25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал режими киргизилди. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, жарлыкты ушул эле күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында бекитти.
25-марттан тарта аталган аймактарда коменданттык саат жарыяланып, коменданттык саат учурунда автоунаалардын кыймылына, жарандардын көчөдө жүрүүсүнө толук тыюу салынат. Бишкекте коменданттык сааттын убактысы кечки саат 20:00дөн таңкы 07:00гө чейин деп белгиленди. Бул талапка баш ийбегендерди күч органдары кармап, убактылуу камакка алышат.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөмбиев жарандарга “айылчылаганды, жөн эле сейилдегенди токтоткула” деп эскертти.
Өзгөчө абал режими тез чараларды кабыл алмайынча токтотуу мүмкүн болбой калган оор кырдаалда гана киргизилет. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тийиштүү мамлекеттик органдардын чамасы жетпей баратканда ыкчам башкарууну Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы колго алат. Башкача айтканда, кырдаалды жөнгө салууга аскердик күчтөр тартылат. Бүгүнкү күндө башкы себеп – өкмөттүн шалаакылыгынан улам өлкөдө коронавирустун жайылышы, анын күч алып баратышы жана элдин кенебестиги. Бийликтин “үйдөн чыкпа” деген эскертүүсүнө көпчүлүк жетиштүү маани бербей, бет капсыз көчөдө ары-бери баскандардын аягы тыйылбай жатат. 24-мартка карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 42, дагы 100 адамдын анализдери текшерүүдө экени, мындан тышкары 585 адам обсервацияда экендиги айтылды. Кейиштүүсү – вирус жуктуруп алган деген шек менен текшерилип жаткандардын катарында наристелердин да бардыгы.
Эгемендүү Кыргыз тарыхында үчүнчү жолку өзгөчө абал режими киргизилди. 2010-жылы Апрель революциясында, ошол эле жылы Июнь коогалаңында да айрым айрым аймактарга өзгөчө абал режими киргизилип, тартип орнотууга куралдуу күчтөр тартылган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg