ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 30-МАРТТАН 5-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Жумушта же үйдө чыр чыгып, буга чейин ичиңизде жыйылып келе жаткан нааразычылыктын баарын чыгарасыз. Жыйынтыгында компромисске барасыздар. Тиричиликке байланыштуу иштерди чарчаганыңызга карабай бүткөрүүгө туура келет. Каржы жааты ойлондурат. Тамак оорунун алдын алып, муздак ичпеңиз. Жан дүйнөнү азыктандырыңыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Коомдогу окуялар көңүлүңүздү бурат. Социалдык тармактарда активдүү болуп, өз пикириңизди көбүрөөк билдиресиз. Жакындарыңыз жардам берүүнү талап кылат. Ишти бүткөрүү үчүн көп энергия талап кылынат. Убагында тамактанууга, уктоого көңүл буруңуз. Эски досуңуз менен байланышып, өткөн күндөрдү эскересиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Чөйрөдөгү адамдардын салкын мамилесин сезесиз. Жакындарыңыз сиздин айткан демилге, идеянын туура экендигин кечирээк баамдап, кабыл алышат. Айрымдар жашаган жеринен башка жакта жүрүп келүүнү пландашат. Мурунку каталарды эске алып, жеке жашоодо жаңы ката кетирбөөгө аракет кылуу керек. Электр, өрт коопсуздугун сактаңыз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада иштериңиз тез бүтөт, сүйлөшүүлөр сиздин пайдага чечилет. Керектүү адамдар менен олуттуу темада сүйлөшөсүз. Үйдөгүлөр талап кылган нерселерди шашылыш сатып алууңуз мүмкүн. Балдардын көңүлүн ачуучу оюн-зоокторду уюштурасыз. Жакын деп эсептеген адамыңыз менен жан дүйнөңүздү ачып сүйлөшүңүз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Апта кымгуут түрдө өтөт. Үйдөгүлөр да сизден көп көңүл бурууну талап кылышат. Баарлашуулар көп болот. Баарынын көңүлүн калтырбоого аракет кылыңыз. Карызыңызды кайтарып беришет же ойдо жок жерден олжолуу болосуз. Кол сунган адам менен мамиле түзүүнү же түзбөөнү чечесиз. Коңшулар менен мамиле кылууда сабырдуу болуңуз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Максаттарды ишке ашырууда туура кадамдарды жасап жатканыңызды сезесиз. Чөйрөдөгү окуялар үй-бүлө мүчөлөрүнүн баалуулугун дагы бир ирет сездирет. Жеңил жол менен акча табууга үндөгөн авантюраларга аралашпаңыз. Сүйүктүүңүз камкордугу менен кубантат. Ойлонуп иш кылсаңыз, көйгөйлөрдөн чыгуу жолун табасыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жыйынтыгы күмөн туудурган ишке киришпеңиз. Үйдөгү эски буюмдардан арылууңуз ыктымал. Жаракат алып калбашы үчүн балдарды учтуу, кесүүчү буюмдардан алыс кармоо сунушталат. Үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөө менен кыйынчылыктан чыгуу жолун караштырасыз. Бош убактыңызда жашоого койгон максаттарыңызды электен өткөрүңүз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Эмгекчил жана аракетчилдерге ийгилик жылмаят. Унутулган хоббиңиз менен кайрадан алектенүү сунушталат. Хобби түйшүктөрдү убактылуу унуткарып, эс алдырат. Бирөөлөргө азык-түлүк жактан жардам бересиз же тескерисинче аласыз. Диета кармоого, спорт менен алектенүүгө мыкты убакыт. Туугандардан кабар алып койсоңуз кубанып калышат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Акыл-эс кампасын кеңейтүүгө, жаңы нерселерди өздөштүрүүгө ылайыктуу апта. Интернет аркылуу акча табуу жолдорун изилдеп, үйрөнүү сунушталат. Бирөөлөр туура эмес сүйлөп жиниңизге тиет, ачууга алдырбаңыз. Кара жумушту ашыкча жасабаңыз. Маселелерди оң жакка чечүү үчүн жакындарыңызга кайрылыңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үйдөгүлөр бардыгы үчүн жоопкерчиликти, чоң иштерди сизге жүктөшөт. Бул сизди бир жагынан капа кылганы менен, үйдөгү кырдаалга карап унчукпайсыз. Досторду иргеп, ашыкчаларын тизмеден чыгарууну көздөйсүз. Короону жашылдандырууну колго аласыз. Уккан маалыматтын чын же калп экенин тактаңыз. Жагдайды так аныктап, тез чечим кабыл алууга даяр туруңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Топтолгон негативдерден кутулуп, жаңы күч топтоого кезек келди. Майда сындарды кулак сыртынан кетирип, ар нерсенин жакшы жагын көргөнгө тырышыңыз. Өзүңүзгө, балдарга көп көңүл буруңуз. Гардеробду ашыкчалардан тазалаңыз. Жаңы рецепт боюнча тамак жасап, үйдөгүлөрдү кубантасыз. Апта аягында абайлабасаңыз, кылык-жоруктарыңыз үчүн жооп берип каласыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Чөйрөдөгүлөр жылуу мамиле жасашат. Достор бир керегиңизге жарап беришет. Курулуш баштоо же үйдү, сарайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча план түзүп, чыгымдарын эсептейсиз. Унаасы барлар жолдо калбоо үчүн техникалык кароодон өткөрүп коюуну эске алыңыз. Алыстагы туугандардан кабар аласыз. Үйдөгүлөрдү таарынтпоо үчүн катуу айтуудан карманыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан