БЕГИМАЙ БЕКБОЕВА КӨЗ ЖАРДЫ

Ырчы Бегимай Бекбоева 22-март күнү тун наристесин жыттап, эне болуу бактысын сезди. Кубанычтуу кабары тууралуу ал буларды айтып берди:

– 22-мартта Канттагы төрөт үйүндө кесарево жолу менен көз жарып, уулдуу болдум. Балам салмагы 2 килограмм 600 грамм, бою 49 сантиметр болуп төрөлдү, ден соолугу жакшы. Операция жолу менен төрөгөндүктөн бир аз кыйналып жатам. Бирок баламды жаныма алып келип беришсе, оорумдун баары унутулуп жатат. Эне болуу ушундай жакшы сезим экен.

Баламдын атасы жумуштары менен чет өлкөдө. Жаңылыкты угуп, аябай кубанды. Айдын аягында келем деп жатат. Экөөбүз тең уулубузга ысым тандап жатабыз.

Эске салсак, ден соолугуна байланыштуу сахнадан алыстап кеткен Бегимай Бекбоева былтыр жазында башынан шишик алдырган. Андан кийин ал Лейлекке келин болгонун кабарлаган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
katerina.li
2020-03-30 10:12:31
Таажыбек коюп койсун атын
-4
N.mira
2020-03-30 12:45:32
Ар бир ысымдын мааниси бар.балага да таасир берет.ушул таажы дегенди унутайлы кайра кайталанбасын
+2
PrinsessaNuri
2020-03-30 14:05:49
Jakwy boluptur. Baktyluu bologoy.
+1
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан