Бул жолку каарманыбыз актриса Алиша Диа. Ал учурда көптөгөн кесиптештери сыяктуу коронавирус эпидемиясында колдоого муктаж жарандарга кол сунуп жаткандардын бири. Кызыктуу маек назарыңызда.
– Алиша, өлкөбүздө абал оор болуп жатканда жардамга кол сунгандардын арасында болдуң. Учурдагы абалды кандай баалайт элең?
– Мен мурунтан эле жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берип турчумун. Өзүмдүн, курбуларымдын, балдарынын кийимдерин, оюнчуктарын чогултуп таратып келчүмүн. Бардык облустардан мага кат келчү. Анан коронавирус пандемиясы жайылып, эл каражатсыз отуруп калды. Мага келген каттар да көбөйдү.
Отуруп алып «элге кантип жардам берсем болот?» деп ойлондум. Алгач өз чөнтөгүмдөн 100 евро чыгарып азык-түлүк алып, менден жардам сураган үй-бүлөлөргө бардым. Барганда жашоо шарты биз ойлогондон да оор экенин көрдүм. Дагы 300 еврого азык-түлүк алып таратсам, ал да жетпей калды. Анан колунда бар досторумду жардам берүүгө тарта баштадым.
Аз убакыт өткөндөн кийин Раниде деген кызга жолугуп калдым. Ал дагы мендей эле өз акчасына жардам берип жүрүптүр. Экөөбүз кошулуп кайрымдуулук фонд ачып, демөөрчүлөрдү издей баштадык. Кайра эле досторубуз жардамга келишти. Азык-түлүк менен камсыз кылып жатышты. Улам аракет кылып элге жардам берип жатабыз. Чынын айтсам, кайрымдуулук кылганымды жарнамалагым келген эмес. Бирок сиздердин гезит аркылуу кайдыгер эмес адамдарды биздин катарыбызга кошулгула деп чакыргым келет.
Каражатыбыз көп эмес, миллионер эмеспиз. Бирок эл азыр колдоого, жардамга муктаж.
– Кайрымдуулукту ачык кылыш керекпи же жардам берүү жабык сакталуу керекпи?
– Мага элдин билишинин зарылдыгы жок, буга чейин эле жардам бергенимди айтпай келгем. Бирок азык-түлүк түгөнүп калганда видео кайрылуу жасадым. Колунда бар адамдар бизге кошулуп калабы дегем, бирок эч ким кошулган жок, мурунку эле тааныштар, достор жардам берүүдө.
– Эл арасында жүрүп таң калтырган учурларга туш болуп жатсаңар керек?
– Элдин көп бөлүгү жакыр жашаганын мурун эле билчүмүн. Илдет абалды ого бетер курчутуп койду. Бишкек шаарынын ичинде жашагандар аз болсо да жардам алып жатышат. Шаардын сыртындагы аймактар оор абалда. Аларга же мэрия жардам бербейт, же мамлекет жардам бербейт, айыл өкмөттөрү эмне жардам кылып жатышат, такыр түшүнүксүз. Элдин абалы оор деп кээде билбей эле айтып жатышат. Кыдырып баштаганда чынында эле элдин абалы оор экенин сезет экенсиң.
Таң калганым, кээ бир адамдар өтө орой мамиле жасашат. Мамлекет жардам бере турган жерде биз жардам берип жатканыбызды түшүнүшпөйт. Кээде азык-түлүк алганга акча таппай калып «күтө тургула» десек, сөгүп-сагып салгандар бар. Мындайда аябай капа болом. Бирок күнөө элде эмес. Көпчүлүгү паникада, ачуусу менен эмне дегенин деле билбей калышат. Эл колдоосуз, коркунучта калды, ошол мени коркутат. Эл арасында агрессия башталып кетпесе болду деп көп ойлоном.
– Коронавирус пандемиясы ден соолукка, өмүргө коркунучтуу экени ачык-айкын көрүнүп турса да, эл арасында кайчы пикирлер көп болууда. «Коронавирус миф экен» деген кептер да тарады. Коронавирусту миф деген кептерди кандай кабыл алдың?
– Мен бул чоң адамдардын чоң оюну деп ойлойм. Бирок максатын түшүнгөн жокмун. Жарганаттан жукту же башкадан жукту дегенге көп ишенбейм. Ооба, вирус бар, бирок элди өтө коркута турган дарт эмес деп ойлойм. Испан вирусу чыныгы коркунуч жарата турган илдет болчу, канча миллион адамдын өмүрүн алып кеткен. Көбүртүлүп, жабыртылып кеткен нерседен улам дүйнө дүрбөлөңгө түшүп жатып калды.
Бул илдеттин келгенин дүйнө элине эскертүү деп кабыл алсак болот. Эгерде дагы эле ач көздүгүбүздү койбосок, табияттын ресурстарын акчага айлантканды токтотпосок, мындан да оор жаза берилиши мүмкүн. Мына ошондон антивирус табылбай калабы деп ойлойм. Чындыгында ар бирибиз дүйнөнү башкача карап калдык. Көрсө, көнгөн жашообузду бир мүнөттө эле колубуздан алып коё турган жогоруда күч бар экен. Карантин бүтөт, кайра эле эшикке чыгабыз, той, кафелерге баруу башталат. Ошондо бул сабакты кайрадан унутуп коёбузбу деп корком.
– Учурда социалдык тармакта бири сөгүп, экинчиси кечирим сурап, укмуш окуялар болууда. Буга көңүлүң бурулдубу?
– Чынын айтсам, көңүл бөлгөнгө убакыт болбоду. Бирок элди сөккөн кыздарды көрдүм. Эми эмне дейм? Кандай кылса да ар ким өзү билет, кылган жоругуна өзү жооп берет.
– Жеке жашооң тууралуу айта кетсең, жүрөгүңдү ээлеген бирөө табылдыбы?
– Акыркы учурда ушундай суроолор көп берилип жатат. Жок, азырынча жүрөгүмө жаккан адам жок. Мага жөн эле " күйөөм бар" деген сөздүн кереги жок. Бекем үй- бүлө кургум келет. Кудай буюрса, баары орду менен болот деп ойлойм.
– Ата-энең актёр, актриса деп уктум. Сен да алардын кесибин улантып жаткандайсың.
– Атам режиссёр, апам актриса. Экөө тең окуу жайды Москвадан бүтүрүп келишкен. Менин кинодо ролдорум көп болсо, апамдыкы театрда көп. Болгон айырмабыз ушул.
– Рахмат маегиңе, азаматсың!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg