– Биздин тойго бир күн калганда бул токтом чыкты. Казакстандан, Оштон, Көлдөн конокторубуз келип калышкан. Кыз узатуу тойго келген коноктордун баары үлпөт тойду күтүп отурушат. Анан кантип алардын баарын “той болбой калды” деп узатып коё алабыз? Жок дегенде 2 жума мурун укканыбызда тойду жылдырып койсок болот эле. Ресторанга акчасы төлөнгөн, азык-түлүк сатылып алынган, жылкы союлган. Кудай сактасын деп айла жок тоюбузду өткөрүп жатабыз. Бул маселе бир аз тынчыбызды алганы менен, үй-бүлөлүк жашоо сонун башталды. Келинчегимдин маанайы да жакшы. Туугандардын ар бирине үч жолудан жүгүнүп коюп жүрөт. Кичинекей кезибизден бери бир короодо чоңойгонбуз. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Эл-Ай кесиби боюнча актриса.