ЭЛДИН БАШЫНА СЫНОО ТҮШКӨНДӨ КАЙРЫМДУУЛУК КЫЛЫП ЖАТКАН ЖЫЛДЫЗДАР СҮЙЛӨШӨТ

Карантиндин запкысы эң биринчи күнүмдүк тамагын күнүнө тапкан үй-бүлөлөргө тийди. Бир заматта миңдеген адамдар ишсиз калып, алардын жашоосу оор сыноого кептелди. Ушундай учурда кайрымдуу адамдардын жардамы андай үй-бүлөлөргө жөлөк-таяк болууда. Маданият өкүлдөрүнүн арасында да өз өмүрлөрүн тобокелге салып эл аралап, муктаждарга азык-түлүк таратып жүргөндөр бар. Алардын айрымдары менен байланышып, кебин уктук.

Данияр Эрматов, ырчы: «УНЧУКПАЙ ЖАРДАМ БЕРСЕҢ, ЭЛ «КАНА ЖАРДАМ БЕРГЕНИҢЕР?» ДЕЙТ ЭКЕН»

– Мен ырчылыкка жаңыдан аттанган учурда эле колумдан келишинче кайрымдуулук кылчумун. Мындан 5 жыл мурун «Супер-Инфо» гезитине берген маегимде да «акча төлөп «Көгүлтүр от» сыяктуу телеберүүлөргө тартылгандан көрө, карылар үйүнө керектүү буюм алып бергеним артык» дегем. Айткан сөзүмө туруп, ошол жылы карылар үйүнө жардам көрсөтүп, «Көгүлтүр от» берүүсүнө тартылган эмесмин. Карылар үйүнөн алган ыраазычылык каттарым бар. Коронавирус илдети бизге жете электе деле жардамга муктаж адамдарга кол сунуп, колумдан келишинче жардам берип келгем. Эл башына кыйын күн түшкөндөн бери бир топ үй-бүлөлөргө кол сундум. Кылган ишимди менден жардам алгандар билсе болду деп эле жүргөм. «Оң колуң бергенди сол колуң билбесин» деген кеп бар эмеспи. Бирок мага көптөгөн каттар келе баштады. «Ушундай күндө эмнеге элге жардам бербейсиңер?» деген сыяктуу. Илимдүү, билимдүү адамдар менен кеңештим. Алар да «силер эл көзүндөгү адамсыңар, жакшылык иштериңерди элге көрсөтүп турушуңар керек. Силерди ээрчип бир топ адам кайрымдуулук иштерин жасоого бел байласа жакшы да» дешкенинен кайрымдуулук иштерим тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчам аркылуу көрсөтө баштадым. Колдон келишинче коопсуздук жагын да ойлоп, адамдар менен кол алышып учурашпоого, дайыма бет кап, кол кап менен жүргөнгө аракет кылып жатабыз. Учурдан пайдаланып, бардык мүмкүнчүлүгү бар адамдарды кайрымдуулук кылууга чакырат элем.

Борончу Кудайбергенов, куудул: «150 ТОННА УН, ЧАЙ, МАЙ, ШЕКЕР ТАРАТУУДАБЫЗ»

– Карантиндин алгачкы 10-15 күнүндө эч жакка чыкпай үйдө отурдук. Себеби эл ал кезде жардамга муктаж эмес болчу, колунда болгон азык-түлүгү менен азыктанып тынч жатты дегендей. Анан акырындап тааныш, тууган-туушкандарга каралаша баштадык. Андан соң тамадалар ортодон каражат топтоп, 60-70 үй-бүлөгө колубуздан келишинче жардам көрсөттүк. Канттагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү, досум Тентишев Эркин Саткынбаевич менен биргеликте 150 тонна ун, бул 3 миң кап болот экен, ар бир кап унга бирден чай, май, шекер кошуп Чүй өрөөнү боюнча муктаж үй-бүлөлөргө таркатып жатабыз. Азыркы тапта дагы 10-15 күндүк таркатуу иштери планда турат. Буга чейин бир топ жылдан бери кайрымдуулук иштери менен көп алектендик, соопчулук үчүн аткарып жаткан ишибиз жөнүндө айтчу эмеспиз. Быйыл айтып коюуга туура келип жатат. Себеби «эмнеге ушундай күндө элге жардам бербейсиңер?» деп жатышпайбы. Жер-жерлерди кыдырып, айыл өкмөттөрү, имамдары менен байланышып, азык-түлүккө муктаж, жакыр жашаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн дарегин алып жатабыз. Ар кандай адамдарды жолуктурат экенсиң, колунда бар туруп «бекер азыкты алып коё берели» дегендери да чыгат экен. Азыркы күндө калктын орто жашаган катмары да кыйналып калды. Дегеним, күндө иштеп, акысын күнүнө алгандар, айлыкка жашагандар батынып жардам сурай алышпай, же кантип оокат табуунун айласын таба алышпай убара.

Эркин Рыскулбеков, алпаруучу:
«2000ге ЧУКУЛ ҮЙ-БҮЛӨГӨ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮГӨ ҮЛГҮРДҮК»

– Муктаждарга жардам берүү демилгеси менен алпаруучу Нурсултан Майназаров жана «Элим, барсыңбы?» фонду аркылуу көптөгөн өнөрпоздорду чогулттук. Кудай буюрса, Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси боюнча 2000ге чукул үй-бүлөгө жардам көрсөтүүгө үлгүрдүк. Кароосуз калган кары-картаңдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, кичинекей бир бөлмөдө 6 баласы менен ачка отурган үй-бүлөлөрдү көргөндө жүрөгүң ооруйт. Үйгө «дагы кандай жардам кылсам болот?» деген ой менен кайтасың. Биз телефон аркылуу сүйлөшүп, айтылган дарекке азык-түлүгүбүздү көтөрүп барып жатабыз да. Баргандан кийин жашоо шарты жакшы экенин көрүп, алып баргандарыбызды бербестен артка кайткан учурлар болууда. Жардамды чыныгы муктаж адамдар алса дейт экенсиң. Ошол эле учурда 1 литр майы ашыгыраак бар болсо, ошону «муктаждарга жеткирип койсоңор» деп келгендер бар. Колунан келгендер 1000-2000 долларга чейин жардам берип жатышат.

Асел Кадырбекова, ырчы:
«КӨБҮНЧӨ ООРУЛУУ БАЛДАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ КОЛ СУНДУК»

– Биз, ырчылар Сайкал Садыбакасова, Малика Дина үчөөбүз биргеликте каражат топтоп 10 үй-бүлөгө азык-түлүк жагынан жардам көрсөттүк. Көбүнчө ДЦП диагнозу бар балдардын ата-энелерине кол сундук. Андан тышкары жалгыз бой энелерди тандадык. «Шаардын ичиндегилерге эле жардам берип жатасыңар» деген каттар көп келгендиктен, мүмкүн болушунча шаар сыртындагы айылдарга барууга аракет кылдык. Негизи элге көрсөтүп берген кайрымдуулуктар, анан көрсөтпөй берген кайрымдуулуктар болот да. Бул ирет биз башкаларга да үлгү бололу деген максатта элге көрсөтүп берүүнү туура көрдүк. Буга чейин муктаж адамдарга жардам берген учурларыбыз көп эле болгон.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nestana95
2020-04-16 10:14:27
Элим барсынбы?-фондуна жана анда иштеген кызматкерлер,жардамын аябаган ырчыларга чон рахмат)))15-апрелде классташ кызымдын да муктаждыгы бар экенин айткан элем)))Кечээ кечинде жеткирип беришиптир,аябай суйундук.... Себеби ал кыз озундой 7 киши (коляскачандар) менен турушат.Баарына бинт, левомеколь керек деп баарын тушундуруп бергем.Баарын жеткиришиптир.Сиздерге рахмат
+1
Shaa-82
2020-04-17 12:00:19
Азаматсынар!!! Рахмат Аллах ыраазы болсун!
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан