КОЙ (21.03-20.04)
Бүгүн эмне менен алектенсеңиз да сизди ийгилик коштоп жүрөт. Жаңы нерселерди үйрөнүп, жаңы тажрыйбаларга ээ болосуз. Туугандардын арасында жасаган иштериңиз үчүн мактоого татыйсыз. Улуу муундагылар менен жакшы тил табышып, айрымдардан ыраазычылык үчүн чакан сыйлык же белекке ээ болосуз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Күтүүсүз жагдайларга туш болосуз. Ден соолукка зыян келип калышы мүмкүн. Андыктан күтүүсүз кырсык же суук тийүүдөн сак болуңуз. Бийиктикке чыкканда, үй тиричилик иштерин жасаганда учтуу, миздүү нерселерди этият кылыңыз. Сиз үчүн маанилүү делген иш же окуя артка жылып, маанайыңыз түшөт. Жакындардын кеңешин угуңуз, жаман кеңеш беришпейт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бүгүн жаралган кырдаалдын баарын позитивдүү маанай менен жеңүүгө болот. Ошондо гана сизде ийгиликтүү иш кылуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Сиздин жашоодо маанилүү орду бар адам менен биргеликте же кеңешип иш кылсаңыз, жасаган нерсеңизден ырахат аласыз. Кечки акылдан таңкы акыл, кечинде эс алуу гана керек болот.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бүгүнкү ийгиликтин бардыгын тагдырдын белеги деп билиңиз. Көптөн бери пландап жүргөн ишти бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Айыл чарба техникасына же кандай дыр бир буюртма берүүгө кезекке туруп койгондордун кезеги келет. Акча-тыйын тартыштыгы жаралмакчы. Эмне сатсам деп ойлоносуз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Мурдатан бери жүрөгүңүздү өйүп, чечилбей келген маселе бир жаңсыл болот. Ал сиздин пайдага чечилдиби, же тескерисинче, зыян алып келдиби деп ойлондурушу мүмкүн. Эң негизгиси, ириңдеген жарадай болбой, кыжалат кылган маселеге чекит коюлганына сүйүнүңүз. Жаныңыздагы жакын адамдар же достор колдоо көрсөтүшөт. Алардын бар экенине каниет кыласыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Тоскоолдуктардын сиздин маанайды бузууга акысы жок. Сиз тууралуу жагымсыз пикир айткандар чыгат. Ким болсо дагы аны ордуна коюп, татыктуу жооп кайтарганга даяр болуңуз. Жакшы тамак жеп ырахаттанасыз. Бирок ашыкча тамактануу ашказанга зыян экенин эстен чыгарбаңыз. Мыйзам бузуудан алыс болуңуз. Тартип сакчыларына күнүңүз түшүп, айып төлөө коркунучу жаралбасын десеңиз тынч жүрүңүз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бирөөнүн ишине кийлигишип жаман көрүнбөңүз. Үйдөгүлөрдүн нерви чыңалып турган мүчөсү жаңжал чыгарат. Аны угуп, маселесин чечүүгө көмөк кылыңыз. Жан дүйнөдөгү боштукту сезесиз. Сизге таанышуу иретинде достук жөнөткөндөрдү кабыл алыңыз, интернеттеги социалдык тармактарда активдүү болуңуз. Ал жактан бактыңызды таап калышыңыз мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Коомго пайдалуу иш кыласыз. Жардамга муктаж адамдардан кабар алып, жардам көрсөтүп же кайсы бир маселесин чечүүгө көмөкчү болосуз. Жыйынтыгы сизди кубантат, өзүңүзгө ыраазы болосуз. Бүгүнкү күн жемиштүү болот. Сиз болжолдогон нерсенин баары туура чыгып, айрым досторго же жакындарга берген кеңешиңиз пайдалуу болмокчу.
Жаман эмес күн. Сагынып жүргөн адамыңыздын дайынын угасыз. Жаңылык сизди кубантып, бир нерсеге үмүт пайда болот. Күн бою жакшы жаңылыктын таасиринде болуп, маанайыңыз көтөрүңкү жүрмөкчүсүз. Кандай иш кылсаңыз да жакшы аткарылат, оңой бүтөт. Мурда кетирген катачылыкты оңдоп, таарынтып алган туугандардын биринен кечирим сурап жеңилдейсиз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кыжалат кылган нерселер оңой чечилип калгандан кийин бекер эле кабатыр болуптурмун дейсиз. Чыныгы кабатыр кылган маселе күндүн экинчи жарымында башталат. Команда менен иштөө учурунда бирөөнүн дисциплинаны түшүнбөй убара кылганы капалантат. Бул дистанциондук иш алып баруудан же шарттын туура келбей жатышынан болушу ыктымал.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Эскирген тамактарды жегенден, аллергия чакыруучу нерселерден алыс болуңуз. Бөөдө ден соолукта маселе жаратып аласыз. Тажатма күндөргө өзгөчөлүк киргизем деп ар кандай эксперименттерди жасайсыз. Жан дүйнөңүз туура деп эсептеген нерсени жасай бергениңиз оң. Оор учурда жардам берген адамга кандайдыр бир кеңеш менен кайрадан кайрыласыз.
Балдар менен иш алып барып, үй тиричилигине керектүү болгон бир ишти жасайсыз. Баарыңар чогуу жумуш кылган жагып, үй-бүлөңөр менен биргеликте алдыга жакшы пландарды түзөсүздөр. Үй-бүлөнүн ортосунда гармония жаралып, ынтымак бекемделет. Кыскасы, бүгүн үй-бүлөлүк күн. Бойдоктор үчүн да жөн күн эмес. Алар кандайдыр бир келечектүү ишке кадам коюшат.