Маркасы - «Хундай Соната-3»
Түсү - Күмүш түстүү
Чыгарылган жылы - 1996
– Айжан, айдоочулук күбөлүгүңдү атайын автосүйүүчүлөр мектебинде окуп алдың беле?
– Ооба, үч ай “Дасмиянын” автосүйүүчүлөр мектебинде окугам. Анда 16 жашта элем. Ал кезде машина айдаганга жашым жетпегендиктен,айдабай жүрдүм. Анын үстүнө, апамдын жалгыз кызы болгондуктан, ал кезде апам айдаганга уруксат берген эмес. Качан гана турмушка чыгып, уулум чоңоюп бир жарым жашка чыкканда күйөөм менен апам уруксат беришти. Ошондон бери айдай баштаганыма жарым жылдан ашып калды.
– Алгач рулга отурганда коркуу сезими болдубу?
– Жок, анткени, менин апамдын машина айдоо боюнча 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Дайыма машинада апамдын жанында жүргөндүктөнбү, эч кандай деле коркуу сезими болгон жок. Автосүйүүчүлөр мектебин бүтүп жатканда экзамендерди да “5” деген баага тапшыргам.
– Машинаңды өзүң тапкан акчага сатып алдың беле?
– Жолдошумдун, апамдын, продюсерим Ассоль эженин, анан албетте, өзүмдүн эмгегимдин аркасында алынган машина.
– Шаарда кандай ылдамдыкта айдайсың?
– Эч жол эрежесин бузбаганга аракет кылам. Машина аз жерден же шашып баратканда 80 менен айдаймын, көбүнчө 60 менен айдаганга аракет кылам. Бир жолу “Улуттук хит-парадга” съёмкага шашып бара жатсам МАИ кызматкерлери токтотуп калышты. Барып документтеримди көргөзсөм таанып калышып: “Эмне мынча катуу ылдамдыкта баратасың?”- деп сурашты эле, шашып жаткандыгымды айтсам эч кандай деле айып салышкан жок.
– Машинаңа кандай мамиле жасайсың?
– Эки күндө бир жууп турам, машинанын кир болуп туруусун жактырбаймын. “Сен жакшысың, сен менин канатымсың”,- деп кадимкидей машинам менен сүйлөшөм. Анткени, ал темир болсо дагы сен ага кандай мамиле кылсаң, ал да сага ошондой мамиле кылат да. Ошентип, аяр мамиле кылгандыктанбы, айтор, мен айдаганда такыр бузулбайт, күйөөм айдаса эле бузула берет. Машинамды ушунчалык жакшы көрөм. Бир жолу инимдин чуңкур, таштак жерлерден айдап баратканын көрүп кадимкидей жүрөгүм ооруп кеткен.– Сен машинаңды айдаганга башкаларга деле бересиңби?
– Кээде андай учурлар болуп калат. Аталаш иним сураса “бербейм” дей албайм. Андан сырткары, күйөөмдүн машинасы ремонтто болуп калганда айдап калат. Экөөнөн башка эч кимге бербеймин.
– Машина айдап бара жатканда музыка угасыңбы?
– Ооба, убакытымдын көбү үйбүлөмө арналып калгандыктан, музыка укканга убакытым жок калат. Ошондон улам музыканы жалаң машина айдап бара жатып угам. Машинама көбүнчө баламды салып алгандыктан, ал да музыканы жакшы угат. Ошондон улам балам экөөбүз машинада музыка угуу менен бирге башка иштерибизди да бүтүрө беребиз.
– Машинаңды качан алмаштырайын деген оюң бар?
– Азырынча эмес, бирок, кийинчерээк алмаштырам го. Мага кыздарга арналган кичинекей машиналар жакпайт. Тескерисинче, чоң эркектерге арналган машиналар жагат. Балким, кийин ошондой машиналуу болуп калаармын.
Маектешкен Замира Рахманбердиева