КОЙ (21.03-20.04)
Өзүңүз акыл калчап чечим чыгарчу кырдаал жаралат. Маселени туура жакка чече аласыз. Китеп окууга, кандайдыр бир хобби менен алаксууга убакыт бөлө баштаңыз. Мындай эс алууну качантан бери самап келе жатканыңыз чын эмеспи.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бирөөлөрдүн жашоосуна кийлигишпеңиз. Сизден кеңеш сурап же капилеттен аралашып калсаңыз да нейтралдуу пикир менен чектелиңиз. Тагдырын туура эмес багытка буруп коюшуңуз мүмкүн. Үйдөгүлөргө сын-пикирди абайлап айтыңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бүгүн эч кандай олуттуу чечим кабыл албаңыз. Дем алыңыз, ден соолугуңузду калыпка келтириңиз. Мээңизди дин жана мистика тууралуу ойлор ээлеши мүмкүн. Үйдөгүлөрдүн идеясы менен пикирине каршы чыкпаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өзүмчүлдүк кылып жакын адамдарыңыздын көңүлүн оорутуп алуудан сак болуңуз. Энергияңыз ашып-ташып, бир топ иштерди бүтүрөсүз. Жаңы нерселерди үйрөнүүгө киришиңиз. Айрымдар социалдык жардам алууга муктаж болот.
АРСТАН (23.07-23.08)
Калыптанган көз карашыңыз өзгөрүп, жаңы шартка ылайыкташууга, интернет аркылуу акча табууга аракет кыласыз. Тууганыңызга кылган жакшылыгыңыздын акыбети кайтып, андан колдоо алышыңыз мүмкүн. Үйдөгүлөрдүн маанайын түшүрбөө үчүн арзыбаган нерселерге таарынуудан качыңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакын адамыңыздын маселесин угуп, ага кеңешчи болууга татыйсыз. Жакын арада сизге пайда алып келе турган иштер кайсылар боло тургандыгын анализдеп, план түзөсүз. Сизге кымбат адамдардын сүйүүсү кыйынчылыктарды жеңүүгө бел байлатат. Келбетин идеалдуу абалга келтиргиси келгендер диетага өтүшсө болот.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кимдир бирөөгө жардам берип көңүлүн алып, ыраазычылыгын угушуңуз мүмкүн. Сүйүктүүңүзгө болгон сезимди чочулабай эле арттыра бериңиз. Жакындарыңыз менен жагымдуу кеч өткөрүп, маанайыңыз көтөрүлөт. Чөнтөк телефонду абайлап колдонбосоңуз, сындырып же бузуп алышыңыз мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Таң эртеден бүгүнкү күн башка күндөргө окшошпошу үчүн эмне кылса болорун ойлоп, баш катырасыз. Үй-бүлөлүүлөр балдар үчүн сынактарды, оюн түрлөрүн уюштурууну колго алса жакшы. Башка жакта жашаган тааныштар менен байланышып, маалымат угасыз. Кечки убак эркин болуп, чыгармачылык менен алектениңиз.
Интернеттеги социалдык тармактарда активдүү болуп, ой-пикирлерди калтырасыз. Үй-бүлөлүк бюджетти эсептеп, аны кантип туура колдонуу жолдорун ойлонуштурасыз. "Өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар" деп үйдө бир топ жумуш бүтүрөсүз. Мүмкүн, жаңы рецепт боюнча тамак-аш жасайсыз. Туугандарыңыздын биринин ден соолугу ойлондурат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Коомдогу окуялар, үйдөгү абал бир топ ойлондурат. Уккан маалыматты тактоо үчүн тааныштарга чалууңуз ыктымал. Кожойкелер гардеробундагы кийимдерди иргеп, айрымдарын бузуп, башка нерсе жасоого бел байлашат. Багбандар, дыйкандар талаа жумуштарын бүтүрүү үчүн жакындарына жардамга кайрылат.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Татаал кырдаалдан улам жашооңузга өзгөрүүлөр кире баштаганы анык сезилет. Билимди өз алдынча өстүрүүгө, өзүңүздү кайрадан тарбиялоого киришиңиз. Акча тартыштыгы машакаттарды жаратат. Жазгы аллергиясы барлар врачынын кеңештерин эске алып, өздөрүнө кам көрүүлөрү зарыл.
Этиятсыздык кылып жаңы, бүтүн буюмду сындырып алуудан абайлаңыз. Айрымдар үйүндөгү бир буюмду тегеректегилерге сатууну пландаштырат. Курулуш иштерин жүргүзүүнү пландагандар керектүү адамдар менен байланышат. Кээ бирөөлөрдүн жан шериги менен мамилеси курчуйт. Сабырдуулук кылып абалдан чыгууга болорун эске алыңыз.