18-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Үйдөгүлөр сизди жарым сөзүңүздөн түшүнүшөт. Буга чейин артыңызда майда интригалар жүрүп келгендигин бирөөлөрдүн маалыматынан улам кечирээк болсо да билесиз. Айрымдар өздөрү кумир туткан жылдыздардын жеке жашоосу менен таанышышат. Үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн талабын аткарууга туура келет.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Бирөөгө акча котором дегендер банктык операцияларды аткарууда ката кетирбеши керек. Сиз ишеним арткан адам ишеничиңизди актабагандыктан, капа болосуз. Балдарга өзгөчө тамак же таттууларды жасап берип кубантасыз. Иштеп жаткандар айлыктын аздыгын же убагында берилбей жаткандыгын айтып жетекчиликке арызданышат.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Айрымдар тиричилик техникасын бузуп алып, аны оңдотууга адис издешет. Бойго жеткен кыз же уулдун маселесине көңүл бурбасаңыз, акырындап татаалдашып кетет. Анонимдүү келген билдирүүгө баш оорутпай эле коюңуз. Сүйүүдө терс кыялыңыздын таасири тийиши мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Чөнтөк телефондон, компьютерден керектүү тиркемелерди көчүрүп, жаңы нерселерди үйрөнө баштаңыз. Чырга кабылбоо үчүн эч кимге доомат артпоо керек. Электр жылыткычын, электр плитасын колдонгон соң унутуп, өчүрбөй коюудан сак болуңуз. Бүгүнкү күн майда-чүйдө жагымсыз окуялар менен коштолот.


АРСТАН (23.07-23.08)

Өзгөчөлүк деле күтүлбөчү күн. Андыктан жашоонун агымы менен болосуз. Бугуңузду чыгаруу үчүн жакшы таанышыңыз менен сырдашып же кыска убакытка сейилдөөңүз ыктымал. Интернеттеги социалдык тармактардан эски досторду таап кубанасыз. Жакшы жаңылык угасыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Максаттарды ишке ашырууда өзүңүзгө гана ишенүүгө туура келет. Жок жерден карыздар болбош үчүн убактылуу колдонууга алган буюмдун сынып же жоголуп кетүүсүнүн алдын алыңыз. Дүкөндөн алган азыктарды колдонордон мурда жарактуу мөөнөтүнө көз салуу, сапатына көңүл буруу сунушталат. Жакынкы күндөрү жасала турган иштерди үйдөгүлөр менен талкуулайсыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Көргөн аян түшкө маани берүү керек. Ал бир маселелер боюнча эскертип жаткан болушу мүмкүн. Бакчада иштөө же үй ичин иреттөөгө ылайыктуу күн. Дары сатып алууга дарыканага барууга туура келет. Улуу муундагылар туура эмес кылган ишиңиз үчүн сизди жемелешет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Унаасы барлар анын майда-чүйдөсүн оңдоо менен алектенет. Эмоцияга алдыруучу кабар окушуңуз ыктымал. Балдарды көчөгө чыгарбай тыюу үчүн үйдө алар алаксый турган бир нерселерди ойлоп табасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Досторго таарынычтарды билдирип же орой тамашалайм деп жаман көрүнүп калышыңыз ыктымал. Мырзалар айымдардын колун карабай, ашканада тамак даярдоого убакыт арнаганы туура. Малын жайлоого айдагандар малынан кабар алуулары зарыл. Жоголуп кетүү коркунучу жогору.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Үй-бүлөнүн баалуулугу, ата-тек тууралуу сүйлөшүүгө жаңылык же эскерүү себеп болот. Жазгы жылуу күндөн пайдаланып, сырттагы иштерди бүткөрүңүз. Ичеги, боорду тазалоо ыкмаларын билип, ишке киришсеңиз болот. Дүкөн же банкка барганда жолуңуз болбой калышы мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Устачылык, узчулук менен алектенүүгө ыңгайлуу күн. Пайдасы жок нерселерге алаксуунун кереги жок. Дүйнөдөгү, коомубузда болуп жаткан жаңылыктар көңүлүңүздү бурат. Ит-мышыктарга мите курттарга каршы дары берип, үй жандыктары менен алек болууну сунушташат жылдыздар.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үйдө ыңгайлуу жашоого шарт түзүү жаатында ойлоносуз. Жакындарыңыз менен кеңешесиз. Азык-түлүк сатып келүү маселеси чыгат. Өзүңүзгө кам көрүп, тишти агартуу, спорт менен машыгуу, бетке маска жасоо, келбетке кам көрүүгө убакыт келди. Ата-эненин көңүлүн алып, алардын айтканынан чыкпаңыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан