Ырчы Мирбек Атабеков өзүнүн үй-бүлөсүнүн жана Инстаграм баракчасында уюштуруп жаткан гив-оюнунун демөөрчүлөрүнүн атынан коронавируска каршы күрөшүү үчүн 200 миң сом берерин жарыялады. – Өзүңүздөр көрүп тургандай, учурда дүйнө жүзүндө коронавирус жайылып жатат. Ошого байланыштуу гив-оюнубузду убактылуу токтоттук. Бул кырдаалдан чыгып алгандан кийин жаңы күч менен сиздерге сонун оюндарды ойнотуп, белектерди берип баштайбыз. “Атабековдон бир жылдык гив” тарабынан бардык жоопкерчилик сакталат. Атабековдун үй-бүлөсүнөн, гивдин демөөрчүлөрүнүн атынан коронавируска каршы иш-чараларга 200 миң сом жумшайбыз,- деп ырчы социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялады.