Өткөн аптада “ажы башчылыкка каттоо башталды” деген маалымат тарап, элдин үрөйүн учурду. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети Кыргыз жерине Сауд Арабиясына кичи ажылык зыяратына баргандар аркылуу кирип, учурда өлкөдө кооптуу кырдаал түзүлдү. Ушундан улам коомчулук “азыр ажы башчыны тандай турган маалбы?” деп муфтиятты катуу сынга алды. Мындан кийин муфтият бул аракетти токтотууга аргасыз болду.
24-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөдө өзгөчө абал жарыяланганына байланыштуу 2020-жылкы ажылык зыяратка каттоо иши белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирди.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg