Дина Жейкоб, актриса, телеалпаруучу: “АКТРИСАЛЫК КЕСИП МЕНИКИ ЭМЕС ЭКЕНИН ТҮШҮНДҮМ”

Каарманым – актриса, телеалпаруучу, келечекте кинорежиссёр болууну самаган Дина Жейкоб. Аны актриса катары “Түнкү кырсык”, “Мурас сыры”, “Аврора” тасмаларынан, телеалпаруучу катары дүйнөлүк мода дүйнөсүнө саякат жасаган “На шпильках” телеберүүсүнөн көрүп жүрөсүз. “Голливуд актрисасы Анжелина Жолиге окшошсуң” деген сөздү көп уккан Дина Жейкоб өзү, алектенген жумушу жана жашоого көз карашы тууралуу ой бөлүшөт.

– Дина, саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...

– Менин аты-жөнүм Дина Жакыпова. Дина Жейкоб – каймана атым. 1988-жылы Орусияда төрөлгөм. Атам орус, апам кыргыз. 3 жашка чыкканда ата-энем ажырашып кетип, апам экөөбүз Кыргызстанга келгенбиз. 9-класстан кийин КМКТАУнун алдындагы колледжде окуп, архитектор-дизайнер кесибине ээ болгом. Бирок бул тармакта иштеген жокмун. Анткени көп кызыкчу эмесмин. Кийин Санкт-Петербургда PR-адистиги боюнча билим алдым. Питерден моделдик агенттикке PR-адис катары жумушка орношуп, ошол жактан мода дүйнөсүнө аралашып калдым. Ал жакта иштеп жүрүп, режиссёр Лео Зисмандын “Баары Харбинде башталган” (“Всё началось в Харбине”) тасмасына тартылдым. Бул тасмага азиат кыздар керек экенин билип, өзүмдүн жана курбу кызымдын сүрөтүн жиберип койгон элем. Экөөбүз тең кастингден өтүп кеткенбиз.

Кыргыз тасмаларына кантип тартылып калдыңыз?

– Ушул тасмага тартылгандан кийин социалдык тармактар аркылуу режиссёр Адилет Акматов байланышып, “Мурас сыры” (“Тайна наследства”) тасмасына роль сунуштап калды, макул болдум. Ал тасмага тартылгандан кийин биротоло Бишкекте жашап калдым. Андан кийин Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” жана Бекзат Пирматовдун “Аврора” тасмаларында роль жараттым. Андан кийин сунуш түшкөн жок. Өзүм да актрисалык кесип меники эмес экенин түшүндүм.

Азыр “На шпильках” телеберүүсү менен алексиз. Берүүнү массага кенен жайылтуу боюнча пландарыңыз барбы?

– Бул берүүдө дүйнөлүк мода жана искусство тууралуу айтып берем. Жакында эле Миланда өткөн мода жумалыгынын жаңы чыгарылышын тартып келдим. Миландагы мода жумалыгына Борбор Азиядан өкүл катары төртүнчү ирет катышып жатам. Телеберүү көбүнчө мода индустриясындагы профессионалдар үчүн болуп жатат. Азыр берүүнү бардык аялзатына кызыктуу кылуунун жолдорун издеп жатабыз. Буюрса, кыргыз тилинде да көрө аласыздар.

– Сиз үчүн мода деген эмне?

– Кийим адамдын паспорту, ал эми мода коомчулуктун маанайын чагылдырган аянт. Азыр аялдар жынсы менен кроссовка кийип калышпадыбы. Ыңгайсыз болгондуктан көйнөк менен бийик такалуу туфли кийгендер аз. Моданын тарыхына көз чаптырсак, жынсы 1853-жылы Ливай Страусс тарабынан америкалык фермерлердин атайын кийими катары ойлоп табылган. Демек, азыр баарыбыз фермерлердей кийинип жүрөбүз. Бул кандайдыр бир деңгээлде эркиндик, ыңгайлуулук берет.

Сиз мода кууйсузбу?

– Менимче, моданын артынан сая түшүүнүн кереги жок. Жашоодо өзүңдү таап, өзүңдү түшүнүү маанилүү. Ал эми кийим максаттарыңа жетүү үчүн кызмат кылышы керек. Эмнеге бизнесмен, саясатчылар костюм-шым кийишет? Кыры чыккан пиджак жана шым, галстук адамдарга тартип менен иш алып барууга жана тонуста болуп, жемиштүү иштөөгө жардам берет. Жумушка пижама кийип чыккан адам иштей албайт. Мен үчүн кийим маанилүү. Бирок кийим тууралуу камеранын алдында гана ойлоном. Жашоодо жынсы эле кийип жүрөм.

Сизди Голливуд актрисасы Анжелина Жолиге көп окшоштурушса керек?

