Карантиндин айынан балдар үйдө телевизор, телефондун жардамы менен сабак окууга мажбур болушууда. Ата-энелер мугалимдин ордунда болуп, көпчүлүгү “мугалимдердин баркын эми түшүнүп жатабыз” деп калганын да кулагыбыз чалууда. Бул ишти кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү кандай аткарып жатышат? Онлайн сабактар канчалык ыңгайлуу болуп жатат? Жылдыздар ушул жаатта ой, тажрыйба бөлүшөт.
Камчы Сарыбаев, актёр: “ЖИНИМ КЕЛИП БАШТАГАНДА СЫРТКА ЧЫГЫП КЕТЕМ”
– Балдарым Бишкектеги №52 мектепте 5 жана 1-класста окушат. Онлайн сабактар мага кызыктай эле болууда. Балдарым эмес, сабактарды өзүм түшүнбөй калып жатам. Азыркы окутуу ыкмасы биздин убактагыдан башкача экен. Түшүнбөй калып апасын карасам, апасы кайра мени карайт (күлүп). Мурда мугалимдерге кыйын боло берчү экенбиз. Өзүбүз балдарыбызга сабак өтөбүз деп, бул иш канчалык кыйын экенин эми түшүнүп жатпайлыбы. Эки бала менен ушунча кыйналып жатсак, бир мугалим 25 баланы кантип окутуп жүрдү экен деп таң калдым. Кээде жиним келип кетет. Андайда балдарды урушуп албайын деп эшикке чыгып кетем. Эртерээк карантин бүтүп, мектеп эшиги ачылса экен деп тиленип жатам. Анткени онлайн сабактар баары бир мектепте мугалим менен окуучунун ортосундагы түз байланыштай эффект бербейт.
Азиза, ырчы: “ОНЛАЙН САБАКТАРГА КАНААТТАНГАН ЖОКМУН”
– Менин кызым Герман Гмайнер атындагы мектепте 1-класста окуйт. Кызым менен кошо сабактарын онлайн окуп жатабыз. Бирок мен онлайн сабактарга канааттанган жокмун. Биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирбейбиз да, ошол себептүү бир эле мисал келтирсем, бардык окуучуларда талапка ылайык телефон жок. Айрым аймактарда интернет тартпайт. Кызымдын классташтарынын айрымдары айылдарына кетип калышкан. Интернет жеткиликтүү болбой кыйналып жаткандар бар. Кечээ Zoom программасы аркылуу эжекебиз онлайн конференция өттү. Кызымдын классындагы 28 окуучунун ичинен 10 окуучу гана конференцияга катыша алды. Окуп жатат деген аты эле болбосо, менин көз карашымда, бул систем бизде толук кандуу иштелип чыккан эмес. Министрлик деле мындай системге даяр эмес окшойт. Бир жерден билим берүү жана илим министринин маегин окуп калдым. “Шумдук мугалимдерди тандадык, шумдук сабактар өтүлүп жатат” дептир. Алардын ишине сын айта албайм. Бирок айрым сабактардагы мисалдарды көрүп күлкүм келди, кайдагы укмушту айтып жатышат? Негизи окуучулардын мектепке барганы эле жакшы экен. Ата-энелер мугалимдей түшүндүрө албайбыз. Мектептин аурасы да башка. Бул айла жоктун иши болуп жатпайбы.
Тотомидин Жолдошов, ырчы: “1-КЛАССТАГЫ БАЛАМ ТЕЛЕВИЗОР АРКЫЛУУ ӨТҮП ЖАТКАН САБАККА ТҮШҮНБӨЙТ”
– Менин 3 балам №7 мектептин окуучулары. 9-класстагы кызым өзү окуйт. 5-класстагы уулума бир аз жардам берип жатабыз. Эң эле кыйыны 1-класстагы уулумдуку болуп жатат. Аларга телевизордон күнүнө 15 мүнөттүк бир сабак өтөт. Телевизордон өтүлгөн сабакты ал такыр эле түшүнбөйт. Кайрадан отургузуп алып апасы түшүндүрүп берет. Анан эжекеси WhatsApp аркылуу түшүндүрөт экен. Сабактарына мен көп деле аралашкан жокмун. Апасы алектенип жатат. Баарынан да мугалимдерге кыйын болуп жатса керек. Жубайым “WhatsApp`тагы группага 1-класстын окуучулары ар нерселерди сүйлөп жөнөтө беришет” деп айтып калат. Мугалимдердин бир эле эмес, 2-3төн класстары бар да. Балдарым үйдө отура берип тажашты, мектепти сагынып жатышат.
Назира Айтбекова, алпаруучу: “ОНЛАЙН САБАКТАРДЫН ЖАКШЫ ЖАГЫН ГАНА КӨРҮП ЖАТАМ”
– Уулум Ариет “Сапат” билим берүү мекемесинде 4-класста окуйт. Онлайн сабактар уулум экөөбүзгө тең жагып жатат. Кээде интернет начар болуп же жарык өчүп калганы болбосо, андан башка ыңгайсыздык болгон жок. Онлайн билим берүүдөн мен эч кандай көйгөй көргөн жокмун. Жакшы жагын гана көрүп жатам. Карантин болбогон учурда деле улантсак болчудай экен. Анткени жай турмуш учурунда балам эртеден кечке мектепте, баш көтөрбөй окуйт. Уулум өзүнө маанилүү болгон сабактарды гана окуп, калган убактысын кызыккан ийримдерге барып, кайсы кесиптин ээси болгусу келсе ошол кесипке ыктаган билимди алып өткөрсө жакшы болмок. Мисалы, менин балам программист болгусу келет, техникага кызыгат. Балама үйдө, жанымда болгону ыңгайлуу болуп жатат. Менин жанымда болгону анын көкүрөгүнө тынчтык берип, ишенимди пайда кылып жатат.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg