УЧУРУ КЕЛДИ! ЖҮЗҮМ ЖАЛБЫРАГЫНАН ДОЛМА ЖАСАҢЫЗ

Жаз – витаминдүү азыктар менен иммунитетти бекемдөө мезгили. Андай азыктардын бири – жүзүм жалбырагы. Учурда дал ушул жалбырактын маалы. Анын пайдасы, андан жасалчу негизги тамак тууралуу айтып беребиз.

 


 


 

ТАЛАШКА ТҮШКӨН ДОЛМА

Жүзүм жалбырагына майда тууралган этти ороо, тактап айтканда, долманы жасоо идеясы качан жана кимдин башына келгени азыркыга чейин белгисиз. Ошентсе да долманы түрктөр, армяндар, гректер, азерлер “биздин тамак” деп ушул кезге чейин талашып келишет. Мындай талашка түшкөн бул даам кантип жасалат жана касиети эмнеде? Учурда жүзүм жалбырагынын долма жасоого ылайыктуу учуру. Андыктан бул даамды жасап, чогуу таталы.

ЖҮЗҮМ ЖАЛБЫРАГЫНЫН ПАЙДАСЫ

Жүзүм жалбырагы адамдын организми үчүн зарыл болгон К, А, Е, РР жана В витаминдер тобу, аскорбин кычкылы, бета-каротин, калий, кальций, магний, натрий, цинк, жез, селен, фосфор сыяктуу минералдарга бай. АКШнын дарыгерлери аталган жалбырактын курамын изилдеген соң аны диеталык азыктардын катарына кошуп, пайдалуу жактарын баса белгилешкен.

– Иммунитетти көтөрөт

– Ашказандын иштешин жакшыртат

– Организмден шлактарды жана уулуу заттарды айдап чыгарат

– Жүрөктүн иштешин жакшыртат

– Нервди тынчтандырат

– Депрессиядан чыгууга жардам берет

– Элдик медицинада тиш ооруларын, кызыл жүгүрүктү дарылоодо, канды токтотууда кеңири колдонулат

ДОЛМА

Керектелүүчү азыктар:

Эт – 400-500 грамм

Жүзүм жалбырагы – 40-50 даана

Пияз – 3 баш

Күрүч – 4-5 аш кашык

Ашкөк – 3-4 тал

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, мурч, зире – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти эт туурагычтан өткөрүп алабыз.


2.
1 баш пиязды майда туурайбыз.


3.
Этке пиязды, таза жуулган күрүчтү, майда тууралган ашкөктү, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырып, туурамжы даярдайбыз.


4.
Жүзүмдүн жаш жалбырактарын үзүп алып, таза жууп, кайнап жаткан сууга 1-2 мүнөткө салып, сүзүп чыгарып алабыз. Ар бир жалбырактын бетине туурамжыдан салып ороп чыгабыз. Эгер жалбырактар майда болсо, экөөнү жанаша коюп, туурамжы салып ороого болот.



5.
Казанга майды куюп, ысыган кезде майда же жарым тегерек формада тууралган пиязды салып кууруйбуз. Андан соң пияздын үстүнө туурамжы оролгон жүзүм жалбырактарын тизип (оролгон жагын төмөн каратып), үстүнө 250-300 миллилитр суу куюп, жай отто 30 мүнөт демдеп бышырабыз. Бышкан долманы каймак, же болбосо майда тууралган ашкөк кошулган айран менен дасторконго берүүгө болот.







 


 

ЖҮЗҮМ ЖАЛБЫРАГЫН КЫШКЫГА КАМДОО

Жүзүм жалбырагын кышкыга камдап алуунун эки жолу бар:

1. Жалбырактарды тыгыз ороп, желим бөтөлкөлөргө салып, муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүндө сактоого болот.

2. Туздоо жолу. Ал үчүн банкага жалбырактарды тыгыз ороп тизип, үстүнө кайнак сууну куюп, 10 мүнөт тыныктырабыз. Андан соң банкадагы сууну төгүп, ордуна кайнак туздуу сууну (1 литр сууга 20 грамм туз) куюп, темир капкак менен бекитебиз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Sakura715
2020-04-15 19:05:42
Жесе болушун эми угушум
+1
Nestana95
2020-04-16 10:20:03
Sakura715,сонун болот
0
aliya-leyla
2020-04-16 19:11:59
жегим келип кетти. Оло жакшы кором да. Оорунун айынан айылга келе бергенбиз да. Болбосо уйдо кечке жасамакмын
0
Shahrizaada
2020-04-17 21:00:28
Мага да аябай жагат жузумдон жасалган тамак.
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан