Ырчы түгөйлөр Айбек Карымов менен Гүланда 2 жыл мурун Бишкектин четиндеги 3 кабаттуу үйүн сатып, шаардын борборунан 3 бөлмөлүү батир сатып алышкан. Ырчылардын жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жайгашкан батиринде конок болуп кайттык.
– Үйдүн дизайны өзүмө таандык. Үйгө келгенде көңүлүбүз көтөрүлүп, чарчообуз жазылсын деп баарын ак түстө жасалгалап, ак түстөгү эмеректерди тандадым.
– Үйгө конок көп келет. Өзүм да конок тосконду жакшы көрөм. Конок келери менен дароо дасторкон жаза калуу үчүн минтип идиштерди даярдап коюп койгом. Алтын түстү жакшы көргөндүктөн, ушул түстөгү идиштерди сатып алдым.
– Жумуштан чарчап келгенибизде телевизор көрүп, уктоочу бөлмөдө эс алабыз.
– Мен ушул күзгүнүн алдында отуруп, боёнуп-жасанам. Боёнууга жарым саат коротом.
– Бул эки баламдын бөлмөсү. Кызым 3-класста, уулум 1-класста окуйт. Бөлмө экөөнүн сабак окуп, эс алуусуна ылайыкталып жасалды.
– Көп убактым ашканада өтөт. Жолдошум менен балдарым көбүнчө камыр, эт кошулган тамактарды жакшы көрүшөт. Камырды колго жаям.
– Мурда гүл өстүрүүгө кызыкчу эмесмин. Айбек кызыгып, өзү карачу. Азыр гүлдөрдү жакшы көрүп, карап жатам. Гүлдү канчалык жакшы көрүп карасаң, ошончолук бажырайып өсөт экен.
– Сувенирлерди жакшы көрөм. Кайда барып эс албайлы, ошол жактан сувенир алып келгенге аракет кылам. Бул текчеде Таиланд, Египет, Өзбекстандан алынып келинген сувенирлер бар.
“ЖОЛДОШУМ ҮЙ ДАЯР БОЛГОНДО ГАНА КЕЛИП КӨРДҮ”
– Гүланда айым, шаар четиндеги хан сарайдан көп кабаттуу үйгө көчүп келүүңүздөрдүн олуттуу себеби барбы?
– Биринчиден, шаардын четинде жашап жатканда балдарымды күндө мектепке алып келүү оор болчу. Бул жакта мектеп үйдүн жанында. Анан да жумушубуздун көбү шаарда болгондуктан, шаар ичине көчүп келүү ыңгайлуу болду.
– Үйдүн жасалгасы өзүңүзгө гана таандык экенин айтып калдыңыз. Айбек байке такыр кийлигишкен жокпу?
– Ишенсеңер, Айбек үйдү алганда да көргөн эмес, дарегин да билген жок. “Сага жакса ала бер” деп акчасын санап берди да, үй толук бүткөндөн кийин келип көрдү. Өзүм тандап, өзүм ичин жасалгалаттым.
– Чоң үйдө да жашап көрдүңүз. Азыр көп кабаттуу үйдө жашап жатасыз. Кыялыңыздагы үй кандай?
– Ушул менин кыялымдагы үй. Бул үйдү 1 жыл издедим. Үйдүн аянты да, жайгашкан жери да, короосу да, баары көңүлүмө төп келди. Андыктан азыр өзүм каалагандай үйдө жашап жатам.
– Рахмат, үйүңүздөрдө жакшылыктар көп болсун!
Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg