КОЗУ КАРЫН КАРТАЮУНУ КЕЧЕҢДЕТЕТ

Апрель, май айларында жамгыр жаап, күн күркүрөгөн сайын талаада козу карындын түрү жайнап чыгат. Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, козу карындын курамында организмди жашартуучу эки антиоксидант: эрготионеин жана глутатион бар. Алар жогорку температурада да өз касиетин жоготушпайт. Андыктан, келиңиздер, талаадан козу карын терип, андан түрдүү даамдарды жасап, картаюунун алдын алалы.

БУЛОЧКАДАГЫ ЖУЛЬЕН

Керектелүүчү азыктар:

Булочка – 3-4 даана

Тоок эти – 200 грамм

Козу карын – 200 грамм

Пияз – 1 баш

Сыр – 100 грамм

Каймак – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин туздуу сууга кайнатып бышырып, муздаган соң майда туурайбыз.


2. Козу карын менен пиязды тазалап-жууп, майда туурап, 5-7 мүнөттөй жай отто майга кууруп алабыз. Татымына жараша туз, мурч салууну унутпаңыз.

3. Куурмач муздаган соң ага эт менен каймакты кошуп аралаштырып, туурамжы даярдайбыз.

4. Булочканын үстү жагын кесип, ортосундагы жумшак жерин алып салабыз да, ортосуна туурамжыдан толтуруп салабыз.

5. Эми булочканын бетине сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, 180 градуста иштеп турган электр мешине 10-15 мүнөткө салабыз. Даамдуу жульен даяр!








МАРИНАДДАЛЫП КУУРУЛГАН КОЗУ КАРЫН

Керектелүүчү азыктар:

Козу карын – 500 грамм

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 5-6 тишче

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Уксус (9 пайыздык) – 1 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Козу карын, пияз жана сарымсакты аарчып, тазалап, жууйбуз. Андан соң козу карынды туурап, ага уксусту, майда тууралган сарымсак жана бир аз туз кошуп аралаштырып, 1 саатка тыныктырып коёбуз.

2. Пиязды жарым тегерек формада туурайбыз. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, алгач пиязды салып 5 мүнөт кууруйбуз.

3. Эми пияздын үстүнө маринаддалган козу карынды салып, 10 мүнөттөй аралаштырбай, андан бөлүнүп чыккан суу соолуганча күтө турабыз. Болбосо козу карын куурулган эмес, демделип, бууга бышкандай болуп калат.

4. Козу карындан бөлүнүп чыккан суу соолуган соң акырындан аралаштырып, кызарганча кууруйбуз. Тамагыбыз даяр! Козу карынды тарелкага салып, үстүнө майда тууралган ашкөктөн себелеп дасторконго койсоңуз болот. Бул даамга соус катары каймак берүүгө да болот.



КОЗУ КАРЫН ПАСТАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 300 грамм

Козу карын – 200 грамм

Пияз – 1 баш

Майлуу сүт же каймак – 150 грамм

Спагетти – 120 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын тазалап-жууп алабыз да, козу карынды жука, пиязды жарым тегерек түрүндө туурайбыз. Көмөч казанга өсүмдүк майын куюп, алгач пиязды соолуганча кууруйбуз.

2. Эми көмөч казанга козу карынды, андан соң төрт чарчы болуп тууралган тоок этин салып аралаштырып, 5 мүнөт жай отто демдеп коёбуз. Андан соң үстүнө сүттү куюп, жай отто коюуланганча кайнатабыз. Паста даяр!

3. Бул аралыкта мискейге 2 литр сууну куюп, татымына жараша туз салып, спагеттини бышырып, сүзүп алабыз. Тарелкага спагеттини салып, үстүнө пастадан салып дасторконго коёбуз. Тамагыңыз даамдуу болсун!




Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nur1975
2020-04-24 19:31:17
козу карындар жакты .рахмат супер
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан