15-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Үйдө бардыгына кийлигишип, көкөйлөрүнө тийүүдөн абайлаңыз. Жайына койсоңуз эле иштер өз алдынча бүтөт. Балдардын акыл-эс кампасын кеңейтүү үчүн жаныбарлар, өсүмдүктөр, өлкөлөр, улуттар, алардын маданияты боюнча маалыматтар менен тааныштырсаңыз жакшы. Кожойкелер өзгөчө тамак жасоого чыгынышат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Үй-бүлөлүүлөр ата-энеси, балдарына байланышкан маселе менен алектенишет. Каржы жаатындагы тартыштык стресске жеткирүүсү мүмкүн. Интернет аркылуу башка шаар, айылдагы тааныштардан кабар аласыз. Айрымдар короону жашылдандыруу менен алек болушат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Маселени чечүүдө кайраттуулукту курч акыл менен айкалыштыруу керектелет. Жакын жашаган жакшы санаалашыңыздан тартуу алышыңыз мүмкүн. Шартыңыз болсо үй канаттууларын багып, үй-бүлөңүздү эт менен камсыз кылууга киришкениңиз жакшы.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Тобокелге салып кооптуу ишке барбаңыз, мыйзам чегинде жооп берип каласыз. Кимдир бирөөгө жаман сөз, сын айтпаңыз, анын кийин сизге зыяны тиет. Колунда мал кармагандарга малды ветеринарга текшертип, дарылатууну пландоо сунушталат. Айрымдар майда курулуш иштерин өздөрү бүтүрүүгө бел байлашат.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жашоого олуттуу карай турган кез келгени дагы бир ирет тастыкталат. Медицинанын, табияттын жашыруун сырларына кызыгуу артат. Мүмкүн, китеп окуйсуз же фильм көрөсүз. Унутчаактык бир ишти эки ирет жасоого жеткирерин эске алып, керектүүлөрдүн баарын тактап, анан ишке киришиңиз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Туугандардан жардам күтүп, терс жооп алып калганда капа болуп калууңуз мүмкүн. Күтө турсаңыз иш оң жакка чечилет. Жылдыздар сүйүүгө, жан шерикке мамилеңизди өзгөртүүгө чакырат. Балдарга салт-санаа, улуттук кийимдер, конок күтүү жөрөлгөлөрү тууралуу маалымат берүү сунушталат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Банктан алган насыя маселесин чечүү, аласа-береселерди тактоо менен алектенесиз. Жеке ишканаларда иштегендер үчүн жумуш жаатында өзгөрүүлөр болот. Сизге пайда алып келе турган маалымат угасыз. Бойдоктор махабатка туруктуу экенин жагымсыз шарт жаралганда далилдөөлөрү керек болот.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Учурдагы жазгы иштерди бүтүрүүгө аракеттениңиз, убакыттан уттурбаңыз. Досуңузга акыл-кеңешиңиз керек болот. Үйдөгүлөргө доомат артсаңыз чыр чыгат. Өзүн жакшы сезбегендер буга чейин колдонбогон дарыны ичүүдөн кармануулары кажет.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаңы кызыкчылыктар жаралат. Фантазияңыз өсөт, бирок бир иштерди жасап жатып ашыкча кетпеңиз. Телефон аркылуу бир маселени чечүүгө аракет кыласыз. Үйдөгүлөр менен сыр чечишип, жарпыңыз жазылат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Ойлор жана сезимдер ачык жана так айтыла турган күн. Үйдөн бирөө кетирген катасын сизге шылтагысы келет. Айрымдар мамлекеттик органдарга жеке маселеси менен кайрылышат. Бирге иштешкендер сунуш менен кайрылышы мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жакын адамыңыз менен көптөн берки көйгөйлөрдү териштирип жеңилдеп каласыз. Каржы иштери канааттануу алып келбейт. Сиз уккан кабар маанайыңызга бир топ таасир этет. Үйдү, короо-сарайды иреттөө керектелет.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жеке жашооңузда кризистин болушу күтүлүүдө. Андыктан анын алдын алып, баарын туура жайгарууга киришиңиз. Көптөн бери көрө элек досуңуз жаңылыгы менен бөлүшөт. Майда оңдоп-түзөө иштерин өзүңүз бүтүрүүгө бел байлайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан