ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ
(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН ЖУГУУЧУ ООРУЛАР
Бирок ар бир алтынчы же жетинчи аял катуу ооруйт. 3-7 күндөн кийин аялдын бели, ичинин ылдый жагы тартылып ооруп, заара кылганда табарсыгы ачышып, оорутууну жаратат.
Аялдын жыныс кынынын оозу, заара чыгуучу каналы, жыныс кынынын бездери, жатын моюнчасы сезгенип, ооруга чалдыгат. Оору андан ары күчөп, ириңдеп, сезгенүү жатынга, жатын түтүкчөсүнө, энелик безге жана ички органдарга өтүп кетет. Оорусу кийин өтө татаалдашып кетип, аялдын боюнан түшүүсүнө, төрөбөстүккө жеткирип, дене кумарын сезбеген муздак аялга айлантат.
Ооруган аялдар жана эркектер өз убагында дарыгерлерге көрүнүп дарыланышса, таза айыгып кетишет. Ооруган адам эч качан өзүн-өзү дарылабашы кажет. Себеби сүзөктүн микробдору ар кандай дарыларга көнүп калат да, оору айыкпайт. Андыктан ооруну дарыгер гана айыктыра алат.
СҮЗӨКТӨН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?
Сактануунун жолдору:
-
Бейтааныш адамдар менен кокустан болуучу жыныстык катнаштан таптакыр баш тартуу;
-
Бүткүл денени жана жыныс органдарын самын менен жууп, таза кармоо;
-
Жыныстык катнашта презервативди сөзсүз колдонуу;
-
Арак ичүүнү, баңгиликти токтотуп, мас абалда жыныстык катнашка барбоо;
-
Бир эле мезгилде аялдар менен да, эркектер менен да жыныстык мамиле курган эркектерден, аялдардан качуу;
-
Кокустан жыныстык катнаш болуп калса, эркек токтоосуз заара ушатып, колун самындап жуушу керек;
-
“Алигисин”, умасын, такымын, санын, калта менен көтөн чучуктун ортосундагы тилкени жылуу суу менен самындап жуу;
-
Кургагандан кийин бир үзүм пахтаны 0,05% хлоргексидин эритмесине малып туруп, жогорку айтып кеткен жерлерин тыкандык менен сүртүп чыгуусу;
-
Эсмарх кружкасына 0,05% хлоргексидин биглюканат эритмесин куюп, “алигинин” ичиндеги каналды жууп чыгуу.
(Уландысы кийинки саныбызда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.