«Көктөм эле» ырын 2002-жылы ырчы Кенже Кубатова алгачкылардан болуп комуздун коштоосунда ырдап чыкты. Бирок ырдын обонун жараткан Калмурат Рыскулов негедир бул ырдын эстрада жанрында жаңырышын эңсеп жүрдү. Кайсы ырчы жүрөккө жеткире ырдай аларын да элестетип койгон. Ички туюму «Салима Балтаева гана жеткире ырдайт» деп турду. Бир күнү ырчыга барды да:
– Салима, ушул ырдын сенин үнүң менен жаңырганын элестете берем. Ырды эстрада жанрына салып ырдап чыкпайсыңбы?- деди. Ыр көңүлүнө жагып турса да Салима Балтаева бир аз кыйылып турду, мунун себеби бар эле.
– Калмурат, карга карганын көзүн чукубайт. Кенже досум болсо, бул ырыңды ал ырдап жүрсө, менин да ырдап чыкканым кандай болуп калат?
– Кенже капа деле болбойт.
– Жок, капа болбойт дебей, Кенженин өзүнөн сура. Ал макул болсо гана ырдайм,- деп маселени кабыргасынан койду ырчы. Калмурат мырза Салима Балтаеванын бул сунушун четке каккан жок. Кенже Кубатовага барды да, макулдугун алып келди. Обончуга башында эле Кенже Кубатова каршы болбосу белгилүү эле. Анткени анын кең пейил экенин жакшы билчү. Мына ушул окуядан тартып «Көктөм эленин» жаңы тарыхы башталды.
Салима Балтаева, ырчы: «БАКТЫМА ЖАРАЛГАН ЫР БОЛДУ»
«Көктөм эле» ырына экинчи өмүр тартуулап, авторлордун да, элдин да купулуна толгудай аткарып чыккан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Салима Балтаева ырдын тарыхын баяндап берди.
– «Көктөм эле» ырынын жолу ачык болду. Аранжировкасын жасатуу үчүн буга чейин ырдап жүргөн «Эне тилеги», «Сагындым, туулган жер, сени», «Биздин айыл» ырларымдын аранжировкасын жасаган композитор Мырзалы Жээнбаевге кайрылдым. Мырзалы курсташым болот, ырдын обону ага да жагып, аранжировкасын бат эле жасап берди. Ырдын сөзү Сооронбай Жусуевге таандык эмеспи. Ага «сиздин ырыңызды ырдаганы жатабыз» деп кайрылып, батасын алдык. Ал киши балбалактап сүйүнүп «жакшы болот» деди. Ырды жаздырар алдында Калмурат «обонду кээ бирөөлөр туура эмес созуп коюшат. Бирок сен профессионал ырчысың, ишенимдүү ырдашың керек» деп кабатыр болуп, комузу менен 3-4 жолу келип үйрөтүп жүрдү. Ошол кезде Бишкектеги Спорт сарайында үн жаздыруучу студиялар бар болчу. Ырды жаздыргандан кийин Калмурат угуп көрүп, «мен ушундай элестеткем» деп абдан сүйүндү.
Ал кезде концерттерге байма-бай катышып турчумун. Бул ырды радиолорго деле бербептирмин. Концерттерден ырдаганымды угуп радиолордон чалышып, «сиздин ушундай ырыңыз чыккан турбайбы, алып келип бербейсизби» деп сурай башташты. Ыр радиолордон жаңырып, телеберүүлөргө чакыра башташты. 2 айга жетпей ыр элге тарап кетти. Кассеталарга жаздырып чыгара башташты. Жолу ачык, акжолтой чыгарма болду. Ошондон кийин Калмурат мүдөөсү аткарылгандай кубанып, башка ырларын да сунуштап, иштешели деп жүргөн кезинде каза болуп калып жатпайбы. Көзү тирүүсүндө ушул ырын өзү каалаганындай ырдап, кандайдыр бир деңгээлде кубаныч тартуулай алганыма сүйүнүп калам.
Калмураттын биринчи жеке концертине катышкам. 2004-жылы экинчи жолу концерт бергенде кош бойлуу элем. Токсикоз болуп, кусуп, өзүмдү жаман сезип жүргөм. Бул абалымды кош бойлуу болгон келиндер жакшы түшүнсө керек. Ошол күнү тойго чакыруу да бар болчу. Кийин жолукканда «концертиңе бара албай калганыма өзүмдү күнөөлүү сезип, ыңгайсыз болуп жатам. Тойго да, сенин концертиңе да бара албай калдым» дегем. Таарынып жаман сөз айткан жок. Бирок кийин «эптеп жолун таап, концертине барып келсем болмок» деп өкүнүп жүрдүм.
Азыркыга чейин бул ырды суранып ырдатышат. Маараке-тойлорго атайын ушул ыр үчүн чакыргандар да бар. «Кайсы Салима?» десе «Көктөм эле» дегенди ырдаганчы» деп айтып калышат.
Ал эми Сооронбай Жусуев агайыбыз чыгармачыл кечесине мени сөзсүз чакырар эле. Ал киши балдарына «менин жанагы «Көктөмдү» ырдаган кызымды чакыргыла» дечү (күлүп). Агайды иш-чаралардан көрүп калып учурашканы жанына барып калсам, жанындагыларга «бул жанагы «Көктөмдү» ырдаган менин кызым да» дечү. Алар «билебиз» десе да, «бул жанагы кызым да» деп кайталап мактап калар эле.
Бул ыр Салима деген ысымым менен кошо жүргөн, чыгармачылыгымда чоң орду бар, популярдуулугумду арттырган ыр болду. Кайсы жакка барбайын, «менин бактыма жаралган ыр» деп айтып келем.
Кубат Болотканов, Калмурат Рыскуловдун досу: «КАЛМУРАТ КЫРГЫЗ МУЗЫКАСЫНА ТООДОЙ САЛЫМ КОШУП КЕТТИ»
Музыкалык билими жок болсо да көкүрөгүндө көрөңгөсү бар талант Калмурат Рыскуловдун көзү тирүү болгондо быйыл 46 жашка чыкмак. Жан дүйнөнү эргиткен далай кайрыктарды жаратмак. Кырчындай 30 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салып, артына өчпөс из калтырып кеткен обончуну досу Кубат Болотканов эскерет.
– Мен КМУнун юридикалык факультетинде, Калмурат филология факультетинде окучубуз. Окуу жайда Ноорузга, Жаңы жылга байланыштуу маданий иш-чаралар өткөрүлүп турчу. 1-курста окуп жүргөндө ошондой майрамдык иш-чаралардын биринде манасчы Рыспай Исаков жана Калмурат менен таанышып калганбыз. Рыспай манас айтып, Калмурат комуз менен ырдачу. Ошентип Калмурат экөөбүз ынак болуп кеттик.
Ошол маалда Калмураттын обондоруна жазылган ырларды белгилүү ырчылар аткара элек болчу. Бирок досумдун обондору маңыздуу, терең экенин билчүмүн. Ырдын текстин да мыкты тандачу. Өзү жашаган бөлмөдө акындардын китептери турчу. Калмураттын шаңшып чыккан үнү болбосо да, комуз менен өтө сонун ырдачу. «Өмүргө адам бир келет, өмүргө адам бир белек» деген ырын укканда «түшүнүп чыгардыңбы же жокпу, билбейм. Бирок керемет ыр чыгарып салыптырсың» дегем.
Какемди мурунку салттуу обончуларыбыз Атай Огонбаев, Муса Баетов, алардан кийинки Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаковдун жолун уланткан муундардын көрүнүктүү өкүлү болду десем жаңылышпайм. Өзү билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй кыргыз музыкасына опол тоодой салым кошуп кетти.
Көзү өтөргө жакын «Көктөм эле» ыры эл арасына тарап, жакшы кабыл алынды. Андан кийин көптөгөн белгилүү ырчылар анын обонуна таандык ырларды таламайга түшкөндөй талашып ырдап башташты. Жаңы ырларын унаада баратып угуп калганда Какемди эстеп жүрөгүм ооруйт.
Куудулдук жайы да бар болчу. Бирөөлөрдү туурап, боорду эзип салчу. Саякбай манасчы агабызды баш кылып туурачу. Каралаевдин дал өзүндөй манас айтып салганда манасчынын өзүн уккандай эле каткырып жатып калчубуз. Күлкүлүү окуяларды да келиштире, укмуштуудай сонун айтып берчү. Какемдин чыгармачылыгын сыйлачумун, адамдык касиеттерин жакшы көрчүмүн. Сөзмөр эле, китеп окуганды жакшы көрчү. Кыргыз жазуучуларынын жакшы чыгармаларын, аңгемелерин окуп алып, аларды кайра кинону айтып бергендей айтып берчү.
Өзү бир сонун окуясын айтып калчу. Түгөлбай Казаков бир журналда иштеп жаткан кезде Калмурат барып калыптыр. Түгөлбай ага «канча обонуң бар?» деп сураса, Какем «40тан ашык обонум бар» дептир. «Оо, сен мыкты турбайсыңбы, Рыспай Абдыкадыров өмүрүнүн аягына чейин бир обонум бар бекен же жок бекен деп жүрүп көзү өтүп кетти эле. Сенин 40 обонуң болсо, анда мыкты экенсиң» деген тура. «Түгөлбай агайдын бул сөзүн угуп жерге кирип кетейин деп аз жерден калдым» деп күлдүргөн эле (күлүп). Түгөлбай агай да сөздү айландырып, бурап сүйлөйт эмеспи.
Тугөлбай Казаков Калмураттын «Өмүргө адам бир келет» деген ырынын нотасын түшүргөн экен. Ал деле бирөөнүн чала-чарпыт обонун нотага түшүрө бере турган киши эмес. Данектүү, дандуу обон экенин көрүп туруп түшүрүп жатат да.
Калмурат каза болордон 10-15 күн мурун Нарынга барганбыз. Командировкага баратып аны ала кеткем. Ал жакта жалгыз жүрбөйүн деп Какемди таап «комузуңду ал, кеттик» деп сапарга чыккан элек. Нарындан келгенден кийин 15 күндөн кийин көзү өтүп кетти. Каза болгонун укканда төбөмө чагылган ургандай болгон.
Коом өзгөрүп, биздин муун баш-аягы жок, чаң-тополоң түшкөн заманга туш келип калды. Ошондой маалда Какемдин турмушу жеңил болгон жок, темселеп курулушка барып иштеген күндөрү да болду. Бирөөнүн короосуна уктап калганы үчүн жалган жалаа менен 2-3 айлап камалып кеткен сыноолорду башынан кечирди. Ошентип жүрүп көкүрөгүндө көрөңгөсү бар талант жалпы баарыбызга таарынгандай жалган дүйнөдөн эрте кетип калды. Баркын биле албай калдык. Өсө турган мамлекет өнөрлүү адамдарын бапестеп, аяп, алаканга салып багат. Биздикилер тебелеп-тепсеп, кемсинтип турушат. Табияттан берилген таланты бар эле. Баалаган киши болгон жок. Өзү карапайым болчу, комузундай жөнөкөй эле. Калмураттын ырлары кыргыз эли аман турса далай ырдалат.
Калмурат Рыскулов тууралуу:
Обончу Калмурат Рыскулов 1974-жылы 18-октябрда Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. 1991-жылы орто мектепти аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырган. 1992-жылы 1-курста окуп жүргөндө акын Сооронбай Жусуевдин «Кыялды кантип тыямын?» аттуу ырына обон жараткан. Ошондон баштап «Көктөм эле», «Ат-Башым», «Өмүрдөгү бийиктик», «Өкүт ыры», «Ата Журт», «Боогачың сенин болоюн» жана башка 50гө жакын ырга обон жараткан. Обончу 2004-жылы 3-ноябрь күнү каза болгон.
«КӨКТӨМ ЭЛЕ»
Сөзү: Сооронбай Жусуевдики
Обону: Калмурат Рыскуловдуку
Оо, анда көктөм эле, көктөм эле,
Жаңы эле жаз жамгыры төккөн эле.
Капкара карагаттай көзүң менен
Карадың кирпик какпай көпкө неге?
Кайырма:
Сейилдеп бакта жүрсөк айта албадым,
Сен ошол көз карашты кайталадың.
Мээримиң төгүп турсаң көз нуруңдан,
Мен неге байкабадым, байкабадым?
Болгондур байкабастык тагдырымда,
Тагдырдын тайыздык же тардыгында.
Сезимге от тутантып да карасаң,
Сен үчүн кечер элем бардыгынан.
Кайырма:
Негедир ошол жазды эстей берем,
Эстейм да, андай жазга мен жетпей келем.
Алиги сеникиндей көз карашты,
Аттиң ай, мен эч кимден сезбей келем.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg