Коронавирустун алдын алуу боюнча өлкөгө 21-мартта өзгөчө кырдаал киргизилсе, 25-марттан тарта Бишкек, Ош шаарлары баштаган 6 аймакка өзгөчө абал режими киргизилди. Тойлор, маданий иш-чаралар токтоп, үйдөн чыкпай отуруш керек болгон маалда жылдыздар эмне менен алек болуп жатканын билип көрдүк. Гүлнур Асанова, ырчы:
– Мага жардам сурап кайрылгандар көп. Айрымдарга маска керек болсо, айрымдар азык-түлүккө муктаж болушууда. Үйдөн чыга албаган, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга керектүүсүн үйүнө жеткирип берүү зарыл болгондуктан үйдө отура элекмин. Өзүм кол кап кийип, маска тагынып, антисептикалык каражат колдонуп жатам. Эшикте кийип жүргөн кийимдеримди үйгө кирерим менен чечип, жууп жатам. 23-мартта кайрымдуулук ишимди бүтүрдүм. Эми үйдөн чыкпай отурам. Көптөн бери бир айлык дарыланууну баштай албай жүргөм. Бир айда ошону ишке ашырам. Аксай Мукамбет уулу, ырчы:
– Өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизгенде көп кабаттуу үйдө жатпайлы деп үй-бүлөмдү алып, Токмокко ата-энемдин үйүнө келгенбиз. Азыр үйдө мал карап, талаа иштерин жасап жүрөм. Айылда деле үйдөн чыкпай, керектүү жерлерди дезинфекциялап, улам кол жууп, керектүү чараларды көрүп жатабыз. Кудай сактасын, элим аман болсун.Айзада Жамгырчиева, алпаруучу:
– Мен Таласка ата-энеме келдим. Улам тамак бышырып жеп, байкемдин балдарын карап, мал карашып, жазгы талаа иштерин жасап жатам. Үйдө отуруп калган жаман экен. Абал бир аз жакшырса эле шаарга барам. Айылда баарыбыз коопсуздук чараларын көрүп жатабыз. Жакында эле бирөө каза болуп, ал жакка эч ким барган жок. Бир туугандары эле акыркы сапарга узатып коюшту. Баарыбыз ден соолукта аман бололу.Анжелика, ырчы:
– Карантин жаңы башталганда кыздарым менен Караколго барып, лыжа тепкенге жетишип калдык. Андан кийин "үйдөн чыкпай отуруш керек" дегенди угуп, кайтып келип үйдө болуп жатабыз. Үйдө чыгармачылык менен алекмин. Ар кандай видеороликтерди тартып, өзүм монтаждап жатам. Композиторлор, авторлор менен онлайн иштешип, ырдын тексттерине буйрутма берип обон жаздырып жатам. Эми кавер ырдап баракчама жүктөп турам. Кесиптештерим менен биргеликте онлайн дуэт аткарып, интернетке жүктөйбүз. Мындан тышкары 40 күндүк марафон баштап жатам. Орусиядагы, Кыргызстандагы диетолог, психологдор менен биргеликте айымдар үйдө отуруп тамак жей берип ашыкча салмак кошуп албашы үчүн көнүгүүлөрдү жасатабыз, туура тамактанууну үйрөтөбүз.