17-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Жаңы өзгөрүүлөргө ыңгайлашып баштайсыз. Жакын адамыңыз кемчиликтериңизди түзөөгө акыл кошот. Интернеттен үйрөнгөн нерселерди жасоого ылайыктуу күн. Бойдоктордун элге жарыя салуудан качкан жашыруун мамилелери ачыкталат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Сүйүүнүн, жашоонун маңызы эмнеде экендигин тагыраак сезип, өзүңүздү сын көз караш менен карай баштайсыз. Кечиктирбей бүтүрүү керек болгон иштерди башкаларга ишенбей, өзүңүз колго алсаңыз жакшы. Жаралган кырдаалда өзүмчүлдүк кылбаңыз, жакындарыңызды таарынтып аласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Сизди сарсанаага салган маселелер четинен чечилип баштайт. Ага жакындарыңыз салым кошот. Туура эмес сүйлөп алып бирөөлөрдүн көңүлүн оорутуп албаңыз. Дыйкандар жер семирткич, айыл чарба жаатындагы маселелер менен алпурушат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сиз кызыгып жүргөн өнөрдү үйрөнө баштаңыз, ылайыгы жана учуру келди. Балдарга этият болуңуз, кырсык – каш-кабактын ортосунда. Баалуу буюмдарды бүлүндүрүп жиберип, сизди чыгымга учуратып же ден соолуктарына зыян келтирип алуулары ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)

Үй-бүлөлүк мамилелер жаңыча жагымдуу түскө өтө баштаганы байкалат. Боор, өт оорулары барлар майлуу, куурулган тамактарды азыраак жебесе дарты козголушу күтүлөт. Жан дүйнөгө азык берчү чыгарма окуу сунушталат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Майда, тажатма иштер көп убактыңызды алат. Айрымдар үчүн үй тегерегин жашылдандыруу, короо-жайды жыйноо, көп жылдык өсүмдүктөрдү эгүү ырахат тартууламакчы. Бойдокторго сүйүктүүсүнүн колдоосу дем берип, дымагына күч кошулуп, тоодой иштерди бүтүрүүгө бел байлашат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Каржы тууралуу ашыкча баш катырып ойлонуунун кереги жок. Бардыгы өз учурунда чечилмекчи. Жаңы нерселерди үйрөнүүгө каалооңуз күчөйт. Аскер кызматкерлерине тиешелүү көйгөйлөр жооптуу органдарда каралып, чечим кабыл алынары күтүлүүдө.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чындыкты издөө, масштабдуу пландарды түзүү биринчи орунга чыгат. Чечимдерди ички туюмга, тажрыйбага таянып кабыл алганыңыз дурус. Жубайлар ортосунда талкуулануучу маселе жаралат. Аны чечүү үчүн ызы-чуусуз жерде баарлашып, эс алып отурууга убакыт табыңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Мырзалар турак жайды кеңейтүү үчүн план түзүүгө, эскирген курулуштарды бузуп, кайра куруу иштерине киришсе болот. Кожойкелер жоктон бар кылып, кол өнөрчүлүк иштери менен алектенишет. Балдардын билимин кеңейтүү үчүн өзүңүз да көп нерселерди биле баштайсыз. Достор телефон аркылуу тамашага салышы мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Киреше-чыгашаларга дыкаттык менен көз салыңыз. Балдарга керектелүүчү кийим-кече же окуу куралдарында тартыштык жаралбашы үчүн алдын алууну ойлонуңуз. Турмуш кура электердин мээсин сөз айтып жүргөн адам менен мамиле куруу керекпи же жокпу деген ой ээлейт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Таасирдүү адамдар менен сүйлөшүп, көйгөйдү чечүүгө ылайыктуу күн. Электр шаймандарын колдонууда, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө этият болбосоңуз, жаракат алып калышыңыз мүмкүн. Студенттерге айрым окутуучулары менен тил табышуу кыйынга турат.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Жакындарыңыздын бирине таарынычыңыз күчөйт. Бирок ортодогу түшүнбөстүк жакшы маанай менен аяктайт. Ооруп калгандарга кийин дарыланам деген оюн жыйыштырып, дарыгерге баруу сунушталат. Кожойкелер жөндөмдүүлүгүн жаңы рецепт боюнча тамак жасап сынайт. Өткөөл курактагы балдардын жүрүм-турумуна көз салып, туура акыл айтуу керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан