Бул жигиттерди сиз клиптерден көргөнсүз. Бири актёрдук чеберчилиги менен, бири сымбаттуу жүзү менен эсиңизде калса керек? Ырчылардын клибине көрк берген мырзалар менен таанышып алыңыз.Өмүрбек Израилов: “ЖАКШЫ ЖИГИТТЕРДИН ОБРАЗЫ ТАЖАТЫП ЖИБЕРЕТ”
– 2013-жылы биринчи жолу Айпери Кулбаеванын “Арзуу” деген ырынын клибине тартылгам. Анда студент болчумун. Тартылганыма 1000 сом гонорар төлөшкөн. Ырчы дос балдар “бартер негизинде тартылып бер. Туугандарыңдын тойлоруна ырдап беребиз” дешет. Бир канча клиптерге тартылдым. Арасынан Ильяз Андаштын “Аябадың” ырына тартылган клипти жакшы көрөм. Эмнегедир мага “жакшы жигиттин ролун аткарып бериңиз” деп сунуштай беришет. Чынын айтканда, бул образ тажатып жиберет.
Клип тартып жатканда кызыктуу учурлар көп болот. Мисалы, ырчы Алисанын “Сен дегенде” ырынын клибине студент кыз менен тартылгам. Ошол кыз тартуу учурунда жаакка катуу чаап салган. Мындайды күтпөгөнгө аябай ыңгайсыз абалда калгам. Тартуучу топ кыздын бул жоругуна каткырып эле калышты. Ал кыз менден кечирим сураган. Ошол кадр ынанымдуу болгонго бир дубль менен тартылган.
Ал эми тасма айдыңында тушоомду кескен “Дарак ыры” тасмасы болду. Тасманын кастингине катышкандан кийин режиссёр Айбек Дайырбеков “алдыңкы ондукка, алдыңкы үчтүккө кирдиң” деп улам-улам чакырып жатты. 1 ай бою кастингде жүрдүм. Жыйынтыгында башкы ролго мени бекитишип, Нарынга тартуу иштерине жөнөп кеттик. “Кесипкөй актёрго аткарган ролу купулуна толбош керек” деп үйрөтүшөт. Тасмадагы кээ бир жерлер купулума толсо, “бул жерин башкача ойносом болмок” деген жерлери да бар.
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 6-ноябрь
Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Чоң-Капка айылы
Билими – Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрдын алдындагы театралдык окуу жайды, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин режиссёрлук факультетин бүтүргөн
Бою – 179 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Тартылган клиптери – Ильяз Андаш “Аябадың”, Ильяс Кудретов “Жаман кыз”, Алиса “Сен дегенде”, Элдос Алмаз “Күткөн күн келди”, Жайнагүл Тентиева “Жаман ойлобо”, Кенже Көбөкова “Кызганбачы”, Айпери Кулбаева “Арзуу”
Тартылган тасмасы – “Дарак ыры”
Учурда – актёрАскат Осмонов: “КИНОГО ТАРТЫЛГЫМ КЕЛЕТ”
– 2018-жылы ырчы Жоодарбешим чалып, “Унутам” ырынын клибине тартылып берүүмдү сунуштап калды. 2 күн ойлонуп, ата-энемден сурансам “барып тартылып көр” дешти. Андан кийин Айдана Деканын “Шекер экен” деген ырынын клибине тартылдым. Бир дос кызым бар болчу. Экөөбүз урушуп кеткен элек. Бул клипке чогуу тартылып калып, ыңгайсыз абалда калгам.
Айдана Дека Инстаграмдагы баракчасына клиптеги видеонун үзүндүсүн жүктөп, мени белгилеп коюптур. Эртең менен турсам, Инстаграмдагы баракчам “кайнап” жаткан экен. Мени белгилеп, кат жазгандар толуп кетиптир. Инстаграмдагы окурмандарымдын саны өскөнүнө, тааныла баштаганыма 2-3 ай сүйүнүп жүрдүм.
Шоу-бизнеске аябай кызыгам. Камеранын алдында иштегенди жактырам. Тасмага тартылгым келет. Мушташкан, өзүнчө эле “мачо” болуп, терс каармандын образын жаратуу кыялдарымдын бири. Азырынча тасмага сунуштар түшө элек. Шоу-бизнеске билек түрө киришип, ырдап чыгайын деген планым бар. Азыр катуу даярданып жүрөм.
Туулган жылы, күнү – 2000-жыл, 11-июнь
Туулган жери – Чүй облусу, Кара-Балта шаары
Билими – КУУнун журналистика факультетинин 2-курсунун студенти
Бою – 188 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Тартылган клиптери – Жоодарбешим “Унутам”, Айдана Дека “Шекер экен”, Гулжигит Сатыбеков “Жаштык ыры”
Учурда – Модель, актёрНурлан Саякбаев: “КЛИПТЕ ЖЫГЫЛГАНГА КАРШЫ БОЛГОМ ”
– Бул клипке ырчы Алмаз Шаадаевдин менеджери Индира эженин сунушу менен кокустан тартылып калдым. Клиптеги жыгылган жерине каршы болдум. Бирок “эч нерсе болбойт, клип миллиондогон кароолорду жаратат” дешти. Буга чейин жыгылып көрбөгөнгө оор болду. Клипмейкерден уялып, чын дилим менен аткара албай, көп дубль менен тартылды. Менден актёр чыкпайт деп ойлогом. Клип чыккандан кийин эл тааный баштады. Жаныма келип “клиптеги жигитсиңби?” деп сурап калышат, колу менен көрсөтүшөт. Айылдаштарым “биздин бала” деп сыймыктанып жатышса сүйүнүп калат экенсиң. Кийин башка клиптерге да сунуштар түштү. Бирок тартылайын деген оюм жок.
Кырсыкка кабылып, бутуман айрылганыма 11 жыл болду. Бишкектеги заводдордун биринде иштеп жүргөндө станокко кирип кеткем. Башыма сыноо түшкөндө ата-энем, бир туугандарым жанымда болушту. Көбүнчө досторум жанымдан чыккан жок. Эстесем “эми эмне болом?” деп чүнчүп, депрессия болбоптурмун. Өзүмө окшош тагдырлаштарым менен сүйлөшүп калганда алар 2-3 жыл ичип кетип, көчөгө чыкпай, үйдө жаткандарын айтып калышат. Аларды угуп, “менден алсыздар бар турбайбы, шүгүр кылайын” дейм. Кудайга шүгүр, менде азыр баары жакшы.
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 4-январь
Туулган жери – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Куртка айылы
Билими – Орто
Бою – 167 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Тартылган клиби – Алмаз Шаадаев, “Эми мага баары бир”
Учурда – Бишкектеги унаа оңдоочу жайлардын биринде эмгектенетЧингиз Максүтов: “КЛИПМЕЙКЕР САСЫГАН БАССЕЙНГЕ СЕКИРТКЕН ”
– Карапайым үй-бүлөнүн баласымын. 9-классты бүтүргөндөн кийин “Орусияда акча жаайт экен” дешкенинен элдин агымы менен мен дагы ошол жакка кеткем (күлүп). Көчө шыпырып, жүк ташып иштеп жүрдүм. Бир жолу кыргыз ырчыларынын концертине барып калып концерт уюштуруу каалоом пайда болду. Шоу-бизнеске кызыгуум ойгонуп ырчылар менен байланышып, Орусиянын шаарларына концерт уюштуруп баштадым. Азыр ырчылардын Орусияда, Түштүк Кореяда, Америкада берген концерттеринин көпчүлүгүн уюштурам. Ырчылардын арасынан Нурлан Насип көңүлүмө туура келип, менеджери болуп иштешип калдык.
Көпчүлүк клиптерге клипмейкер Эрнис Сыдыковдун сунушу менен тартылдым. “Жүрөгүм бүгүн дүкү-дүк” ырынын клибине тартылып жатканда Эрнис сценарийде жок нерсени оюнан чыгарып, сасыган бассейнге секирүүгө мажбурлаган. Режиссёр айтып жатса, өзүмдө клипке тартылуу каалоом күч болсо, айла жок айтканын кылдым. Секиргенде кир суу оозума кирип кеткен, күн суук болгондуктан үшүп, ооруп калгам.
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 27-июнь
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы
Билими – Орто
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Тартылган клиптери – Нурлан Насип “Мени унут”, Эдил Маматов “Ачыгын айт”, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова “Карындаш, кимди сүйөсүң?”, Бек Борбиев менен Малика Дина “Жүрөгүм дүкү-дүк”, Нурмат Садыров “Карындаш” жана башкалар
Учурда – Концерттердин уюштуруучусу, Нурлан Насиптин менеджери
Динара Абдыкадырова
star@super.kg