КОЙ (21.03-20.04)
Материалдык абалыңыз начарлап кетпеши үчүн эмне кылуу керектигин ойлонуп, ишенимдүү адамдан кеңеш аласыз. Кара жумуш кылууда же көнүгүүлөрдү жасоодо белиңизге күч келбегидей болушу зарыл. Ички дүйнөңүзгө сүңгүп кирип, өзүңүздү ачууга аракеттенесиз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Күн ичинде улуулардын айтканына каршы чыгуу жөндүү эмес. Өз пайдаңыз үчүн бирөөлөргө зыян келтирүүгө жетпеңиз. Жаңы нерселерди үйрөнүп көңүлүңүз кушубак тартат. Бүгүн эмки аптада башкы маселе болуп кала турган жаңылык угасыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жашоого алган багыттарды аныктап, келечекке пландарды кайра түзүңүз. Искусство, жаңы фильмдер, түрдүү жаңылыктар сизди кайдыгер калтырбайт. Жүрөгүңүздөгү түгөйүңүзгө болгон сүйүү сезимин ушактардын таасиринен улам жабыркатып алышыңыз мүмкүн. Маалыматтардын чын-бышыгын тактап алыңыз. Акчаңызды эң керектүү багытка гана жумшап, колдон келишинче үнөмдөңүз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Пайда алып келе турган маалымат угасыз же окуйсуз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири менен пикир келишпестик жаралат. Философиялык ойлорго алаксып, аалам, жашоо тууралуу ойлорго жетеленесиз. Үйдөгү эмеректердин ордун которуштуруп жайгаштырасыз. Челекке гүл отургузуп же бакчага жашылча-жемиш эгүү менен алектенесиз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Чыгармачылык өркүндөп, өз колуңуз менен бир нерселерди жасайсыз. Колу ачыктыктан качуу керек, жакында өзүңүзгө жардам керек болуп калышы мүмкүн. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрүн кантип камсыздоо тууралуу ойлоносуз. Тобокел ишке барбаңыз, мыйзам алдында жооп берип каласыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бүгүн курч акыл жана жылма мамиле гана сизди чыр-чатактан сууруп чыга алат. Керектүү дарыгердин телефонун издеп, өзүңүзгө же үйдөгүлөрдүн биринин ден соолугуна байланыштуу кеңеш сурап кайрыласыз. Сүйүү жааты кам көрүүгө муктаж экендигин сезесиз. Кээ бирөөлөр бул күнү адаттан тыш убаракерчиликтерди көп тартышат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сезимдериңиз чалкып, чыгармачылыкка көп убакыт бөлөсүз. Кичүү бир туугандарды же балдарды камкордукка бөлөңүз. Аларга жомок окуп бериңиз, сүрөт тарттырыңыз, алар менен ойноңуз. Сынган-бүлүнгөн эмеректерди оңдоого убакыт келди. Айрымдар жаңы өнөрдү үйрөнүүгө кирише башташат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Ашказан жана ичеги оорусу жаралбашы же козголбошу үчүн күчтүү тамактарды аз жеңиз. Бир маселеден улам эски кегиңиз ойгонуп, бирөө менен урушууңуз мүмкүн. Убада берген таанышыңыз сөзүнө турбагандыктан кыжалат болосуз. Кожойкелер жууркан-төшөк, килем-палас сыяктуу буюмдарды жууп-тазалоо иштерин колго алышат.
Кыялдарга берилбей, жашоо чындыгы менен эсептеше билүүңүз кажет. Үй-бүлө мүчөлөрүнө аябай талапчыл болбоңуз, жеме угуп же таарыныша кетесиз. Каалооңуз менен мүмкүнчүлүгүңүздү таразалап, ошого жараша иш кылуу сунушталат. Коомдук окуялар көңүлүңүздү көп бурмакчы.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үй-бүлөлүүлөр бактылуу болуунун өзөгүн издөөгө киришишет. Сүйүктүүңүз же өмүрлүк жарыңыз сиздин нервиңиздин бекемдигин сынап көрүү үчүн ашыкча милдеттенме тагат. Ден соолук жана гигиена маселелери кызыктырып, жаңы маалыматтарга ээ болосуз. Айрым бир жагдайлардан улам бирөөдөн карыз алышыңыз мүмкүн.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Турмуштун оор жүгүн моюнуңузга көтөрүүнү улантуу менен оор каржылык абалдан чыгуу жолун издейсиз. Көптөн бери аягына чыкпай жүргөн иштер менен алек болосуз. Үйдө тартипти катуу кармаганга кылган аракетиңиз өзүн актабайт. Айрымдар ички туюмун өнүктүрүү максатында медитация же психология менен алектенүүгө өтүшөт.
Улам бир маселе чыгып, аларды чечүүгө көп энергия коротосуз. Үйдөгүлөрдүн пикирине таянбасаңыз, көп катачылыктарды кетиресиз. Социалдык абалды оңдоо үчүн кереги тие турган адамды колдонуп калыңыз. Айрымдар чарба иштерин бүтүрүү үчүн карызга акча издешет. Күндүн аягы жакшы жаңылык тартуулайт.