Өндүрүлгөн дан же болбосо, заманбап тил менен айтканда, спраут – бул өз ден соолугуна жана келбетине кам көргөндөрдүн азыгы. Бүгүнкү күндө жер шарынын миллиондогон калкы аны “тирүү азык”, “жаштыктын эликсири” деп атап, менюларына кошуп келишет. Өндүрүлгөн дандын өзүн жегенге жана аларды салат, шорполорго кошууга болот.
ЭМНЕЛЕРДИ ӨНДҮРСӨ БОЛОТ?
Дан азыктарынан буудай, сулу, арпа, гречка, буурчактын түрлөрүн, беде, пияз, шалгам, күнжүт жана башкалардын уруктарын, күн карама, ашкабак данектерин, грек жаңгагын өндүрүүгө болот. Дан, урук, данектер өнгөн соң 10 сантиметрге чейин өскөнчө пайдаланууга болот. Андан кийин айрымдарынын сабактары катып, ширеси ачуу даамданып, кыйгыл боло баштайт.
ӨНДҮРҮЛГӨН ДАН ЖАНА УРУКТАРДЫН ПАЙДАСЫ
– Зат алмашуу процессин жөнгө салып, ичегилердин жана ашказандын иштөөсүн жакшыртып, организмден уулуу заттарды, шлактарды айдап чыгарат.
– Организмди пайдалуу минералдар, ферменттер менен камсыздап, чыңдайт жана тонуста кармайт.
– Кан басымды нормалдаштырат.
– Иммунитетти бекемдейт.
– Кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салып, канды жана боорду тазалайт, арыктоого мыкты жардамчы.
– Чачтын жана теринин сапатын жакшыртат.
– Аллергиясы барларга, кант диабети менен жабыркагандарга табылгыс азык.
– Өндүрүлгөн азыктардын курамында хлорофилл көп болгондуктан, рак клеткаларынын өсүүсүнүн алдын алат.
– Бөйрөктү тазалайт, заара чыгаруу системин бекемдейт.
КАНТИП ӨНДҮРҮҮ КЕРЕК?
– Даны бүтүн (кетиги жок), дарыланбаган данды же урукту тазалап, таза жууп, 7-8 саат муздак сууга чылап коюу керек. Суусун төгүп, таза суу менен чайкап, андан соң түбү тегиз идишке тегиздеп салып, бетине дакини (марля) жаап, шамал жүрбөгөн жерге сактоо керек. Кургап кетпеши үчүн күн сайын бир маал бетине муздак суудан бир аз сээп туруу шарт. Өндүрүлгөн дан 2-3 күндөн кийин пайдаланууга даяр болот.
РЕЦЕПТТЕР:ВИТАМИНДҮҮ СМУЗИ
Керектелүүчү азыктар:
Киви – 2 даана
Банан – 1 даана
Өндүрүлгөн беде уругу – 1 стакан
Сүт же айран – 1 стакан
Даярдоо ыкмасы:
1. Банан менен кивинин кабыгын аарчып, чоң-чоң туурайбыз.
2. Эми блендерге банан, киви, өндүрүлгөн беде уругун салып, үстүнө айранды же сүттү куюп, бирдей массага келгенче жакшылап аралаштырабыз. Смузи даяр! Смузини стаканга куюп, жалбыз менен кооздоп дасторконго берсек болот. Бул рецептке өндүрүлгөн беде уругунун ордуна башка дандын өнүмүн деле пайдаланса болот. ТОЮМДУУ БРУСКЕТТА
Керектелүүчү азыктар:
Нан – 6 кесим
Бадыраң – 1 даана
Шалгам – 3 даана
Сёмга балыгы – 200 грамм
Өндүрүлгөн маш жана шалгам уругу – 50 грамм
Каймак май – 50 грамм
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
1. Көмөч казандын ичин бир аз майлап, нандын кесимдеринин эки тарабын кактап кызартып алабыз.
2. Бадыраң, шалгамды жууп-тазалап, жука кылып кесебиз да, өндүрүлгөн маш менен шалгамды жана бир аз туз кошуп салат даярдайбыз.
3. Сёмга балыгын да жука кылып тилип алабыз.
4. Нандын бетине каймак майдан сүйкөп, үстүнө балыкты коюп, салаттан салып кооздойбуз. Тоюмдуу брускетта даяр. Аны даярдаган соң дароо дасторконго берүү сунушталат. Болбосо жашылчалардын ширеси нанды былжыратып жибериши толук мүмкүн.ФО БО ШОРПОСУ
Керектелүүчү азыктар:
Эт – 300 грамм
Пияз – 1 баш
Кесме – 200 грамм
Лимон – 1 даана
Өндүрүлгөн маш – 100 граммдык стакан менен 1
Көк пияз – 2-3 тал
Чили калемпири – 1 даана
Шпинат – 3-4 сабак
Балык соусу – 3 аш кашык
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Этти казанга салып, үстүнө суу куюп, кайнатып бышырып алабыз. Татымына жараша туз салып, өз убагында чий көбүгүн алып, улам сапырып турууну унутпаңыз.
2. Эт бышкан соң шорподон чыгарып алабыз.
3. Эт муздаганча шорпого балык соусун куюп, жарым тегерек тууралган пиязды, өндүрүлгөн машты салып 10 мүнөттөй кайнатабыз.
4. Кесмени өзүнчө туздуу сууга кайнатып бышырып алабыз.
5. Чыныга алгач кесмени, анын үстүнө этти, майда тууралган көк пиязды, чили калемпирин, шпинатты, бир кесим лимонду салып, ысык шорподон куябыз. Фо бону ысык кезинде дасторконго берүү керек.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg