ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Өз жашоосунда Айдар мынчалык бактылуу болбосо керек. Апаң бир айга кетсе же бир жума жок болсо ээнсиреп кетесиң. Ал эчен жыл ошол сезим менен жашады. Өксүгү толукталгандай, ызасы жок болуп кеткендей сезилди. Мына, апасы жанында. Күндө жүзүн, жылмайганын көрө алат. Кээде апасы кичине кезиндегидей чачын уйпалап коёт. Акырын батынбагандай бул кыймылында сүйүү жатканын сезет Айдар. Мындан артык бакыт барбы? Көздөрү кайгылуу, көз карашы терең. Ушундан уламбы, апасы ушунчалык сулуу сезилет. Жылмайганы аяр, назик, куду күлгөнгө акысы жоктой күнөөлүү жылмаят.

Эрнистин чакан үйүндө ага бөлмө бөлүп беришкен. Эртең менен туруп апасынын ага арнап бир нерселерди даярдап жатканын сезет. Сезет да жуурканына кирип жылмайып алат. Кээде атасы экөөнүн тиричилик тууралуу кобурашып жатканын угуу андан да ырахат. Үй-бүлө бакыт тура, жөн эле ушул тиричилик тууралуу сөздөр, идиштердин каңгырашы сонун тура. Эртең менен тамагын ичип алып Айдар Айгеримге жөнөдү. Билет, ал аны кечирбейт. Балким, жүзүн деле көрсөтпөйт, бирок баары бир жолугушу керек.

– Айгеримге барасыңбы?- деди атасы.

– Ооба, бүгүн келбесем, милицияга кабар бергиле, анткени колуна тийсем аман чыкпашым мүмкүн,- деди Айдар тамашага бургусу келип.

– Акыры сени кечирет,- деди атасы да күлө. Айдар чыгып кеткенден кийин Эрнис Асияга суроолуу карады.

– Качан айтасың?

– Билбейм.

– Апасын эчен жылдан соң тапкандан кийин кайра жоготуу ага канчалык оор болорун билесиңби? Араң өзүнө келди, бул соккуну көтөрө алабы? Сен анын сырткы күчтүү турушуна алданба, ал экинчи жолкусуна туруштук бере албай калышы мүмкүн.

– Калбашым керек беле?

– Эми...

– Мен да кетишим керек экенин билем, бирок ал "апа, кетпе" деди. "Өмүр бою ушул жеримде өксүк бар, сенсиз бүтүн боло албайм" деди. Аз болсо да бүтүн болушун кааладым, баасы канча болсо да болсун, мен ага карызымдан кутулбай кете албайт элем. Мен уулума карызмын. Эч кимдин энчисине баласына карыз болууну жазбасын. Бул оор жаза, жүк. Мен кете албадым, билем, кайра эле бул чыккынчылык, пастык, өзүмчүлдүк. Бирок кете албадым. Адам кээде аз көз ирмем үчүн көп нерсеге көз жумат экен.
– Эми эмне болот?

– Жашап көрөбүз. Сен капа болбо.

– Сага айткан жеңил, сени көрүп бир күндө жүз жолу өлүп, кайра тирилип жатам.

Асия биринчи жолу Эрниске тике карады, мээрим төгө карады. "Баары жакшы болот, ишен мага" деди ичинен.

ХХХ

Эшикти ачып, маңдайында Айдар турганын көрүп Айгерим селт эте кетенчиктей берди. Алгач киргизбей туруп жүзүнө эшикти жаап салайын деди. Жабайын деп баратып колдору шалдая түштү. Аргасыз үйгө киргизди. Бөлмөгө кирген Айдар анын жалгыз экенин көрдү.

– Жалгызсыңбы?- деди ал.

– Таежем базарга кеткен.

Кыз терезени тиктеп, далысын салып турду. Арыктап кетиптир. "Акмакмын мен, бул кызга такыр татыктуу эмесмин. Келесоо Айдар" деди өзүнө-өзү.

– Эмнеге келдиң?

– Билбейм, жөн эле...

Кыз ага жалт карады. Көзүнө толуп турган жаш мөлт этти. Ошол жаш менен кошо жигиттин жүрөгү үзүлүп кеткендей сезилди. Жетип барып кучактамакчы болду эле, кыз чегине берди.

– Жакындаба, тийбе мага. Сөзүң болсо алыс туруп сүйлө.

– Сөзүм деле жок, жөн эле келгем...- деди жигит шалдайып.

– Менин сөзүм бар.

– Айт...

Кыз жигиттин жанына келди да, болгон күчү менен жаакка чапты.

– Айка...

– Ооруйт бекен? Менин жүрөгүм да ооруду. Мени куурчак кылып көнүп калгансың, өзүм да күнөөлүүмүн. Күчүктөй артыңдан ээрчип, оозуңду тиктеп, эмне десең ошого макул болдум. Жетишет! Мындан ары куурчагың жок, уктуңбу? Мындан ары мурунку Айгерим жок. Муну алдагы мээңе киргиз.

Кыздын жалтыраган көздөрүн карап Айдар чын эле коркуп кетти. Анткени кызда мурун көрбөгөн бир күч бар болчу. Эмне дээрин билбей калды.

– Мени түшүн, апамды көргөндө өзүмдү жоготуп жибердим. Арак ичтим, көрүнгөн жерде түнөдүм, жок болуп кетким келди.

– Ошол учурда бир жолу “Айгерим байкуш эмне болду?” деп ойлодуңбу?

– Ойлогон жокмун. Анткени өзүмдү жоготуп жибердим. Мен...

– Дагы да болсо сен! Сенин атаң, апаң, жоготуп алган карындашың. А мен экинчи же үчүнчү пландамын. Балким, мен планыңда такыр жокмун. Мени күттүрсө болот, мени ыза кылса болот, мени тоюмда таштап кетсе болот. Ал эми кечирим сураса болбойт, ээ? Качан мен сенин биринчи планыңа кирем? Жок, айтпа, мен эч качан кирбейм. Ошондуктан биздин жолубуз эки башка.

– Айка...- деди Айдар акырын. Бир нерсе дей турган болуп барып токтоду. Анын айткан бардык сөзү туура. Бир эле нерсе жаңылыштык болчу. Айдар бул кызды өтө аяганы үчүн, ага оордук келтирбөө үчүн, өзүндөгү ыза, өксүк, бактысыздык ага тийбеши үчүн алыс кармачу. Арткы планда калтырганы да аяганынан. Жүрөгүнүн эң аялуу жеринде болгондуктан, кээде өзүнөн да коргочу. Эми азыр буларды кантип түшүндүрө алат? Селдейип эшик тарапка басты. Кыз анын аркасынан тиктеп турду...

(Уландысы кийинки сандарда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
rtuiop
2020-04-16 16:47:53
Бббббутурбойсунорбу нары
0
rtuiop
2020-04-20 22:45:34
Кана жаны саны?
0
Kanykei_95
2020-04-22 23:51:45
жанысы канааааааааааааа?
0
tynar92kg
2020-05-11 09:09:44
Супер инфо бир ай мурункуну чыгарып жатасынарго. Адашпадынарбя?
+1
Ai_2699
2020-05-11 15:39:50
Мурункуго
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан