Равшан Жээнбеков: “24-МАРТ РЕВОЛЮЦИЯСЫНДАГЫ ҮМҮТТӨР УУРДАЛЫП КЕТТИ”

Учурда камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков 24-март революциясына карата билдирүү жасады. 2005-жылы Аскар Акаевдин бийлиги кулаган тушта Равшан Жээнбеков оппозицияда болчу. Билдирүүсүндө андагы элдин үмүтү эмне үчүн ишке ашпай калганын айтып берди.

Саясатчы 24-март окуясынын алдында оппозиция өкүлү катары бийлик менен сүйлөшүүгө барганын, анда бийликке “президент Акаев кайра шайлоого барбайм деп жарыя кылсын” жана “шайлоо жыйынтыгы бурмаланган округдарда кайра шайлоо өтсүн” деген эки талап айтылганын, буга Ак үй макул болбой койгонун айтат. Кайра шайлоо өтсүн деген аймактар Равшан Жээнбеков, Курманбек Бакиев, Акылбек Жапаров өңдүү саясатчылар талапкер болуп өтпөй калган округдар болгонун белгилейт.

24-мартта Акаевдин авторитардык бийлиги кулатылып, элдин үмүтүн актоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айткан Жээнбеков “Тилекке каршы, ал үмүттөр, максаттар ал убактагы бийликке келген оппозициянын лидерлери аркылуу уурдалып, ишке ашпай калды. Бийликке келген топ демократиялык реформаларды жасап, маанилүү өзгөрүүлөрдү ишке ашырбастан, жеке үй-бүлөлүк бийлигин бекемдеп, байлык топтоо менен гана алек болду. Тарых көптөгөн президенттерге, саясий лидерлерге, премьер-министрлерге өлкөбүздү өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берди. 30 жылдын ичинде бардык президенттер ал мүмкүнчүлүктү пайдалана алышкан жок”,- дейт.

Саясатчы үмүтү уурдалып жатканына карабай эл адилеттик үчүн күрөштү улантышы керек деген пикирде.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан