Нурзат Токтосунова, алпаруучу: «ЖАШООДО ӨЙДӨ-ЫЛДЫЙ КҮНДӨРҮМ КӨП БОЛБОГОНДО ӨСПӨЙТ ЭЛЕМ»

«Бир нерсе үйрөнөм деген адам «мен эч нерсе билбейм» деген ойдон башташ керек» дейт Заманыбыздын супер алпаруучусу Нурзат Токтосунова. Бул аптанын каарманы менен дүйнө элинин тынчын алган вирус, инсандык баалуулуктар, тагдыр тууралуу кенен маек курдук.

– Саламатсызбы, Нурзат? Дүйнө эли пандемия коркунучунда оор күндөрдү баштан кечирип жаткан маалда эмне менен алексиз?

– Саламатсыздарбы? Азыр адам баласы эмес, Жер тазаланып, эс алып жатат. Күнүмдүк турмуш менен алпурушуп жүрүп жер жүзүндө тынчтык болбой калган экен. Жер, аба, суу тазаланып, адамдардын аң-сезими эс алып жатат. Жаратканыбыз «үй-бүлөңөрдү карагылачы, отургулачы» деп айткандай болду. Албетте, экономикалык тарабы башка маселе деңизчи, бирок Кудайдан берилген бул күндөрдү пайдалуу колдонуп, жакшы сабак алууга аракеттенүү керек. Бош убактыңарды адам баласына көңүл буруп, бир-бириңерди сүйүүгө, жеке инсандык сапаттарыңарды өнүктүрүүгө жумшагыла дейт элем. Үйдө жасалбай жаткан иштердин баарын аткарып, окулбай жаткан китептерди колго ала турчу мезгил келди.

– Жасалбай келген иштер сизде да бар бекен?

– Аябай көп экен. Кечээ кечке отуруп алып бүт формаларымды жөнгө салдым. Топчусун кадап, тикчүсүн тигип дегендей. Айылдан энем чалып, «ии, сайма сайып эле үйдөн чыкпай калдыңар?» дейт. «Эне, сиздин тилегиңиз орундалып, мына, кыздарыңыз үйдө отуруп калды» деп күлдүм. Энем дайыма «менин кыздарым көчөнүн кыздары, үйдө отурушпайт» дейт, кыялында биз да өзүнө окшоп үйдө шырдак шырып отурганыбызды каалачу.

– Экономикалык жактан жеке сизге кандай таасири тийип жатат?

– Жакында эле жоолук салындым. Жашоомдогу бул бурулуштун алдында «мен эми ичкилик болгон жерлерге жолобойм, тойлордун көпчүлүгүндө ичкилик бар» деп, Кудайдан «мындан ары азыгымды таап жей турган башка булак көрсөтчү» деп сурангам. Чоң акча таап көнүп калгансың да. Бирок жолдошумдун тапканы, курстарым, онлайн окууларым менен ачка калбасымды түшүндүм. Азыркы абалда деле эл ичинде көрө жатарбыз деген ойдомун. Элдин башына түшкөндү бирге көрөбүз. Эгер чынында эле каатчылык келе турган болсо, сенин жыйнап койгон 30 кап унуң куткарбайт. Баласы ачкадан ыйлап жаткан бирөө келип бир кабын тартып алат.

– Үйдө отуруп калгандарга өзүңөрдү өнүктүргүлө деп жатасыз. Өзүн өнүктүрүү деген сиздин көз карашта эмне?

– Өзүн өнүктүрүү – бул жашоону татыктуу алып кетүү. Сандаган негатив ойлордун арасында жүрө берип өмүрдүн өтүп жатканын сезбегендер канча? Андан көрө жаман иштерден, ойлордон, адаттардан силкинип, өз жашооңду бактылуу кылып, жаныңдагы адамдарга бакыт тартуула. Эски ой, эски жашоо менен калбашыбыз керек. Ар бир адам күн сайын өзүн курчутуп турушу зарыл. Ал үчүн сырттагы эмес, ичтеги күчтөр менен күрөшүү керек. Дайыма өзүңдү бир нерселерге мажбурлап туруш керек. Мисалы, бүгүн мен йогага араң турдум. Жалкоолонуп жата бергиң келет. Бирок мен йога менен машыксам остеохондроз болбоорумду билем да. Ошол себептен өзүмдү мажбурладым. Инсандык өнүгүү, башкача айтканда, аракет кылып, жамбашты жумшак дивандан көтөрүп, айтор, бир нерседен баштоо.

– Бирок бир ишти баштоо ойго келгени менен, ага чыгынуу кыйын. Мисалы, спорт менен машыгууну, китеп окууну баштоо.

– Сен ачка болсоң туруп барып тамак жейсиң да. Анын сыңары азыркы жашооңду өзгөрткүң келип жатса ордуңдан туруп биринчи кадамды жасашың керек. Ал эми китеп жаатында жапондордо «бир мүнөт» деген жакшы нерсе бар. Китеп окууну адат кылгың келсе, күнүгө белгилүү бир саатта бир мүнөт китеп окуйсуң, 21 күндөн кийин карасаң, бул нерсеге өзүң тартылып каласың. Мына, азыр үйдө эмне кыларды билбей отурабыз деп жатабыз. Болгону системалуу түрдө план түзүп алуу керек. Саат 7де спорт менен машыгам, 9да китеп окуйм, 11де үй жыйнайм деген сыяктуу.

– Адамдарды өнүктүрөм, билим берем деп жан үрөп келесиз. Андан сиз эмне табасыз?

– Менин жаным кейиген нерсе – ошол эле социалдык тармактагы баракчалар аркылуу негативдин көптүгү. Сенин ар бир сүрөтүңдөн, жазган кебиңден, дегеле сенин бар экениңден кыйкым таап турушат. Көптөгөн адамдардын негативи ашып-ташып, интернет аркылуу сага жетип жаткан болсо, демек, бизде бактысыздар көп. Ал адам бактылуу болгондо мени сындап, жамандап убара тартмак эмес. Кайсы бир учурда мен да бактысыз элем да, ал кезде менден маселеси көп адам жоктой сезилчү. Элдин баарынан күнөөнү издей берер элем. Анан качан гана өзүмдүн тагдырым өзүмдүн колумда экенин түшүнүп, изденип баштаганда өткөн күндөрүмдү эстеп жылмайчу болдум. Аз эле калкпыз. Бири-бирибизди ушактап жашагандан эмне таптык? Ооба, мындан мен миллиондорду таппайм. Болгону айылдык кыз болуп калганым үчүн түйшүктөнүп, бирөөлөргө кам көрүп турганга көнгөм. Айылдын эле мага окшогон балдары резиденцияда президенттердин алдында сүйлөсө дейм. Адам адамга таасир бере алат, шыктандыра алат, кимдир бирөө мени көрүп жакшы нерсеге умтулган болсо – ал менин жеңишим. Адамдар менен иштешкенди жактырам. Бара-бара психолог боло баштайт экенсиң. 4-кесибим кылып психолог тармагында билим алсам деп жүрөм.

– Философия илими боюнча кандидаттыкты жактайм дедиңиз эле...

– Илим деген оңой көрүнгөнү менен, аябай терең нерсе экен. Бул ишти жазуу менен алектенип жүргөнүмө үч жыл болот. Бирок аягына чыга элекмин. Буюрса, ал да болот.

– Жашоодо кыйынчылыктарды кантип жеңесиз?

– Негизи эле мени курчаган адамдарга абдан ыраазымын. Жашоодогу кыйын күндөрүмдүн биринде режиссёр Эрнест Абдыжапаров менин колумду кармап туруп «Нурзат, сен кайгырбай белиңди бекем буу. Бул маселеден чыгуунун 2 эле жолу бар: биринчиси – мындан да бактылуу болосуң, экинчиси – мындан да ийгиликтүү болосуң» деген. Ошол сөздөр үчүн ыраазымын. Кыйынчылыктарды жеңүүнү ыраазычылыктан баштоо керек. Кандай гана сыноо болбосун ал мен үчүн сабак. Жашоодо өйдө-ылдый күндөрүм көп болбогондо өспөйт элем. «Болот кантип курчуйт?» деп бекер айтпайт экен да. Болгону жашоо сени курчутуп жатканда сынып калбашың керек. Сенин кыйындыгың – 7 жолу жыгылсаң, сегизинчисинде да туруп кетүү. Жашоодо өзүмдү таштап коюудан куткарган досторум бар. Себеби алардын сага болгон ишенимин актабай коюуга жол бербейсиң.

– Урулуп-согулуп жатып курчудум деп жатпайсызбы. Көпчүлүк зор кыйынчылыктар менен жеткен нерсеге оңой эле ээ болгон айымдар да бар эмеспи. Дегеле аялдык тагдыр эмнеден көз каранды деп ойлойсуз?

– Менимче, тарбиясынан. Кээ бир бала түйшүккө малынып чоңойсо, кээ бири маселеси жок, бейкапар чоңоёт. Психологияда деле кичинеңде ата-эненин, бир туугандардын, мугалимдин жасаган мамилесинен баланын кийинки турмушу көз каранды делет.

– Бул жаатта сиз кандай турмуш күттүңүз?

– Кичине кезимди эстесем, 90-жылдардагы жокчулукта чоңойдум. Өзүмдү деле көп ойлочу эмесмин, энеме бир нерселерди алып берсем экен деп намыстанып ийгиликке жеткенге туура келиптир. Анан да жайлоого кете албаган, баса албаган чабыр козуларды кайтарчумун. Курбум Жазгүл Жамангулова «сен азыр да ошол чабыр козулар менен алексиң. Ошолорду коомго кошууну көздөп дайыма эле бирөөлөргө жардам берем деп жүрөсүң» деп калат.

– Жашоодо арманыңыз барбы?

– Жашоодо арманым жок. Жашоомдогу ар бир адамга ыраазымын. Ошол окуя ошол учурда болмок, болгон үчүн азыр ушул жерде отурам. Турмуш соккусун көп көргөн адам андай соккуларды тоготпой калат экен. Эми менин жашоомдо кайсы бир окуялар болуп кете турган болсо, жөн гана туруп, этегимди силкип басып кете турган деңгээлге жеттим.

– Келечекке кандай максаттарыңыз бар?

– «Нур» университетин ачуу, дагы эки эркек бала төрөө, коомго пайдалуу, бактылуу аялзаты болуу.

– Үй-бүлөдө баары жакшыбы? Сиз эне болгондон бери сүйлөшө элек экенбиз.

– Кудайга шүгүр, баары сонун. Мурда бирөөлөр баласынын сүрөтүн көргөзүп эле жыргап жатса ичимден «ушунун баласы кимге кызык?» деп койчу элем. Көрсө, өзүңдүн балаң өзүңө укмуш сезилет турбайбы. «Карагылачы, эмне деген моюн, эмне деген көз?!» деп койсом эле, эжемдер күлүп калышат «же кызынын моюну болсочу» дешип. Мурда башка бакыттарды сезип келсем, эми баарына теңегис энелик бакытты сезип жатам.

Чолпон Сүйүнбаева
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Paprikafm
2020-03-30 09:43:48
Мм бактылуу бол
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-03-30 12:32:14
Эне болуу башкача бакыт экен.
+4
Aimani
2020-03-30 13:01:10
Азаматсың. Талыкпай эмгектенип, дайыма иш үстүндө. Өмүрлүу, бактылуу бол
+1
Mirlan27011987
2020-03-30 13:35:52
Ушул кыргыздын жаш кыздарынын хиджаб, паранджа оронуп алганын колдой бербейм. Жаш болгондон кийин кыздар жакшынакай болуп, чачтарын жасап жургондору кандай сонун. Козго да жакшы корунот. Нурзаттын оронбогон мурдагы жузу абдан жакшы болчу, сулуу корунчу. Чачтары узун болуп сулуу корунчу. Азыркысы башкча.
+3
saipi
2020-03-30 13:55:31
Mirlan27011987, ошол сулуулукту Аллах эч кимге корсотпогуло деп буйруган да. Күйөөсүнөн башка эч ким корбош кк.
+6
ika8086
2020-03-31 10:51:56
Mirlan27011987,жакындарын карышкырга жем кылып бергендей эле тушунуп койдум сенин жазганынды.
+1
arimaz89
2020-03-30 16:11:51
Кыргыз жаштарын, айымдарын өстүрүүгө зор салым кошуп жүрө бериңиз, ийгилик!
-1
erkeleim
2020-03-30 16:24:29
Йога эмес Намазга тур. Остеохондроз, миокарда, коздун коруусун жакшыртып жан дуйнону тазалайт!
-2
temirov76
2020-03-30 22:21:48
erkeleim,Акырын акырын барып намазга да тургудай го,кантсе да ишине ийгилик каалайлы.
+4
sinej
2020-03-31 09:13:17
erkeleim,ХХХХХ йога менен машыккыла. Йога пайдалуу.
+2
Nurbany
2020-03-30 22:20:48
Баары эле акылдуу Айгеримден таяк жебей соо жур
-7
sinej
2020-03-31 09:12:26
Динге берилгендер чал кейпин кийип алышат экен.
+1
pero5184
2020-03-31 19:03:10
Оронгону жакты сулуу көрүнүп калат экен,бирок үйүңдө бул жоолугуңду чечип жасанып жүрсөң керек иншаллах.
0
nurhan2702
2020-04-03 12:03:11
pero5184, сулуу корундум деп эле суротун ар тарапка жая береби. Чын дилинен Исламга берилсе суротко да тушпош керек. А бул озун реклама кылып 99 суротун жарыялады. Элге корунуш учун кылгандай
+3
Weber29
2020-04-08 10:12:07
Азаматсын Нурзат, кыргызымдын улуттук кийимдери мыкты жарашат баарына,ар дайым бактылуу бол,кызын омурлуу болсун
0
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан