Алтынай Нарбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "БЕШ БАЛАСЫ ТОГОЛОНУП АЧКА ЖАТКАН ҮЙ-БҮЛӨНҮ КӨРҮП ЫЙЛАДЫМ"

Өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден баштап жардамга муктаж жарандарга кол сунгандар көп болууда. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева да бар. Дүйнө элинин башына түшкөн сыноодон ырчы айым кандай сабак алды? Кайрымдуулук кылууда кайсы көрүнүшкө ачуусу келди? Жообун маектен окуңуз.

– Алтынай эже, ыктыярдуу жардам берүү идеясы сизге качан келди?

– Менин мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштээримди билсеңиздер керек. Карантин башталганда үйдө отуруп калдык. 3 бөлмөлүү батирде жашагандыктан үйгө батпай кеттим. Балконго чыгып бакыргым келет десең. "Мен эмнеге үйдө отурам? Дарыгерлер, милиция кызматкерлери жанын тобокелге салып иштеп жатышат, менин жаным алардыкынан артыкпы?" деп ойлондум. Жардамга муктаж толтура адам жазып, чалып жатышты. “Мен элге жардам бергени жатам” десем, Эрнис Бөрүбаев “мен да жардам берем" деди. Анан Талант Сагынбаев, Сагын Эргешов кошулду. 30 адамдан турган “Өзгөн өнөрпоздору" деген бирикмебиз бар. Демилге көтөрүп чыгып, өз каражатыбыз менен элди бир айландык. Эл “булардын демөөрчүлөрү бар” деп ойлоп калышты окшойт, телефонум чалуулардан жарылып кете жаздады. Анан шеринелеш эжелердин "Алтын тамыр" деген уюмунан жардам сурадым. Алар жардам берди. Ошентип уланып кетти. Азыр чет жактан да жардамдар келип жатат. Ошого жараша жардам сурагандар арбын. Эртең менен үйдөн чыгып кетип, кечинде келип жатам.

– Элге жардам берип жатып зээниңиз кейиген учурлар болсо керек?

– Менин жүрөгүм эненин, мугалимдин жүрөгү. Ишенсең күнүгө 3-4 жолу ыйлайм. Бир жолу бир үй-бүлөнүн 5 баласы 5 жерде тоголонуп, суу гана ичип жатып калганын көрдүм. Мындайды көрүп кантип ыйлабайсың? Көрсө, бизде көп үй-бүлө жакыр жашайт экен. Барсак байкуштар ата-энеси, бир тууганы келгендей сүйүнүшөт. Кечке ушундай жүрөк ооруткан эмоциялар менен жүрүп, үй-бүлөмө ошол маанайды алып барбайын деп абайлайм. Балдар үйдө отурушат, келиним кош бойлуу, кичинекей кызым бар дегендей.

– Кооптуу абалда эл арасында жүрүп өз саламаттыгыңызга кандай кам көрүп жатасыз?

– Өтө этият мамиле жасап жатабыз. Бет капты тез-тез алмаштырып, колду жууп, коргоочу атайын кийимдерди, бут кийимдерди кийип алабыз. Үйгө келгенде балдар менен алыстан учурашып коём. Сактыкта кордук жок дегендей, үйдөгүлөрдөн алыс болгонго аракет кылам.

– Карантинде үй-бүлөлөрдө пикир келишпестиктер күчөп кеткени айтылып, талкууланууда. Сиздин үйдө андай маанай жокпу?

– Мен кечке сыртта жүргөнүм үчүн биздин үй-бүлөдө андай жагдай жаралган жок. Эртеден кечке тиктешип отура берсе күйөө-аялдын, эже-сиңдинин ортосунда "сармерден, айтыш" башталып кетиши турган кеп. Муну мен аял катары түшүнө алам. Бирок жарандарды сабырдуу болууга чакырат элем. Буюрса, аз күндө бул апааттан чыгып кетебиз.

– Бул кырдаалда өзүңүз депрессияга түшүп калган жоксузбу?

– Үйдө отуруп калганда кадимкидей депрессияга түштүм. Анткени 3 жолу жол кырсыгына кабылгам, бир жолу унаанын ичинен чыга албай калып, араң чыгарышкан. Ошондон улам коркуп калгам. Лифтке өмүрү түшпөйм, үйдүн ичинде көпкө жалгыз кала албайм, учакта оозумдан келмем түшпөйт. Үйдөн чыга албай отуруп калганда аябай жаман болдум. Элге жардам берип сыртка чыгып кеткеним жакшы болду.

– Инстаграмдагы баракчаңызга өзүңүз тууралуу эсселерди таасирдүү жазасыз. Күчтүү аялзаты экен деп калабыз. Күчтүү аялзаты болуу ген аркылуу берилеби же кайсы бир кырдаалдар, сыноолор күчтүү кылабы?

– Ооба, эмоция толуп турганда өзүм тууралуу жазып калам. Апам, атам, бир туугандарым же капыстан жолуккан адамдын тагдырын жазам. Андай баяндарымдын да күйөрмандары арбын. Күчтүүлүк боюнча айтсам, күчтүү инсандарды ошондой энелер төрөйт. Ошондон улам "энеси жаман эзели оңолбойт" деп айтылып калса керек. Аталар капа болбостур, “ата сырткы тон” деп коюшат. Баланын ички өзөгүн көп учурда эне түзөт. Мен күчтүү аялдын жүрөгүнүн алдында жатканым үчүн сыймыктанам. Апамдын бейишин берсин!

– Келиндүү болдуңуз, күчтүү, кеп-кеңешке бай кайнене болуп жатсаңыз керек?

– Келин алган сонун экен. Келиним бардык жагынан келишкен келин. Мени тартып сологой, фортепианодо ойнойт, кесиби юрист. Орусияда окуп келгени үчүн кыргызча жакшы билбейт, ошондуктан үйдө кызыктар көп болот (күлүп). Азыр боюнда бар. “Эмне жейсиң?” деп көп сурап жаткан учурум. Үйгө келсем тамак-аш белен, үй таза, “апалап”, “аталап” турат. Башка эмне керек мага, туурабы? Бактылуумун, ар бир үйгө меникиндей келин келсин. Кайненем экөөбүздүн да мамилебиз жакшы. Ал мага "сен мага жасагандай жакшы мамилени келиниң сага да жасайт" дечү. Айтканы келди.

– Карантин бүткөндө алгачкы жасай турган жумушуңуз же сапарыңыз?

– Быйыл апрелде концерт бермекмин, аябай даярданып жаткам. Эми бул буйрук эмес экен. Карантин бүтөрү менен өнөр адамдары чогулуп түлөө берели деп жатабыз. Алгачкы жасай турган жумушум ушул.

– Бул вирус жалпы адамзатты татаал сыноодон өткөрүп жатат. Мындай кырдаал сизди эмнеге үйрөттү?

– Мени бул абал жашоону барктаганга үйрөттү. Көп адамдын жашоосун көрүп биздин жашоонун кадырын сездим. Тойлор токтоп, акча жок болуп калса кандай болорун билдим. Эң негизги сабагы – оор учурда тилектештер менен чогуу болуу эмне экенин сездирди.

– Маек соңунда сизге эркин микрофон...

– Биз жардам берип жүргөндө кепедей тар үйдө 5 бала менен жашап жаткандар кезикти. Ушундай шартта жашаган адам күнү-түнү ойлонушу керек деп ойлойм. "Менин колумдан эмне келет? Кантип бул абалдан чыгам?" деп издениши керек. “Алма быш, оозума түш” деп жата берген болбойт. Ар бир баланы биз өзүбүз үчүн төрөйбүз. Анан отуруп алып “менден кабар албай койдуң, бирдик сал, насыямды төлөп бер” дей берген болбойт. Биз жүрөктөн чыккан кичине каражатыбыз менен жардам берип жатабыз. Мен деле жөнөкөй мугалиммин. Эң негизгиси, биргеликте кол кармашып ушул абалдан чыгып кетели.

– Айтканыңыз келсин! Маегиңизге рахмат!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Zhanybek88
2020-04-15 10:23:46
Бычак мизиндеги жашоо сериалы качан чыгат админ
+2
Baha.A
2020-04-15 12:01:08
Zhanybek88, Кошулам. Уйдо отуруп зериккенде жазып тургула да ,бияктан вурус жукпайт ко! Ай караган текедей кылбай!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
+1
admin_portal
2020-04-15 12:44:32
Zhanybek88, эртең, 16-апрелде чыгат.
+1
munduz2016
2020-04-16 16:37:50
Бар болуңуз Алтынай эже!!!
+1
mela
2020-04-18 14:16:37
Бироо аябай ыйлап,жардам сурап интернетке жазыптыр.Байкем чалып «эмне керек»-десе,
ал «эмне жумуш кыласын»-дептир.
Анан «бытовая техника сатам»-десе, анда «продукты бар, холодильник алып берчи»-дептир...
Байкем 2-3мин сомго продукты алып берейин деген экен,тан калып эле , жок дей албай, кичине холодильник алып барып берсе, уйундо бут жаны бытовая техника бар экен. Кайра алып кете албай,кудайга койдум дейт....
Ушундайлар да бар....Кобу озу барбай,берип жиберишет экен.
+1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан