БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Түнү менен рулда болгондуктан катуу чарчаган экенмин, бөлмөгө кирип жаздыкка башым тиери менен уйкуга кеттим. Ойгонсом саат төрттөн өтүп калыптыр, «эс алсын» дешкен го, эч ким ойготкон жок. Уйкусураган бойдон бөлмөдөн чыксам Адыл ага мени күтүп отуруптур:

– Самат, азыр машина алып келишет, чыгып көрүп ал. Эртең бир-эки жерге барып келишиң керек болот. Биз бүгүн түндө көчөбүз, сен убактылуу ушул үйдө каласың, байланыш телефон аркылуу болот.

Таң кала түштүм, мен көз ирмеп турганча ушунча иштерди бүтүрүп жибердиби? Ким алып келет машинаны? Эч бир ишенимдүү кишиси калбады эле го.

– Аудини эмне кылабыз?- дедим оюмду жыйнап.

– Аудини жок кылышты, ал машина Карагандада көзгө түшүп калган болушу мүмкүн. Самат, эми иштерди бир жаңсыл кылмайынча бир аз чуркап коюш керек болот. Макул, азыр тамактанып ал, калганын анан сүйлөшөбүз.

Каныш апа бир табакка толо балык кууруп коюптур, жеп отурсам Асел кирип келди. Басканынан эле тааныгам. Унчукпай, ага көңүл бурбаган киши болуп тамактанып отура бердим. Бир топко мени тиктеп турду.

– Эмне, менин тамактанганымды биринчи көрүп жатасыңбы?- дедим аны жактырбаган түр менен.

– Биз чет өлкөгө кетет экенбиз,- үнү калтырап чыкты. Жүзүнө карадым, ыйлагысы келип жалооруй тиктеп туруптур. Бул адаттагыдан башкача көз караш эле. Мени жактырып калганын, болгону буга чейин сыр бербей жүргөнүн билдирип койду алсыз кыз. Менчи? Мен деле ага көңүл кош эмес экенмин. Жүрөгүм «зырп» дей түштү. Алгачкы жолу апам менен коштошуп Казакстанга иштегени кетип жатканда жан дүйнөм бош калгансып жаман болгом. Азыр Аселдин «чет өлкөгө кетет экенбиз» деген сөзүн укканда да ичим уйгу-туйгу болуп кетти. Канчалык өзүмдү кармап, андан оолак болууга аракет кылганым менен, Аселди жактырып калганымды сезип турдум. Кызык, эмне кылышым керек эми? Жүрөгүм дүкүлдөп, ар бир согушу кулагыма угулуп жатты. Ордумдан тура калып кучактап, сооротуп, көзүндөгү жашын сүртүп, сезимдеримди айтып жиберишиме аз калды. Дагы бир аз унчукпай турганда, балким, айтып салмакмын, Асел сөзүн улантты:

– Эртең кетет экенбиз, ошол бойдон кайра качан келерибиз белгисиз.

Сөздү тамашага бурдум:

– Чын эле кетет бекенсиңер?

– Ооба, эмнеге?

– Жөн эле, менин да үнүм Кудайга жетиптир да.

– Эмне болгон үн эле?

– Сенден кутула турган да күн болот экен дейм. Эртерээк эле жөнөй берсеңерчи, самолётуңар учуп кетип, калып калба,- деп мыскылдай күлдүм.

Асел бөлмөдөн чыгып кетти. Тамашалайм деп таарынтып алдым окшойт, кайра жаман боло түштүм. Столдун үстүн жыйнап жатсам Адыл ага келди:

– Аселге эмне болду?

– Билбейм, эмне болуптур?

– Бөлмөсүнө кирсем ыйлап отуруптур, сурасам айтпай койду. Апам аны өтө эрке өстүрүп койду. Мейли, ыйлап, ыйлап басылар. Баягы «Омега» деген дүкөндү билесиң да.

– Билем.

– Ошонун алдында BMW турат, кара түстө, номери бул кагазда жазылуу. Ошол сеники, барып минип кел. Ачкычы бардачокто.

Барсам туруптур, капкара, айнектери да караңгылатылган жол тандабас экен. Дөңгөлөктөрү да жапжаңы, жаркырайт. Трассага чыгып газды болушунча бастым, жулкунат тим эле. Үйгө шашылып жөнөдүм, кете элегинде Аселди дагы бир жолу көрүп калсам деп келе жаттым. Жетип барып үйгө атып кирдим, коридордо чемодандар туруптур. Демек, чын эле кетип жатышыптыр да. Каныш апа менен Асел башка жүктөрүн салып жатышкан экен, Асел мени тиктебей жатты. Ансайын көзүмө башкача сулуу көрүнүп, «сени эч жакка жөнөтпөйм» деп жетип барып кучактап алгым келип турат. Өзүмдү кармадым, анын бөлмөсүнө кирип диванга сулк куладым. Сезимим ойгонуш үчүн Асел сөзсүз менден алыска кетиши керек беле? Эмне үчүн 2 ай же 2 күн мурун эмес, бүгүн? Оюма ар нерсе келип жатты. Бөлмөгө чакырып келип жактырып калганымды айтсамбы? Айткан менен эмне өзгөрмөк эле, Адыл аганын чечими үйдөгүлөргө мыйзам. Аңгыча коридордон Адыл аганын үнү угулуп калды:

– Апа, машина келди, болгула. Регистрациядан кечигип калбагыла. Асел, жетериңер менен мага чалып койгула, макулбу?

Коридорго атып чыктым, Асел экөөбүз тиктеше түштүк. Жанагы эле жалооруган көз караш. Коштошуп чыгып кетишти, аңгыраган үйдө Адыл ага экөөбүз кала бердик. Ошол эле түнү 5 адам келип Адыл аганы бир машинага салып кетишти. Кетерде Адыл ага:

– Самат, мага бир ишке жардамың керек, апамдарды караганы сенден башка ишенгеним жок. Азырынча бул жакта иштер бар, андан кийин апамдардын артынан барып абал жакшыргыча ошол жакта жүрө турасың. Өзүм чалам, телефондо бол,- деди. «Апамдарды карай турасың» дегенде сүйүнүп кеттим, бирок байкаткан жокмун. Аселди, алдыда жакшы мүмкүнчүлүк турганын элестетип маанайым көтөрүлө түштү. Эртеси саат тогузда Адыл ага чалып, мени аэропортко жөнөттү. Бир адамга жолугуп, ошонун айтканын кылат экенмин. Аэропортто айтылган жерде турсам бир орус келип, өзүн Саня деп тааныштырды. Мага чоң чемоданды карматты да:

– Эртең саат үчтө «Мир» кинотеатрынан жолугабыз. Ошол жердеги киосктун жанында тур,- деп кайра кирип кетти.

Эртеси үчтө келди, колунда материалга оролгон узун нерсе, жонунда рюкзак. Машинага отуруп, рюкзагынан «Алматы ТВ» деген жазуусу, эмблемасы бар куртка, кепка алып чыгып мага сунду:

– Кийип ал, экөөбүз эми ушул телеканалдын кызматкерибиз, түшүндүң да. Сен менин жардамчымсың, «Алматы ТВ да» операторсуң, бул бейжик, бул күбөлүгүң. Азыр Карагандага жөнөйбүз. Түндөп жетсек, эртең акимиңерге «каюк»,- деп күлүп койду.

Түндөп жол жүрдүк. Жаңы аким Санянын автоматтык дарбаза жасоочу ишканасын тартып алып, өзүн кысымга алып баштаганда качып кетиптир.

– Жакында чоң иштер башталат, булардын түбүнө жетебиз. Ал убакта мен жалгыз элем, азыр Адыл бар. Буларды «умно» жок кылабыз,- деп жолдо башынан өткөргөн оор күндөрдү айтып келе жатты.

Көрсө, план мындай экен: Тиги чемодандагы самолёттун корпусундагы калың металлды «жаракасы барбы, жокпу» деп нур менен текшерүүчү аппарат экен. Ошол аппарат кадимки телеоператорлор көтөрүп жүргөн видеокамеранын ичине орнотулуптур. Аким эртең бир имараттын ачылыш аземинде сөз сүйлөйт. Тиги видеокамераны акимге туштап буруп иштетсе зыяндуу нур акимдин денесине өтүп, нур абдан зыяндуу болгондуктан, ал бир айга жетпей ооруп каза табат имиш. Уккан кулагыма ишенип-ишене албай бара жаттым. Саня болсо «карапайым элди эзип, ырыскысын уурдаган чиновниктердин өзүнө жараша жооп кылыш керек» деп сөгүнүп жатты.

Эртеси аким бир чоң соода түйүнүнүн ачылышына келди. Эл көп, Саня экөөбүз трибуна даана көрүнө турган жерге жайгашып, аким сүйлөй турган учурду күтүп жаттык. Башкысы, абайлаш керек, зыяндуу нур эч бир адамга тийбегидей болушу зарыл. Башталды, адегенде алпаруучу соода борборунун өкүлүнө жана инвестор деген бирөөгө сөз берди. Үчүнчү Караганданын жаңы акимине сөз беришти. Орто бойлуу, толмоч киши экен. Көздөрү заар чачып, жүзү жагымсыз көрүндү. Саня видеокамераны ага каратып бир кнопканы басты да, саатынын секундомерин карап калды. Бир маалда мен жакка эңкейип «всё, каюк этому уроду» деп шыбырады. Ошентип ал жердеги ишибизди бүтүп, шек алдырбай чыгып кеттик. Ошол эле күнү түндөп жол жүрүп Алматыга жетип келдик.

Эртеси үйгө 6 бала келип «Адыл ага акчаларды, документтерди алып келгиле деп жөнөттү» дешти. Төрт машинада барып тоодогу баягы сарайдан куралдарды, акчаларды, документтерди алып келдик. Бул арада Адыл агага издөө жарыяланды. Анын сүрөтү теледен, гезит-журналдардан түшпөй жатты. Ошентип чет өлкөгө, Каныш апа менен Аселге учмай болдум. Билет алып коюшуптур, из жашыруу аракети го, биринчи Киевге, ал жерден Стамбулга, андан ары Грециянын Ханья деген шаарына учтум. Каныш апа менен Асел жайгашкан үйгө жакындаганда жүрөгүм дүкүлдөп чыкты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
KaGaH
2020-03-30 11:21:53
Китебин кантип тапса болот?
+5
akmanai
2020-03-30 15:04:21
Айткам. Кайталанма сюжет. Асел экоо бирин-бири жактырып калаары окурмандарга кун мурунтан белгилуу болуп калды болчу. Ошентсе да жакшы чыгарма. Дагы осууну, бийиктерге умтулууну каалайм авторго.
+1
Shef87
2020-03-31 20:19:02
Бул жомок өзү издөөдө жүрдү эле аэропорттон кантип чыгып кетти дейм да
0
Salamandra
2020-04-06 13:00:17
Ошондо бул жуманыкы чыкпайбы?
+1
pochtalyonin
2020-04-06 14:18:31
Salamandra, ошондой окшойт го
0
admin_portal
2020-04-06 14:55:18
“Супер-Инфо” гезитинин редакциясы 30-марттан тартып 15-апрелге чейин өз ишин убактылуу токтотот. Бул аралыкта гезит жарыкка чыкпайт.
Себеп – өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал, элдин коопсуздугу жана өлкөнүн негизги шаарларына жана айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими. Түзүлгөн абал жөнгө салынганда “Супер-Инфо” окурмандарын жаӊы дем, жагымдуу жаӊылыктар менен кубантууга даяр. Бүгүнкү кырдаалды гезиттин көп жылдан берки туруктуу окурмандары туура түшүнөт деген ишеничтебиз!
+1
aydinnur
2020-04-07 20:14:47
admin_portal,давайте анда мобуну электрондук толук вариантын саткыла,Жаныбек Жанызак байкече жоксунарбы ыя?
+1
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан