КАЛЫС ЖАКЫПОВ, ЫРЧЫ: “ЭМИ 5 ЖЫЛ КЫЗДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШПӨЙМ”

"Сахна" аттуу чыгарманы ийине жеткире аткарган кичинекей Калыс Жакыпов бүгүн эр жетип, чыгармачылык менен алектенүүсүн улантып жаткан кези. Анын чыгармачылыкка жуурулушкан бала курагы, өспүрүм кези, үй-бүлө, жеке жашоосу тууралуу маек курдук.

– Салам, Калыс! Сага байланышканыбызда ооруп үйдө жатканыңды айттың. Ден соолук жакшыбы?

– Саламатсыздарбы? Ооба, бир аз сасык тумоолоп калыптырмын. Коркпоңуздар, коронавирустун эч кандай белгилери жок (күлүп). Карантиндин талаптарын аткарып үйдөн чыкпай жатам.

– Туура, азыркы күндө талаптарды так аткаруу – бул жарандык милдетибиз.

– Ооба. Эң башкысы, аман болсун.

– Кепти өзүң тууралуу уланталы. Окурмандарга кененирээк маалымат бере кетсең. Кайсы жакта төрөлүп-өстүң?

– Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында туулгам. 7 жашыма чейин балалыгым айылда өттү. Андан кийин үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келгенбиз. Бишкек шаарындагы №87 орто мектепте окудум. Ырчылыкка, спортко кичинемден бери кызыккандыктан балалыгым сахнада, спорттук мелдештерде өттү десем болот. Көпчүлүк балдарга окшоп тентектик кылып, көчө чаңытып деле ойногон жокмун. Атам мен төрөлгөндө “ушул балам ырчы болот" деп кыялданган экен. Наристе кезимден музыкага жакын болуп, ырдап, бийлеп, элдин көңүлүн бурганды жактырчу экенмин. Кийин 2-классымда ырчы Бакыт Мамаевдин вокал ийримине атам өзү жетелеп барган. Андан тышкары комуз, аккордеон аспаптарында кол ойнотууну да бала чагымда үйрөнгөм. Ошол жылдары эң алгачкы ырларым жазылган. Кыскасы, 2-классымдан бери эле сахна мага жакшы тааныш.

– Спорттук мелдештер тууралуу да сөз кылып калдың...

– Байкелеримдин артынан спорттун таэквандо, эрежесиз эр уруш түрлөрү менен кичинемден машыктым. Бул жаатта спорттук мелдештерге да барып жүрдүм. Бирок кийин бой жете баштаганда үндүн калыптанышына терс таасири тийип каларын билип, спорттон четтөөгө туура келген.

– Үй-бүлөдө канча бир туугансыңар?

– 4 бир тууганбыз. Төртөөбүз тең эркекпиз. Улуу эки байкем үйлөнүп-жайланышкан, бала-чакалуу. Мен эң кичүүсүмүн.

– Адатта кыз бала жок үй-бүлөдө чоңойгон мырзалар үй жумуштарын да жакшы өздөштүрүшөт эмеспи...

– Ооба. Баарыбыз үй жумуштарын жасап чоңойдук. Анын үстүнө мен эң кичүүсү болгондуктан үй жыйнамай, тамак жасамай сыяктуу иштерди аткарып, апама көп жардам берчүмүн. Андан тышкары ата-энем соода-сатык иштери менен алектенгендиктен кичинемден соода иштерине да аралаштым. Азыр деле базарга чыгып иштеп калган күндөрүм болот.

– Кайсы тармакта билим алдың?

– Кичине кезимден ырчы болорумду билчүмүн. Бирок “ырчылык хоббим, Кудайдан берилген өнөрүм. Андан тышкары дагы бир кесиптин ээси болушум керек” деп көп айтам. Өзүмдү журналистика жаатта сынап көргүм келген. Бирок мектепти аяктагандан кийин музыкалык жаатта тереңирээк билим алышым керек деген чечимге келип, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын классикалык вокал бөлүмүнө, опера ырчылыгына тапшырып, былтыр аяктадым. Азыркы учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде менеджерлик кесипте окуп жаткан чагым.

– Фольклор, эстрада жанрында ырдайсың, опера жаатында билимиң бар экен. Ырчылыктын кайсы багыты сага жакын?

– Үнүмдү көмөкөйдөн бир жаатка багыттап алып ырдай берем. Кичинемден комуз, аккордеондун коштоосунда ырдап жүргөндүктөн фольклор менен эстрада жанры жакын. Ал эми опера жаатында музыкалык билимди, диапазонду кеңейтүү, үнүмдү туура койдуруу максатында окудум. Опера ырчысы болоюн деген оюм жок.

– Рэп окуп коймой да жайың бар экен...

– Рэпти дос балдарым менен отуруштарда айтып калмай жайым бар. Жаңы ыр жаздырып, рэп айтайын деген пландарым да бар. Буюрса, бул келечектин иши.

– Шоу-бизнеске багыт алгандан бери бул чөйрөнүн күнгөй-тескейин көрө баштадың. Эмне үчүн шоу-бизнести ыплас дешет?

– Интриганын көптүгүнөн болсо керек. Бетине күлө карап, артынан жамандап коймойлору бар экен. Ошол себептен айтылган сөз окшойт. Өзүңүздөр билгендей, кээде эл алдында жүргөн адамдар аша чаап уруша кетишет. Бирок түз жүрүп, унчукпай иштеп, андай интригалардан тыш жүрсөң эмнеге болбосун? Бирөө жөнүндө жаман сүйлөгөн жокмун, эч ким менен чыр-чатагым жок. Ар бир адамдын тилин тапсаң болот. Шоу-бизнес ыплас деп деле айта албайм.

– Жаш ырчы өлкөнүн келечеги тууралуу кандай ой жүгүртөт?

– Өлкөбүз өнүксө деген үмүт-тилектер менде деле бар. Өзгөчө спорт менен маданият тармагына көбүрөөк көңүл бурулса дейт элем. Себеби өлкөнүн атын чыгарып, дүйнөгө тааныта турган тармактар ушулар.

– Саясатка кызыгасыңбы?

– Ооба, кызыгуум бар. Замандан артта калбай бул багытка баам салып турам. Маданият министрлигинде эмгектенсем деген оюм бар.

– Жеке жашоого кайтсак. SUPER TV каналы уюштурган “Жылаңач баатыр” долбоорунан кийин “Калыс менен ырчы Айгерим Эшимдин кыз-жигит мамилеси бар” деп чыгышты.

– Негизи Айгерим эже менден 3 жашка улуу. Долбоор учурунда эже-ини катары жакшы мамиледе болдук. Кийин Бишкекке келгенден кийин долбоордогулардын шеринелеринен гана көрүшүп калбасак, башка учурда телефон чалышып, байланышкан деле жокпуз.

– Сүйлөшкөн кызың барбы? Кандай кыздар жагат?

– Азырынча жок. Болсо жаап-жашырбай ачыгын дароо эле айтып салмакмын. Эми укмуш кыздар жагат деп деле айтпайм. “Бир жаманга бир жакшы” дейт го, анын сыңары жакшы кызга жолугуп калармын.

– Жакшы. Ырчылыктагы пландарың тууралуу сөз уласак. Жакында эле продюсер менен иштеше баштаптырсың?

– Ооба, атам экөөбүз кеңешип учурдун мыкты продюсери Лутфилла (ред.: Бусурманкулов) байкеге сунуш менен кайрылдык. Байке менен ага чейин деле мамилебиз жакшы болчу. Ал дагы менин тембриме, ырчылык талантыма кызыгып жүргөн экен. Макулдугун берип иштешип жатабыз.

– Ортодо келишим барбы? Болсо кандай шарттары бар?

– Албетте, бар. 5 жылдык мөөнөткө келишим түзүп, кол койдук. Келишимге ылайык, продюсер менен кеңешпей туруп бир жактарга барып ырдоого, клубдарга барууга, себепсиз көчөдө басууга болбойт. Анан да 5 жыл бою кыздар менен мамиле куруп сүйлөшүүгө болбойт. Негизи өзүмдүн деле чыгармачылыктагы максатым ошол болчу. Кыздар менен сүйлөшсөң алаксып, негизги багытыңдан адашасың деген ойдомун. Гастролдорго көп чыккандыктан ортодо кызганычтар болот дегендей.

– Маегиңе рахмат! Чыгармачылыгыңда ийгиликтерди жарата бер!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
zheenbaev95
2020-04-13 11:36:47
БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО кантип окусак болот
+9
admin_portal
2020-04-15 12:44:58
zheenbaev95, эртең, 16-апрелде чыгат.
-1
aijamalkamiljan
2020-04-13 11:58:38
Molodec!
P.S serialdar kana?
+4
admin_portal
2020-04-15 12:45:04
aijamalkamiljan, эртең, 16-апрелде чыгат.
0
fanatka19
2020-04-13 11:59:03
Абдан тыкан бала экенин Жыланач Баатырдан байкагам,эми созду орду менен суйлогон жигит экенин байкадым.Ийгилик жаш жигит.
+8
sumaya
2020-04-13 14:09:12
Саламатсыздарбы супер инфо!Сериалдарды эмне учун жазбай жатасыздар?!
+4
admin_portal
2020-04-15 12:45:11
sumaya, эртең, 16-апрелде чыгат.
-1
Isikkolumkeremet
2020-04-13 17:31:11
эмнеге суйлошпойт экен деп коркуп кетсе..
-1
aydinnur
2020-04-13 19:11:16
Супер сериал кайдаааа!Ылдый туштум жок-жок,ойдо чыктым жок-жок,капталда да жок-жок,давай чыгаргыла!
+7
admin_portal
2020-04-15 12:45:15
aydinnur, эртең, 16-апрелде чыгат.
-1
Zhanybek88
2020-04-14 09:40:28
Админ сериал чыкпайбы
0
admin_portal
2020-04-14 14:39:42
Zhanybek88, эми чыгат.
-1
Beka0007
2020-04-14 22:32:06
admin_portal,качан чыгат?
Датасын айтып койгулачы.
-1
admin_portal
2020-04-15 12:45:23
Beka0007, эртең, 16-апрелде чыгат.
-1
medetbek
2020-04-15 12:25:15
admin_portal,бүгүн 15 и болуп калды го эми чыгат дегенинерге түшүнбөй калдым
-1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан