АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) кыргыздын жаш футболчулары Гүлжигит Алыкулов менен Бекназ Алмазбековду Орто Азиядагы мыкты жаш 7 футболчунун катарына кошту. Бул тууралуу АФКнын сайтына жарыяланды.
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу, учурда казакстандык "Кайрат" клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов 2019-жылы Кыргыз өлкөсүнүн мыкты футболчусу аталган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча дагы "Жылдын супер футболчусу" наамына татыган.
Бекназ Алмазбеков Түркиянын ири клубдарынын бири "Галатасарай" футболдук клубунун өспүрүмдөрүнүн капитаны. Ал калыс тарабынан берилген пенальтини туура эмес деп топту сыртка тээп салганы менен да белгилүү. Футболчу былтыр 16 жашка чейинкилер арасында Бишкекте өткөн Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында БАЭ жана Ливан өлкөлөрүнө гол киргизген жана мыкты голдук пастарды чыгарып берген.
Гүлжан Асанкожоева
sport@super.kg