ЖАЗ ДААМЫ: КӨК ЧӨПТӨН ПИРОГ, САМСА ЖАСАЙБЫЗ

Ура-а!!! Жаз келип айыл жеринде, шаардагы базарларда, дүкөн текчелеринде көк чөптөрдүн түрү жайнап чыкты. Келиңиздер, алардан түрдүү даамдарды даярдап, организмибизди табигый витаминдер менен толуктаганга үлгүрөлү. Болбосо талаа чөптөрүнүн тамак-ашка пайдалануу мезгили бат эле өтүп кетет.

ШПИНАТ КОШУЛГАН ТАРТ

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

• Ун – 200 грамм

• Каймак май – 100 грамм

• Жумуртка – 1 даана

• Суу же сүт – 2-3 аш кашык

• Туз – бир чымчым

Туурамжы үчүн:

• Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

• Сарымсак – 1-2 тишче

• Шпинат – 1 тутам

• Жумуртка – 2-3 даана

• Сүт – 100 миллилитр

• Фета сыры – 100 грамм

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Каймак майды майдалап кесип, ун менен аралаштырабыз. Андан соң унга 1 жумуртка, бир аз суу же сүт жана бир чымчым туз кошуп камыр жууруп, жакшылап ийлейбиз. Эми камырды субала кылып, целлофан баштыкка ороп, 30 мүнөткө муздаткычка салып коёбуз.

2. Шпинат, сарымсакты жууп, тазалап, майда туурайбыз.

3. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, алгач сарымсакты, андан соң шпинатты салып 1-2 мүнөт кууруйбуз. Татымына жараша туз, мурч кошобуз.

4. Камырды муздаткычтан алып чыгып, диаметрин 24-26 сантиметр кылып жаябыз. Тарт жасоочу калыпка камырды салып, 180 градуста иштеп турган электр мешине 10-15 мүнөт бышырып алабыз.

5. Бул аралыкта жумурткага сүттү кошуп жакшылап чалабыз.

6. Тарттын ичине шпинатты салып, сүт менен жумуртканын аралашмасын куябыз. Үстүнө чоң-чоң тууралган фета сырын себелейбиз. Тартты кайрадан электр мешине салып, бети катканча бышырып алабыз. Тартты муздаган соң кесип, дасторконго коёбуз.

ЖУСАЙ ЖАНА КӨК ПИЯЗ ПИРОГУ

Керектелүүчү азыктар:

• Ун – 400 грамм

• Каймак – 200 грамм

• Маргарин – 100 грамм

• Каймак май – 50 грамм

• Көбүрткүч – 0,5 чай кашык

• Жумуртка – 5 даана

• Көк пияз – жарым тутам

• Жусай – жарым тутам

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алдын ала 4 жумуртканы сууга кайнатып, бышырып алабыз.

2. Унду элеп, ага бир чымчым туз, көбүрткүч, каймак, маргарин кошуп жумшак, бирок колго жабышпай турган кылып камыр жууруйбуз. Камырды 20-30 мүнөт муздаткычка сала турабыз.

3. Көк пияз менен жусайды жууп, тазалап, майда туурап, каймак майга 1-2 мүнөт кууруп алабыз.

4. Көк пияз менен жусайга бышкан жумуртканы майда туурап кошуп, туурамжы даярдайбыз.

5. Камырды экиге бөлүп (субаланын бири бир аз чоңураак болушу шарт), калыңдыгын 5 миллиметр кылып тегерек формада жаябыз. Камырдын (чоң бөлүгү) бетине туурамжыдан салып, үстүнө экинчи камырды жаап, четин бекитебиз.

6. Пирогдун бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, 180 градуста бети кызарганча бышырып алабыз. Даамдуу пирог жегенге даяр!

АТ КУЛАК ЖАНА ЧАЛКАН КОШУЛГАН СЫРНИК

Керектелүүчү азыктар:

• Ат кулак – 100 грамм

• Чалкан – 100 грамм

• Быштак – 400 грамм

• Жумуртка – 1 даана

• Ун – 2 аш кашык

• Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

• Сарымсак – 1 тишче

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ат кулак менен чалканды жууп, тазалап, майда туурайбыз. Андан соң жай отто 1 аш кашык өсүмдүк майына кууруп алабыз. Муздаган соң ашыкча суусун сыгып салабыз.

2. Быштакка ат кулак менен чалкандын аралашмасын, жумуртка, ун, майда тууралган сарымсакты жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

3. Аралашмадан 60-70 граммдан алып, токоч жасайбыз. Көмөч казанга өсүмдүк майынан бир аз куюп, жай отко токочтордун эки бетин кактап бышырып алабыз. Даяр болгон сырникти тарелкага салып, үстүнө каймактан куюп дасторконго берүүгө болот.

КӨК САМСА

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

• Ун – 400 грамм

• Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

• Суу – 400 миллилитр

• Туз – 0,5 чай кашык

Туурамжы үчүн:

• Койдун куйругу – 100 грамм

• Ат кулак – 100 грамм

• Жалбыз – 100 грамм

• Уй беде – 100 грамм

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жылуу сууга тузду салып, аралаштырып алабыз.

2. Унду элеп, өсүмдүк майын жана сууну куюп жумшагыраак кылып камыр жууруп, 30 мүнөттөй тыныктырабыз.

3. Көк чөптөрдү тазалап жууп, майда туурайбыз да, жай отто 1 аш кашык өсүмдүк майына 1-2 мүнөт кууруп алабыз. Буга майда тууралган койдун куйругун жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.

4. Муздаткычтан камырды алып чыгып, чакан бөлүктөргө бөлүп, ар бирин диаметри 10-12 сантиметрден кылып жаябыз.

5. Жайылган камырдын ортосуна 2 аш кашык туурамжыдан салып, тоголок формада самса түйөбүз.

6. Самсаны пергамент кагазы төшөлгөн электр мешинин табасына тизебиз.

7. Самсалардын бетине жумуртканын сарысын сүйкөп, күнжүт сээп, 220 градуста ысып турган электр мешинде кызарганча бышырып алабыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nurda00
2020-03-23 12:08:56
Ысмалак жокго коктун арасында
+1
Colombiana
2020-03-25 07:33:09
Субала дегенди кандай тушунсо болот? Биринчи жолу кезиктирип жатам ушул созду.Ат кулак орусча кандай айтылат?
-1
bekhaliev
2020-03-29 10:29:51
Colombiana,субала, даяр болгон камырды болуп тоголок дегендей
0
anonimka_03
2020-03-27 22:21:42
Аткулактын орусчасы щавель
+1
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан