Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу футбол боюнча Кыргыз Премьер-Лигасы 8-майга чейин токтотулду.
Өзгөчө абал режимине байланыштуу Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.
Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал жарыяланган Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант болуп дайындалды.
Өлкөдө ички темир жол каттамдары убактылуу токтотулду.
Малик Нурдинов Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалды.
Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүүнү каалагандар үчүн ачылган Каржы министрлигинин атайын эсебине түшкөн акчанын суммасы 24-мартка карата 11 миллион 300 миң сомду түздү.
Ун өндүрүүчү ишканаларга 800 миллион сом насыя берилди.
25-марттан тарта өлкөнүн ички аба каттамдары токтотулду.
24-мартка чейин өлкөдө 8 миллион 397 миң 447 чарчы метр аймак дезинфекцияланганы айтылды.
Ошто "коронавирусту бийлик ойлоп тапкан" деп жалган маалымат тараткан адам кармалды.
Өкмөт жашоо үчүн зарыл дарыларды жана медициналык буюмдарды өлкөгө убактылуу мамлекеттик каттоосуз ташууга уруксат берди.
Таласта ар бир айылга санитардык-карантиндик посттор коюлуп, кирип-чыккандар дыкат көзөмөлгө алынууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.