болдум. Болгону “ажырашып кетиптир” деген сөздөн уялып жүрдүм.
– Мыйзамдуу түрдө ажыраша элексизби?
– Мыйзамдуу түрдө ажырашканбыз.
– Ажырашууга эмне себеп болду?
– Бир жылга жетпеген убакыт чогуу жашадык. Ар бир эле үй-бүлөдө пикир келишпестиктер болуп турат эмеспи. 2018-жылы 4 айлык наристе боюмдан түшүп калды. Анда дагы жолдошум “төрөсөң төрө, төрөбөсөң өзүң бил” деп койгон. Бирок ага карабастан, баары жакшы болот деген үмүт менен жашай бердим. 3 ай өтпөй дагы кош бойлуу экенимди билдим. Врачтар “бул ирет жакшы сактанбасаң кийин өзүңө кыйын болот” дешти. Жолдошум мурдагыдай эле “төрөсөң, төрөбөсөң өзүң бил” деген жообун айтты.
– Ажырашуу шашылыш чечим болуп калды деп ойлобойсузбу?
– Ортодо бир жарым жыл эки бөлөк жүрдүк. Бул узак убакыт. Жолдошум тараптан бала үчүн чогуу жашайлы деген сунуш болгон жок.
– Кандайча баш кошуп калдыңыздар эле?
– Болгону 3-4 ай эле сүйлөшкөнбүз. Анын кандай адам экенин билбей калдымбы, билбейм. Бул суроолордун жообун өзүм да таба элекмин.
– Кичинекей наристе менен жалгыз бой калуу оор болсо керек?
– Абдан оор. Бала карап түнү менен уктабай, эртең менен ишке кеткен күндөрүм болду. Аял катары колдоо күтөт экенсиң. Жаныңдагыларга “мага баары бир, ансыз деле жашай алам” дей бергениң менен, чындыгында ичимден күтүп жүрдүм.
– Баланы атасы менен жолуктуруп турасыңбы?
– Жолуктуруп турмакмын, эгерде ал сураса. Бирок ал кызыкпайт деле. “Балаңдын бар экенин унутпа” деп бир нече жолу айттым. Бирок 2 айда бир сурап коёт. Үмүт менен жашаш абдан оор экен. Чекит коюуга туура келди. Менде азыр баары жакшы. Ата-энем бар, балам бар, бактылуу адаммын.