– 16 жашымдан бери Анжелина Жолиге окшош экенимди айтып келишет. Ошол себептүү келбетим эсте каларлык болушу мүмкүн.

Пластикалык операция жасатканыңызды жашырбайсыз...

– Ооба, блефаропластика жасаткам. Пластикалык операцияга туура көз караштамын. Анткени адамга бир гана жашоо берилет. Жашоодо өзүңдүн сырткы келбетиңе ыраазы болуу маанилүү.

Ийгиликтүү болуш үчүн эмне керек? Өзүңүздү ийгиликтүүмүн деп ойлойсузбу?

– Ийгиликтүү болуш үчүн алгач өзүңдү, каалоо-тилектериңди түшүнүшүң керек. Мен бактылуу адаммын. Анткени Кудай мен сурагандын баарын берип жатат. Сүйүктүү жумушум, үй-бүлөм бар. Саякаттайм жана ким экенимди билем. Негизгиси жашоомдо болуп жаткандын баарына позитивдүү карайм, бардык нерсенин баасын билем. Мен силерге бир сыр ачайынбы? Ийгиликтүү, бактылуу болууну, өз жолуңду табууну Кудайдан сураш керек. Мен бир ишти баштаарда "эгер бул иш мага жакшылык алып келсе, ийгилик бер. Жакшылык алып келбесе, анда бул иштен сакта" деп тиленем.

Байкашымча, психологияга кызыгасыз...

– Менимче, ар бир адам психология тууралуу окушу керек. Көпчүлүк маселелер адам өзүн тааныбагандан, башкаларды түшүнбөгөндөн улам келип чыгат. Бири-бирин түшүнбөгөндүктөн үйдө уруш-талаш жаралат. Эгер адам башкалардын психологиясын түшүнсө, жашоо жөнөкөй жана жеңил болот. Ошондо адамдар чыр-чатакка кетирген энергиясын бир нерсе жаратууга жана өз келечегин курууга жумшамак.

Сизде кандай? Психологияны билгениңиз жашооңузга пайдасын тийгизеби?

– Ата-энем ажырашып кетишкен. Ошол сыяктуу эле кызымдын атасы менен да жолубуз болгон жок. Мен "эмнеге бир үй-бүлө бактылуу жашайт, башкалары ажырашат?" деп көп ойлондум. Психологиялык китептерди окуп, адамдардын мамилесине баам салып көрүп, мунун себебин түшүндүм. Биринчиден, көпчүлүк учурда адамдар түгөйүнөн идеалдуулукту күтөт. Кыздар мырзалардын арасынан Брэд Питти издешет. Анан бир мырза жашоосуна киргенде, аны өзгөртүүгө аракет кылышат. Эми ал мырза да жанында Анжелина Жолини көргүсү келгенин элестетиңиз. Түгөйү өзү түзүп алган идеалга, ММКлар жазган шаблондорго туура келбей калгандыгы үчүн көңүл калуу пайда болот. Экинчиден, адамдар жасаган ишинин, башка адамдардын, жаратылыштын, кыскасы, айланасындагы бардык нерсенин артыкчылыгын издеши керек. Көпчүлүк кемчилик издейт. Ошондуктан көпчүлүк адамдар бактысыз. Мен айланамдагы бардык нерсенин баркын билгенге аракет кылам. Жолдошум экөөбүздүн үй-бүлө курганыбызга 5 жыл болду. Ал телеканалдардын биринде продюсер болуп иштейт. Экөөбүздүн мамилебизде бири-бирибизди түшүнүү, сый бар. Мында психологияны окуганымдын да үлүшү болсо керек.

Сизди көпчүлүк кыргызча билбейт деп ойлошот экен...

– Кыргызча сүйлөй алам. Бирок оюмду толук түшүндүрө албайм. Азыр кыргыз тилине көп көңүл бурууга аракет кылып жатам.

Кинорежиссёр болууну да каалайт экенсиз?

– Ооба, кинорежиссёр болууну максат кылып, азыр бир сценарийдин үстүнөн иштеп жатам.

Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-23 12:04:59
Менин көзүмдү ачкан интервью го.Туура, адам өзүн түшүнүп, эмне каалап жатканын айкын билсе анан бакубат жашоо болот.Мисалы мен өзүмдү таба элекмин.Кантип табуу керек экенин да билбейм,бир нече жылдан бери жооп таба албай жүрөм.Куйоомо таарына берем, жыйынтыгында өзүм кечирим сурайм.(Точнее урушту өзүм баштайм((
+3
BeStOne
2020-03-25 21:55:42
Baktyluu_bolgum_kelet,
Сизге психологко кайрылууну сунуштайм, таарынуу аябай коп энергия жеген адат. Супердин мурдакы санында маалымат берген Самат Аалканов деген психологко кайрылып көрсөңүз, мага да чоң жардам берген.
-2
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан