20-АПРЕЛГЕ КАРАТА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ



КОЙ (21.03-20.04)

Өзүңүздү кармап, сабырдуу болуңуз. Бүгүн бирөөлөрдүн ойлонбой айтылган сөзү же кылган иши сизди сабырдан чыгарып жибериши мүмкүн. Бирөө менен талашып-тартышуу да орундуу болбойт. Сиздики туура болсо, аны далилдейм деп убара тартпай эле койгон оң. Бүгүн бардык нерсени иш менен далилдеп, сөздөн ишке өтчү күн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жылдыздар сизден чечкиндүүлүктү талап кылышат. Өзүңүзгө ишенгендик иштин алдыга жылышын камсыздайт. Майда-чүйдө кетирген катачылыктар үчүн өзүңүздү жемелебеңиз. Сындап, кылган нерсеңизге сын таккандар менен айтышпай койгон туура. Чыгармачылык менен алектенүүгө ылайыктуу күн. Дүйшөмбү оор күн деген ишеним сиз үчүн эмес.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Күндүн биринчи жарымы оор өтөт. Ишиңиз сиз каалагандай жүрүшпөй, маселелер жаралат: түшүнбөстүктөр болот же буюртма кылган нерсеңиз кечигет. Бирок негатив узакка созулбай турганы эске алыңыз. Күндүн экинчи жарымында жасап жаткан ишиңиз оңунан чыгып, кубанасыз. Үйдөн чыгып дайынсыз болгон мал же көптөн бери кайда койгонуңузду унутуп таппай жүргөн буюм табылышы мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Эсте калчу күн болот. Бүгүн чакан майрам уюштурганга ылайыктуу күн. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн курчоосунда туулган күн же башка маанилүү датаны белгилейсиздер. Айтор, майрам уюштурганга шылтоо табылат. Кечеге шаң кошуу үчүн сизден фантазия, ашканада же уюштурууда эксперименттер талап кылынат. Колуңуздан келет!


АРСТАН (23.07-23.08)

Көптөн бери бүтпөй жүргөн ишти аягына чыгарасыз. Бул күн жемиштүү болмокчу. Сизди түйшөлтүп келген суроого жооп аласыз. Кандай гана чечим кабыл албаңыз, талдап алуу талап кылынат. Бир ишке кирише турган болсоңуз, тааныш-билиштен сурап, интернеттен карап кыскача иликтөө жүргүзүп алыңыз. Сиздин иш билгилигиңиз маселелерди жөнгө салууга жардамы тийет.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Маанилүү жана кызыктуу сүйлөшүүлөрдүн күнү. Атаандаштар же касташып жүргөндөр менен тил табышып достук мамилеге өтүшүңүз күтүлүүдө. Айланадагылар менен көп баарлашып, ачык болуңуз. Күндү уктап өткөрүп жибербей, убакытты туура пайдаланыңыз. Жакындарыңыз сунуштаган ишти колдоп, чогуу жасайсыз. Жыйынтыгы баарыңарды кубандырат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Күтүүсүз бурулуштардын күнү. Ал жакшыбы же жаманбы, сиздин кабыл алууңуздан көз каранды болот. Өзүңүз менен өзүңүз калып, буга чейинки болуп өткөн окуяларды талдап чыгыңыз. Маанайыңыздын түшүшү айланадагыларга таасирин бербеши керек. Виртуалдуу байланыш аркылуу жаңылык угасыз. Бул сизди маанилүү бир чечим кабыл алууга түртөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жеңил оокат үчүн убактыңызды коротпоңуз. Бир нерсени көңүлдөнбөй жасоо же шашылыш аткарган иш эки убара болууга түртөт. Мунун айынан пландарды өзгөртүүгө туура келет. Жакындар менен тил табышпай, уруш чыгышы күтүлүүдө. Өзүңүзгө кымбат адамдардын маанайы үчүн компромисске барып койгонуңуз оң. Күндүн соңу сүйүктүүңүзгө сюрприз даярдоого ылайыктуу.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Адаттагыдан тынч күн болот. Өзүңүздү ар тараптан өнүктүрүүгө, кызыктуу нерселер тууралуу окуп-билүүгө ылайыктуу күн. Алдыга план коюп иш баштаңыз. Жакында жаңы жашоо баштоого мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ошол себептен бир да күнүңүздү текке кетирбей, өзүңүздү даярдап, ар тараптуу өнүгө бергениңиз оң.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Эртең менен кайсы бир жагымдуу кабарды угуп кубанасыз. Эски тааныштар менен баарлашуу орун алат. Бирөө менен иш боюнча сүйлөшүү жүргүзөсүз. Баса, баарлашуунун аягы романтикалык маанайдагы пикир алышууга өтүүсү мүмкүн. Акчаны үнөмдөбөсөңүз чыгым тартышыңыз мүмкүн. Зарыл эмес нерсени сатып албай турганыңыз оң.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Позитивдүү маанайда күн өткөрөсүз. Адамдар менен тил табышуу оңой болот. Ушундан пайдаланып ишке байланыштуу нерсени талкуулап чечип алышыңыз керек. Сүйүктүүңүз менен мамиле тереңдеп, кийинки кадамдар тууралуу ойлоносуздар. Сырткы келбетке көңүл бурууга да мезгил келди. Пайдалуу азыктануу жана спорт менен машыгуу сиз үчүн зарыл нерсе болуп турат.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Күн ичинде жаралган жагымсыз маселеден качуунун ордуна жеринен чечүүгө киришиңиз. Ал эртеби-кечпи чече турган маселе экенин эске алыңыз. Кандай болгон күндө да келечек үчүн керектүү тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк жаралат. Мүлккө жана акчага байланыштуу маселелер ойлондурат. Кабатыр болбоңуз, оң жагына чечилет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан