17-мартта УЕФА уюму футбол боюнча эң ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын жана Европа Лигасынын финалын өткөрүүнүн жаңы күндөрүн бекиткенин дүйнөлүк басылмалар жарыялашты.
Коронавирус чуусунан улам токтотулган Чемпиондор Лигасынын финалын буга чейин 30-майда Стамбул шаарындагы "Ататүрк Олимпиада стадиону" стадионунда өткөрүү пландалган. Коронавирус чуусунан улам УЕФА финалды 27-июнга жылдырды.
Ал эми Европа Лигасы Польшанын Гданськ шаарындагы "Энерга-Гданьск" стадионунда 27-майда өткөрүү пландалган болсо, эми 24-июнга бекитилди.
Динара Акимова
sport@super.kg