Кыргыз Премьер-Лигасы. 1-тур. “Дордой”–“Илбирс” беттеши. Оюндун алгачкы 10 мүнөтүндө Фархат Мусабеков өнөктөштөрүнө 2 ирет голдук пас чыгарып берсе, 31-мүнөттө айып белгисинен керемет сокку узатты. Гоо-ол... Кыргыз Премьер-Лигасынын мыкты футболчусу Фархат Мусабеков биздин маек төрдө.
Футболчу тууралуу:
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 3-январь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 68 килограмм
Амплуасы – жарым коргоочу
Ойногон клубу – “Дордой”
Катар саны – 21
Учурда – Кыргыз курама командасынын оюнчусу
Ойногон клубдары – 2010-2016 – “Абдыш-Ата” (Кант), 2016 – “Академия” (Молдова), 2016 – “Тавария” (Крым), 2017-жылы – “АГМК” (Өзбекстан), 2018 – “Илбирс” (Бишкек) 2018-жылдын июнунан тартып “Дордой” клубунда ойноп келет.
– Салам, Фархат. Сезон кандай башталды? "Илбирстин" дарбазасына мыкты сокку узаттың. Бул голду карьераңдагы эң кооз гол десе болобу?
– Жаңы сезон жакшы башталды. Алгач күчтүү командалардын бири "Нефтчи" менен оюн кызуу болуп, биздин команда 2:1 эсебинде жеңишке жетиштик. Ал эми "Илбирс" менен болгон оюнда машыктыруучунун көрсөтмөлөрүн так аткарып жакшы ойнодук, 6:1 эсебинде утуп алдык. Карьерамда мындан кооз голдор бар, муну да алардын катарына кошсо болот. Чемпиондуктун оюндары али алдыда. Кооз голдорду жаратууга аракет кылам.
– Быйыл Кыргыз чемпиондугунда атаандаштык курч болот өңдөнөт. Жаңы түзүлгөн “Каганат” командасы легионерлерди курамына топтоп, жеңебиз деп максат коюп жатат. Силерде жаңы сезонго даярдыктар кандай?
– Быйыл оюн өтө машакаттуу, кыйын болчудай. Жаңы чыккан командалар курамын легионерлер менен толуктап жатат. Алар күчтүү атаандаш болот деп ойлойм. Ушинтип командалар көбөйө берсе, Өлкө чемпиондугунун деңгээли өсөт жана жаш оюнчуларга дагы стимул болот. Буюрса, өлкөбүздө футбол өсүш жолунда. Биз бир айдан ашык Түркияда машыгуудан өтүп келдик. Курамыбызда жакшы оюнчулар бар, өзүбүзгө ишенебиз. Буюрса, чемпион болууга аракет кылабыз. Андан тышкары АФК Кубогуна да биринчи тайпадан чыгабыз деген жакшы максаттарыбыз бар. Азыр коронавирустан улам АФКнын оюндары токтоп калды.
– Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Премьер-Лигасынын Мыкты футболчусу аталдың. Бул көрсөткүчтүн артында канчалаган эмгек турат, күттүң беле?
– Футбол үчүн аракет кичинекей кезибизден эле башталган. “Абдыш-Атадан” чыккан балдар жаштар командасы менен көптөгөн достук турнирлерге катышып, 17-18 жашыбызда 21 жаштан жогоркулардын арасында ойноп жүрдүк. Менин өсүшүмө “Абдыш-Ата” клубунун салымы чоң. Ага Бразилиядан мыкты машыктыруучулар келди. Мирлан Байышбекович Испаниядан окуп келип, жаңы ыкмаларды үйрөттү дегендей. Күттүм деп айта албайм. Кыргыз чемпиондугунда гана эмес, АФКнын турниринде жакшы оюн көрсөтөлү деген аракеттин үстүндө болдук. Андан тышкары улуттук курамдын оюндары болуп жатты.
– Спорттун башка түрү эмес, эмнеге футбол?
– 1-класста дене тарбия сабагынан бизди жөн эле жүгүртүп койчу. Футбол ойноп жаткан чоң класстагы балдарды көрүп, кызыгуу пайда болду. 2-класста биз дагы ойной баштадык, бир ирет 3-класстын балдарына каршы ойномой болдук. Футболго барып жүргөн балдар бар экен. Алар бизди утуп алышты. Ошондо мен дагы ушулардай жакшы ойношум керек деп футболго бара баштагам. Андан кийин футболго болгон сүйүү күндөн-күнгө, жылдан жылга күчөдү. Түнкү 2-3кө чейин ойной берчүбүз.
Кийин агайыбыз Николай Самсонович мен курактуу балдарды чогултуп, мен дагы кошулдум. Андан кийин агайым “Абдыш-Атанын” машыктыруучусу болду. Анан “Абдыш-Атада” ойноп калдым. Бишкектеги Фучиктен Кантка 3 жолу маршрутка которуп барчумун. Кыйналып кеткенде барбай калдым. Бирок өнүгүү үчүн “Абдыш-Атага” барышым керек экенин түшүндүм. Алыс болсо да барам дедим. Бир жылдан кийин бизди автобус менен алып кете баштады.
– Тандооңду жакындарың башынан эле колдоштубу?
– Ооба, ата-энем тандоомду колдоду. Кээде үй иштерине жардам берип, машыгууга барбай калганда ыйлачумун. Негизи эле футбол менин жашоомдо пайда болгондон бери биринчи орунда болуп келет. Эсимде, 11-классты аяктап, бүтүрүү кечеси болуп жатканда мага бир агент чалып, “эртең Түркияга кетесиң” деп айтты. Оюмдун баары Түркиядагы футболго бурулуп, бүтүрүү кечесинен кетип калгам. Ошентип эртеси күнү Түркияга кеткем.
– Алгачкы жолу Улуттук курам менен оюн талаасына чыккандагы сезимдер азыркыга чейин унутулбаса керек?
– Унутулбайт го. Кичинекей кезимден эле Улуттук курамда ойнойм деген кыялым бар болчу. Биринчи жолу курамга чакырылганда Бангладешке каршы ойногонбуз. Ошондо алмашууга чыккам. Жеңишке жетишкенбиз, кубанычымда чек жок эле. Андан кийин Бишкекте Австралия курама командасына каршы ойнодук. Биринчи жолу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго көрүүчүлөр жык толуп, күчтүү оюн болгон. Утулуп калганыбыз менен, мындай ири масштабдагы оюн Бишкекте алгач ирет болгону үчүн менин эле эмес, бардык футбол күйөрмандарынын эсинде калды деп ойлойм.
Эң чоң жоопкерчилик бул курама командада сезилет. Өлкөңдүн желегин коргоп жаткандан кийин санааркап турасың. Кыргыз эли, ата-энең, досторуң үмүт артып турат. Ар бир оюнда жеңиш үчүн болушунча аракет кылабыз. Кээде ийгиликтүү болсо, бирде окшошпой калат. Утулуп же тең чыкканда өзүбүздү жаман сезебиз. Колдоп турган күйөрмандардан кечирим сурагың келет. Маанайыбыз түшөт. Оюн көпкө чейин башыңдан кетпейт. Бул жерден мындай, тиги жерден тигиндей кылсам болмок экен деп өзүңдү жей бересиң.
– Чет элдик клубдарда ойноо планыңда барбы?
– Буюрса, бул жылы АФК Кубогунда финалга чейин чыксак деген максаттар бар. Бул сезондо да Өлкө чемпиондугун жеңип, Европа тарапка кетейин деген ниеттер бар. Ден соолук болсо, кийинки жылы көрөбүз.
– Футбол ааламындагы баалаган командаң жана футболчуң?
– "Реал Мадрид", "Ливерпуль", "Ювентус", "Бавария". Ал эми өзүмдүн позициям боюнча Тьяго Алькантара, Лука Модрич, Филиппе Коутиньонун оюндарын көрүп, ыкмаларды үйрөнүүгө аракет кылам. Баарындай эле Месси, Неймар, Роналдуну баалайм.
– Үй-бүлөң тууралуу да кеп кылалы...
– Уулум чоңоюп жатат. Буюрса, 1 жарым жашка чыгып калды. Жубайым мени колдоп турат. Ага рахмат.
– Үй-бүлө күткөн Фархат менен мурунку Фархаттын айырмасын байкай алдыңбы?
– Мурун машыгууга барып, балдар менен футбол ойноп, эч шашчу эмесмин. Үй-бүлөң болгондон кийин шашып калат экенсиң. Эртеден кечке көчөдө жүрө берген жаш бала эмессиң. Жумушуңа да, үйдөгү иштерге да жетишип, балага убакыт бөлүп ойнотушуң керек дегендей. Негизи эле жоопкерчилик көбөйөт экен. Мурда бүгүн болбосо эртең кылам десем, азыр ар бир оюнду жакшы өткөрүүгө тырышам.
Футболчу Дидье Дрогба балалуу болгондон кийин профессионал футболдогу деңгээли өсүп, дүйнөлүк жылдызга айлаган. Ал “балам үчүн иштешим керек. Ошондуктан машыгууларды күчтөп, дайыма эмгек үстүндө болдум” дейт. Чынында анын айтканы туура экен.
– Футболчу болгусу келген өспүрүмдөргө эмне деп айткың келет?
– Футболду сүйсөң, футбол дагы сени сүйөт. Күн сайын аракеттенип, окшошсо да, окшошпосо да машыга бериш керек. "Аракет кылсаң берекет" деген кыргыздын макалы бекеринен айтылбаптыр. Кайрат Жыргалбек уулу экөөбүз бир райондо жашап, чогуу машыкчубуз. Классташтар дискотека, кечеде жүрсө, биз футбол ойночубуз. Оюбузда футбол эле болчу. Кыйын футболчу болдук деп мактанбайм. Улуттук курамдын, “Дордойдун” оюнчусу болуу да көптөгөн эмгектин аркасынан келди.
Динара Акимова
sport@super.kg