Тест
Купулга толгон жигиттин гүлүн тандап алуу деле кыздар үчүн оңой-олтоң иш эмес. Бир жигиттин мүнөзү жакса, келбети жакпайт же тескерисинче болуп калат. Мына ошентип жүрө берип, убакыттан жеңдирип ийгендер көп. Ал эми алдыдагы тест сизге кандай типтеги мырза жагарын аныктаганга көмөктөш болот.
1.Сен мамиле курам деп жүргөн жигиттердин бирин үйүңө алып келгенде апаң...
А) Эшиктен кирери менен кабагы түйүлүп, өзгөрө түшөт.
В) Ал жөнүндө сын айтып, капа болот.
С) Анын тамашаларына кошулуп, боору эзилгиче күлөт.
Д) Анын алып келген белектерин мактап-жактап калат.
2.Сенин көздөп жүргөн жигитиң ичимдиктин кайсы түрүнө басым коёт?
А) Сыра.
В) Арак же коньяк.
С) Коктейль.
Д) Эч нерсе ичпейт.
3.Кечелерде сенин көңүлүңдү бурган мырза...
А) Жөн отурбай ар кимге көз кысып тийише берген мырза.
В) Элге көп кошула бербей отурган жигит.
С) Тамашалап, элдин маанайын ачып отурган мырза.
Д) Бойдок кыздарды ар кимге эле жабыштыра берген жигит.
4.Сен үчүн идеалдуу жолугушуу бул...
А) Театрга баруу жана ресторанда тамактануу.
В) Курсакты тойгузуп, айдын шооласында сейилдөө.
С) Кафеде тамактанып, анан киного баруу.
Д) Кафе жана кечки клубда бут жооруганча бийлөө.
5.Кандай гүлдесте алганды жактырасың?
А) Гвоздика.
В) Роза.
С) Талаа гүлдөрүн.
Д) Орхидея.
6.Эгерде сенде мультфильм каармандары менен жолугуу мүмкүнчүлүгү болсо кимди тандайсың?
А) Мышык Леопольдду.
В) Күлгүн кабыланды.
С) Винни Пухту.
Д) Карлсонду.
7.Коомдук жерлерде жүргөндө анын кайсы кыймыл-аракети сага жагат?
А) Бетиңден өпкөнү.
В) Дайыма колуңдан жетелеп жүргөнү.
С) Жамбашыңдан акырын кармап алганы.
Д) Көзүңдөн көзүн албай тиктей бергени.
8.Сага кандай бут кийим кийген мырза жагат?
А) Классикалык туфли.
В) Ботинка.
С) Кеды.
Д) Жалтырата майланган модалуу туфли.
9.Кыялыңдагы мырза кандай китеп-журналдарга кызыгат?
А) Детективге.
В) Гезиттерге, андагы жаңылыктарга.
С) Эркектердин журналына.
Д) Белгилүү жазуучулардын чыгармаларына.
ЖЫЙЫНТЫГЫ
Жоопторуңузда кайсы тамга басымдуулук кылды? Анда ошол тамгага карата кандай мырза сизге жагарын аныктаңыз. Ошону менен бирге эле биздин шоу-бизнестеги бойдоктордон ким кайсы типке кирерин да билип алыңыз.
А ТАМГАСЫ
Сизге жөнөкөй жигиттер керек. Сиздин мырзаңыз ата-энеңиз менен эне-баладай мамиледе болуп, дайыма жагымдуу жылмайып туруусу керек. Ошондой эле ал стабилдүү жумуш менен алектенип, мансапка жулунбайт. Мындай типтеги мырзалар эч качан айымдардын көңүлүн калтырбайт. Мисалы, ырчылар Акбар Сүйүнбаев, Ильяз Абдыразаков, Ильяз Андаш, Кумар Асанов бул тизмеде.
B ТАМГАСЫ
Сизге өтө романтикалуу мырзалар жагат. Алар керек болсо сүйүүсүн жүз аарчыга жазып да билдиришет. Ошондой эле өтө патриот келишет. Өрт чыккан жерге ойлонбостон аттанып кетүүгө дайым даяр. Мындай мырзалардын мүнөзүндөгү сырдуулук кыздарды бат эле кайырмакка илип алат. Башкача айтканда, кыздарды кылгырып карап, табышмактуу дүйнөгө азгыра алышат. Биздин бойдок жигиттерден мындайларга Добр, Азамат Эркинбаев, Эрмек Нурбаев кошулат.
C ТАМГАСЫ
Сизге маанайды чөгөргөн кандай кырдаал болбосун тамашасы, анекдоттору менен көңүлдү ачып кеткен мырзалар жагат. Мындай мырзанын жанында кандай маселе болбосун унута алат. Албетте, бардык маселелер тамаша менен чечиле бербейт. Мындай учурда сиз тандаган мырза айымдын кеп-кеңешине муктаж болот. Ушундан улам чечүүчү кезде өзүм дей бербей, кеңешип иш кылышат. Ушул мүнөзү менен жашоодо көп сынышпайт. Элге таанымалдардын ичинен бул типке Айдин Шер, Дайыр Исмадияров кирет.
D ТАМГАСЫ
Сизди харизмалуу, келбети менен башкалардан айырмаланып турган мырзалар тартат. Ошол себептенби, айтор, “Д” тамгасынын ээси болгон мырзалар бардык кыздарга бирдей мамиле жасаганга аракет кылышат. Чындап кимди сүйүп жатканын билдирбегенинен улам мындай мырзалардын артынан “мени сүйөт” деп жүргөн кыздар көп. Бул топко бойдоктордон Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков жана Оманы киргизүүгө болот.
Астра Айдарова
erotika@super.kg