КОЙ (21.03-20.04)
Губка сымал терс энергияларды сиңире берүүнү токтотуңуз. Маанайыңызга эле эмес, ден соолугуңузга да зыян. Гардеробду аңтарып, жылуу кийимдерди салыштырып, жайкыларын алып чыксаңыз болот. Жумушунда иштеп жаткандарга жылдыздар көз боёмочулуктан алыс болууну эскертишет. Үйдө сиздин пикир чечүүчү добушка ээ болот.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жашооңузда кара сызык башталгандай сезилет. Буга иштин токтогону же бүлүккө салган ойлордун көптүгү жеткирет. Үйгө керектүүлөрдү алууда 2 же 3 жердеги дүкөн баасын салыштырып, анан алууну унутпаңыз. Майда иштерге жана сөздөргө көңүл буруунун кереги жок.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эски сүрөттөр өткөн жашооңузду эске салып, өткөн-кеткендерге талдоо жүргүзөсүз. Ностальгияга чулганасыз. Кесиптешиңиз кабар айтат. Бирөөлөрдөн бир нерсени алдыруу же берип жиберүү маселеси чыгат. Балдар сизге чоң жардамчы болуп бере алышат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кошунаңыз менен анын тартипти сактабагандыгы же таштандыны сиздер жакка таштагандыгы үчүн урушуп калышыңыз ыктымал. Жөө бир топ алыс жерге керектүү ишти бүтүрүүгө барасыз. Акча, документиңизди абайлаңыз, үйдө калтырып же жолдо түшүрүп алышыңыз мүмкүн.
АРСТАН (23.07-23.08)
Балдарды окутуу жаатындагы маселе боюнча мугалимге же башка ата-энеге кеңеш сурап кайрыласыз. Айрымдар чөнтөк телефонду же компьютерди оңдотуу маселесине кабылат. Муздак жерде иштөөдөн, эскирген тамакты жеп алуудан оолак болуңуз. Үйдөгүлөрдүн сынына юмор менен жооп берип, утуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакшы идеялар, келечекке мыкты ойлор жаралат. Эркектерге сантехника, электр жабдыктарына байланыштуу иштер чыгат. Колдо болсо азыктан же кийим-кечеден муктаждарга кайрылыңыз. Сооп табасыз. Талаада же огороддо иштегендерге камкордук көрүүгө туура келет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Карантинде отургандар үй шартында кандай спорттук көнүгүүлөр менен машыкса болоруна кызыгышып, керектүү маалыматты издешет. Короонун бузулган жерлерин оңдоо, эшик алдын жаан-чачын тийбегидей кылып тосуу үчүн канча каражат кетерин эсептеп чыгасыз. Малды, сырттагы буюмдарды ууруга алдырып коюудан сак болуңуз. Бирөөлөрдүн сырларын угушуңуз мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Буга чейин чарчап жүргөнүңүздүн, акча табуу керек деп тытынып иштей бергениңиздин залалы өнөкөт ооруңуздун козголгонунан билинет. Врачка барууга мүмкүн болбосо, мурун колдонгон дарыларды кабыл алганыңыз оң. Сагынып жүргөн адамыңыз менен сырдашууңуз ыктымал. Коомдук активисттер бир кырдаалдан улам бийликке нааразычылыктарын билдиришет.
Ойлогон ойлоруңуздун ишке ашпай жатышы түйшөлтөт. Бир калыптагы жашоо жадатып, эмне кылып жашоого жаңылык киргизем деп кейийсиз. Балдарга ойноо үчүн селкинчек жасап, кум менен ойноого кум аянтчасын уюштуруп бериңиз. Жашылчаларды өстүрүүгө жер аянттарын даярдай баштооңуз ыктымал.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Туугандар жамандыкта, анан жакшылыкта билинет дегендей, алардын кимиси сизге күйө турганын билесиз. Кышкы кийимдерди жууп-тазалап, ордуна койсоңуз жакшы. Айрымдар үй-бүлөсү үчүн чакан мончо курууга камынышат. Аны куруу сырларын билгендерден суроо ашыкча болбойт.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Каяша айтардан мурда улуулардын айтканы канчалык туура экендигин анализдеңиз. Алар тажрыйбалуу болгондуктан, жакындарын эч качан жамандыкка кыйбайт. Аллергия болуп кетпөө үчүн эски нерселерди жыйыштырууда, огород, бакчада иштөөдө абайлаңыз. Маанайын көтөрүү үчүн бирөөлөргө телефон чаласыз.
Уккан жаңылык бир аз чочулатат. Кожойкелерге жазгы көк чөптөрдөн тамактарды жасап берип, үйдөгүлөрдү кубантуу сунушталат. Балдар ойноп жаткан кезинде бир жерлеринен жаракат алып калбашы үчүн көз салуу керектелет. Сатып алып келген нерселерди дароо тазалоодон өткөрүп, анан колдонууну унутпаңыз.