ФАСТ-ФУДДУ САГЫНДЫҢЫЗБЫ? ҮЙДӨН ШАУРМА ЖАСАҢЫЗ

Карантинде көчөгө чыга албай, баягы тез тамактануучу жайдын гамбургер менен шаурмасын сагындыңызбы? Эч нерсе эмес, учурдан пайдаланып үйдөгү менюну жаңылаңыз. Шаурма жасоонун бир нече рецептин сунуштайбыз.

КЛАССИКАЛЫК ШАУРМА

Керектелүүчү азыктар (3 порция үчүн):

Лаваш – 3 жайым

Тоок эти – 200 грамм

Помидор – 3-4 даана

Бадыраң – 3-4 даана

Капуста – кичине көлөмдүү

Майонез жана кетчуп

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Тоок этин жалпак кылып туурап, көмөч казанга май куюп, кууруйбуз. Ага татымына жараша туз, мурч кошуңуз. Эгер шаурманы пияз менен жегиңиз келсе, эт куурулуп жатканда жарты пиязды туурап кууруп алсаңыз болот. Эми соус даярдайбыз. Ал үчүн майонез менен кетчуптан 100 граммдан чуңкур идишке куюп аралаштыруу керек. Татымына жараша туз жана мурч кошуп коюңуз. Помидор менен бадыраңды тегерек формада туурап алыңыз. Ал эми капустаны ичке, узун кылып туурайсыз.

Лавашты жайып, даяр болгон соусту бетине сүйкөп, куурулган тоок этинин бир бөлүгүн саласыз. Үстүнө кезек-кезеги менен тууралган бадыраң, помидор, капустаны тизесиз. Кургак болуп калбаш үчүн лаваштын бетине сүйкөлгөн соустан кошуп коюу керек. Эми лавашты жылчыгы жок (соус агып кетпегидей) кылып ороп, ысып турган көмөч казанга тизип, эки тарабын бир аз кызарганча кактаңыз. Шаурма ысып, жегенге даяр!

ОҢОЙ ЖАСАЛУУЧУ ШАУРМА

Керектелүүчү азыктар:

Лаваш – 3 жайым

Кой, уй же тооктун эти – 200 грамм

Помидор, бадыраң – 3 даанадан

Болгар калемпири – 2 даана

Каймак май – 200 грамм

Кызыл пияз – 1 баш

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Кызыл пиязды уксуска маринаддап, ширесин чыгарып 30 мүнөт коюп коюу керек. Этти майда туурап, татымына жараша туз, татымалдарды кошуп кууруйбуз. Каймак майга татымалдарды табитке жараша кошуп, аралаштырып соус даярдап алуу керек. Жашылчаларды узун-узун кылып туурап даярдап алабыз.

Лавашты жайып, бетине каймак майдан даярдалган соусту сүйкөйбүз. Андан соң куурулган этти, тууралган жашылчаларды жана маринаддалган пиязды салабыз. Лавашты ороп, ысытылган көмөч казанга эки жагын кызарта кактап алабыз. Колдо бар азыктардан жасалган шаурма даяр!

ФРИ КОШУЛГАН ШАУРМА

Керектелүүчү азыктар:

Тоок же уй эти – 200 грамм

Лаваш – 3 жайым

Помидор, бадыраң – 3 даанадан

Пекин капустасы – 100 грамм

Картошка – 4-5 даана

Өсүмдүк майы

Сарымсак – 3 тишче

Кетчуп, майонез жана туз, мурч, татымалдар

Алгач картошкадан фри даярдап алабыз. Анын эки жолу бар.
1-жолу: Картошканы аарчып, узун-узун туурап, суусу кургагыча коё туруу керек. Анан ысып турган өсүмдүк майына боорсок бышыргандай эле кызарта бышырып алабыз.

2-жолу: Узунунан тууралган картошканы чуңкур табакка салабыз. Үстүнө 3-4 аш кашык өсүмдүк майын куюп, сарымсакты майда туурап салабыз. Ага татымына жараша мурч, туз кошуп, аралаштырабыз. Ысып турган электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, үстүнө картошкаларды бирден тизип чыгуу керек. Электр мешин 200ºС градуска коюп картошканы 20-25 мүнөткө салабыз.

Картошка фри даяр болгончо майда тууралган этке татымына жараша туз, мурч кошуп кууруйбуз. Помидор бадыраңды фринин формасында туурап алабыз. Лаваштын бетине майонез менен кетчуп аралашкан соусту сүйкөп, андан кийин пекин капустасынын жалбырактарын төшөйбүз. Үстүнө куурулган этти, тууралган жашылчаларды, фри жана соустун калганын салып, лавашты оройбуз. Электр мешинин сеткасына шаурмаларды тизип, бош табасын алдына салабыз. Бул шаурманын соусу агып кетпеш үчүн керек. Сетканын изи түшүп кызарганча эки бетин тең кактап, чыгарып алабыз. Картошка фри кошулган шаурма даяр! Тамагыңыздар даамдуу болсун!


Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан