ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРҮҮЧҮ ТАМАК-АШТАР

Лондон университетинин окумуштуулары иммунитетти көтөрүүнүн табигый беш ыкмасын аташты. Алар “ден соолукту чыңдоо үчүн дайыма эле дары-дармек иче берүү орунсуз. Анын ордуна антибактериалдык, антиоксиданттык касиетке ээ, курамында С, Е витаминдери бар жер-жемиштерди, жашылчаларды, өсүмдүктөрдү жана каротиноиддер, омега-3 май кычкылдары бар тамак-аштарды күнүмдүк менюга кошуу керек. Мындан тышкары иммунитетти ачык түстөгү азыктар, жер-жемиштер жана жашылчалар мыкты көтөрөт” дешет. Иммунитетти көтөрүүчү азыктардан түрдүү даамдарды жасап, ден соолукту чыңдоо үчүн бир нече рецепт сунуштайбыз.

АЧЫТЫЛГАН КАПУСТА

Ачытылган капустанын 200 граммы эле адамдын организмин муктаж болгон бир күндүк С витамини менен камсыз кыла алат. Аны салат катары, эт жана оор тамактарга гарнир катары колдонууга болот.

Керектелүүчү азыктар:

• Капуста – 1 килограмм

• Сабиз – 1 даана

• Суу – 1 литр

• Туз – 1-2 аш кашык

• Бал – 1,5 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Капуста менен сабизди жууп-тазалап алабыз. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, капустаны ичке туурап, экөөнү аралаштырабыз.

2. Бул аралашманы таза жуулган банкага ныктап салабыз.

3. Сууга туз менен балды кошуп кайнатабыз.

4. Суунун табы кайтканда капустанын үстүнө куябыз да, 3-4 күн бөлмө температурасында коюп коёбуз. Суу капустанын үстүн толук жабышы керек. 3 күндөн кийин ачытылган капуста жегенге даяр болот.

ЖУМУРТКА ЖАНА ШПИНАТ САЛАТЫ

Сууга бышырылган 1 даана жумуртка адамды ток гана кармабастан, А, В2, В5, В6, В9, В12, D, К, Н, РР витаминдери жана биотин, кальций, магний, цинк, селен, жез, марганец, темир менен камсыздай алат.

Керектелүүчү азыктар:

• Жумуртка – 4 даана

• Шпинат – 1 тутам

• Уйдун эти же колбаса – 100 грамм

• Пияз – 1 баш

• Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

• Сарымсак – 1 тишче

• Лимон ширеси – 1 аш кашык

• Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Сулп этти же колбасаны жука туурап, өсүмдүк майына кууруп алабыз.

2. Жумурткаларды сууга бышырып, кабыгын аарчыйбыз. Чоң-чоң бөлүктөргө бөлөбүз.

3. Шпинатты таза жууп, кол менен жулуп майдалайбыз.

4. Сарымсакты майда туурайбыз.

5. Пиязды тегерек же жарым тегерек формада туурап, муздак сууга бир чайкап алабыз.

6. Азыктардын баарын бир идишке салып, лимон ширесин, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Витаминдүү жана тоюмдуу салат даяр!

ВИТАМИНДҮҮ СМУЗИ

Кызылча С витаминдин, жез жана фосфордун негизги булагы. Ошондой эле организмдеги керексиз уулуу заттарды чыгарып турат.

Керектелүүчү азыктар:

• Кызылча – 1 даана

• Сабиз – 1 даана

• Алма – 1 даана

• Имбирь – 50 грамм

• Жалбыз – 2-3 тал

• Бал – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кызылча, сабиз, алма, жалбыз жана имбирди тазалап, жууп, туурап алабыз.

3. Блендерге керектелүүчү азыктардын баарын салып майдалап, балды кошобуз. Смузи даяр!

ӨРҮК КАКТАН ДЕСЕРТ

Өрүк как фосфор, темир, кальций, калий, ошондой эле А жана В тобундагы витаминдерге бай. Ал иммунитетти жакшы бекемдегенден тышкары ичеги-карындын микрофлорасын жакшыртат.

Керектелүүчү азыктар:

• Өрүк как – 300 грамм

• Быштак – 100 грамм

• Жумуртка – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Өрүк какты жылуу суу менен таза жууп, ортосун ачабыз.

2. Быштак менен чийки жумуртканы жакшылап аралаштырабыз.

3. Өрүк кактын ортосуна быштак менен жумуртканын аралашмасынан салып, 180 градуста ысып турган электр мешине 5-6 мүнөт кактап бышырып алабыз. Десерт даяр!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
loshad
2020-04-09 09:56:26
Ашкана сырыңар абдан жагат. Мен көп окуп, кээде ушул рецепттер менен жасап калам
0
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан