19-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Ийгиликтүү күн. Дал ушул ийгиликтен пайдаланып мурда коюлган максаттарды ишке ашырып алуу керек. Олуттуу эмес деп, этибарга албай жүргөн иштерди кайрадан карап, талдап чыгыңыз. Эски тааныштар менен баарлашууну да эске алыңыз: арасынан сизге пайдалуу маалымат же кеңеш айткандар болушу ыктымал.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Көптөн бери түйшөлтүп келген оор маселени ийгиликтүү чечесиз. Коммерциялык ишмердүүлүккө байланышкан идея тууралуу же бизнес баштоонун планын ойлоносуз. Жакындарыңыз менен болгон мамиле солгундап кетпеши үчүн мүнөздү бир аз жумшартууну сунушташат жылдыздар.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Ишиңизге жоопкерчиликтүү карап, чыдамдуу болсоңуз баарын жеңесиз. Жасап жаткан ишиңизди гана ойлонуп, башкалардын жүгүн өзүңүзгө албаганга аракет кылыңыз. Интуицияга таянып иш кылсаңыз, эмнени бүгүн аткаруу керек, кайсы ишти кийинкиге калтыруу керек деген тандоодон оңой чыгасыз. Сүйүктүүңүздүн этегине жабышып көзөмөлдөй бербей, эркиндик бериңиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сизди сонун күн күтүп турат. Көптөгөн маселелерди чечүүгө ылайыктуу күн. Кандай гана иш кылбаңыз, сиздин жолуңузду тоскон эч ким жана эч нерсе болбойт. Чыгармачылык жана жаратуучулук менен жасаган ишиңиз баарына жагып, кубанасыз. Бүгүн жакындар менен баарлашып, аларга позитив тартуулоо да сиздин колуңузда. Эски тааныштардан жакшы жаңылык угасыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Абалды жөнгө салуу үчүн көп ойлонуунун кажети жок. Сизди түйшөлткөн маселе өзүнөн-өзү чечиле баштайт. Бул күн чыгармачылык менен иш жасоого ылайыктуу күн. Кеч көңүлдүү аяктайт: даамдуу тамактын үстүндө жакындар менен кызыктуу баарлашуу күтүүдө.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Бир ишти бүтүрүүдө сизге тоскоолдук жарата турган нерсе пайда болот. Балким, бирөөлөр менен урушуп же таарынышып кетишиңиз мүмкүн. Бирок бул олуттуу деле маселе жаратпайт. Сиз колдон келишинче жагымсыз жагдайды болтурбоого аракет кылып койгонуңуз оң. Майда деп этибарга албай койгон нерсенин зыяны тийип калышы ыктымал. Андыктан бүгүн бардык нерсеге ынтаа коюп иш кылуу кажет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумушка байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, жаңы нерселерди жасоого, курулуш иштерин пландоого ылайыктуу күн. Бирге иштешсе боло турган адамды таап кубанасыз. Жакындар менен болгон сүйлөшүү да сизди таасирлентип, балдардын талантын ачууга көмөкчү болосуз. Бүгүн бардык айланадагыларга жумшак болуңуз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк табылат, бирок тер төгүп иштешиңиз керек. Бүгүнкү күнгө пландаган иштериңиздин баары өз жолу менен маселе жаратпай чечилет. Сиз ишеним арткан адамдар өз иштери менен алек болуп, бирге аткарчу ишке көңүл бурбай калуулары мүмкүн. Тобокелге салып өзүңүз жасай бергениңиз оң.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Маанилүү, кызыктуу маселелерди талкуулоо жана пландоо үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр жаралат. Жакындарыңыз менен гармонияда, жакшы күн өткөрөсүз. Бүгүн сиздин эң жөнөкөй жылмаюу дагы жакындарыңызга дем-күч бермекчи. Чыгармачылыкка салып даамдуу тамак жасоо же балдарга ойноочу аянтча жасап берүү үйдөгүлөргө бакыт тартуулайт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Күндүн башы майда-чүйдө жагымсыз нерселер менен башталышы күтүлүүдө. Сиз маселени курчутпай жөнгө салып кете аласыз. Мурда баштап коюп, аягына чыга албай жүргөн иштериңиз бат эле бүтүп калат. Бирок баш-отуңуз менен ишке кирип кетпей, ден соолукка да кам көрө билиңиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жагымдуу жана өзгөчө күн. Сизди таң калтырган дал келүүлөр, күтүүсүз сюрприздер күтүүдө. Мурда кыялданып гана тим болгон нерселер ишке ашуусу ыктымал. Өз күчүңүзгө ишениңиз, тоскоолдуктарга баш ийип калбаңыз. Айрым маселелерди чечүүдө сиздин ораторлук жөндөмүңүз жардамга келет.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Оңой күн болбойт. Оңой сезилген иштин бүтпөй көпкө созулушу кыжырыңызга тийет. Маселени чечүүгө ар тараптуу жөндөмдүүлүк талап кылынат. Сиздин иш-аракетиңиз жакындарды таң калтырып, мактоо угасыз. Бирөөдөн белек же жардам келери күтүлүүдө. Карызды өндүрүүгө ылайыктуу күн.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан