Бир ата, бир энеден жаралгандар. Эгиз козудай ээрчишип, бир кесим нанды да бөлүп жеп чоңойгондор. Оюнчук талашып урушуп, «кимибизди көбүрөөк жакшы көрөсүңөр?» деп балалык сезим менен ата-энесинин сүйүүсүн кызгангандар. Булар бир туугандар. Куудул, ырчы Гүлжайна Атаканованын бир тууган эжеси Гүлзада Атаканова сиңдисинин бала кези, тентектиги, чыгармачылык жолу тууралуу айтып берет.
ГҮЛЖАЙНА АТАКАНОВАНЫН
БИР ТУУГАНДАРЫ:
Гүлзада Атаканова, мектеп директору, 43 жашта
Шераалы Атаканов, жеке ишкер, 40 жашта
Гүлжайна Атаканова, куудул, ырчы, актриса, 38 жашта
Гүлбарчын Атаканова, үй кожойкеси, 35 жашта
Гүлжаркын Атаканова, үй кожойкеси, 33 жашта
Гүлкайыр Атаканова, үй кожойкеси, 31 жашта
Кубатаалы Атакан уулу, айдоочу, 28 жашта
ЖОГОЛГОН КАЙЧЫ...
– Биз 7 бир тууганбыз: 2 эркек, 5 кыз. Мен эң улуусумун. Гүлжайна бир туугандардын үчүнчүсү. Сиңдим Гүлжайнанын балалыгы дегенде дароо эле «мектепке барам» деп көгөрүп жатып 1-класска өзү теңдүүлөрдөн 1 жыл эрте барып алганы эсиме келет. «Болор бала богунан» дегендей, бул өжөр мүнөзү кийин да калган жок. Ийгилигинин сыры да айтканынан кайтпаган ушул көк беттигинде болсо керек.
Бала кезинен Гүлжайнанын бир жакшы мүнөзү бар. Такыр кек сактаганды билбейт. Бала кезде чоңдук кылып уруп койсом, бир аз убакыт өткөндөн кийин эч нерсе болбогондой мага сүйлөп баштачу.
Ал мага бир окуяны дайыма эстетип калат. Мен 5 же 6-класста окусам керек. Ал мектепке жаңы барган кез болчу. Бир күнү үйдөн кайчыны таппай калдым. Андан мурун Гүлжайна «кайчыны мектепке алып барсам болобу?» деп сураганда «апам урушат» деп болбой койгом. Ошондуктан «кайчыны сен алып кетип жоготуп келдиң» деп аны урушуп, уруп калсам бир классташ баласын айтып, «ошол алып кеткен болуш керек. Үйүнө барып алып келейин» деп үйдөн чыгып кетти. Көрсө, менден коркуп, таягымдан кутулуш үчүн жалган айтыптыр. Ал кеткенден кийин кайчыны үйдөн таап алып жатпаймынбы. Бала да, кыштын ызгаарында классташынын үйүнө барып үй ээсине «балаңыз кайчыбызды алып кетип калыптыр» дептир. Ал кайчыларын алып чыгып «бул апамдан калган, мунусун сатып алгам» деп түшүндүрүп кетириптир. Ошондо кичинекей кызды уруп, жалган айтканга мажбурлаган экенмин. Анда мен деле бала элем да.«МЕКТЕПТЕГИ ИНТЕРМЕДИЯЛАРГА КАТЫШЧУ»
– Гүлжайнанын куудулдук өнөрү мектепте окуп жүргөндө эле бар болчу. Майрамдык кечелерде интермедия аткарчу. «Чыгармачылык жолду тандайм» дегенде апам да, биз да каршы болгонбуз. Мурда тууган-уругубузда чыгармачыл адамдар болбогонго бул кесип бизге өөн учураган эле. Ал «айтканымды кылам, өтөсүнө чыгам» деп көнбөй койду. Көздөгөн максаты ишке ашып, ийгиликке жете баштаганда баарыбыз сүйүндүк.
Өткөндө жеке концертине катышып, бир тууганым тууралуу жакшы сөздөр айтылып жатканда толкундандым, сүйүндүм. Тааныштарым мени башкаларга «Гүлжайна Атаканованын эжеси» деп тааныштырып калышканда сыймыктанып калам. Белгилүү сиңдим бар экенине кубанам.
Интернетке көп кирбейм. Кыздарымдан, сиңдилеримден Гүлжайнага негатив комментарийлер жазылып, талкууга алынып жатканын угуп калганда кыжалат болом. Кээде өзүнө «элдин талкуусунда калган нерселерди интернетке жүктөбөй эле койчу. Бирөөнүн көзүндө, бирөөнүн сөзүндө бар. Ооруп каларыңдан корком. Эл көзүндөгү адам болгонуңдан кийин ар кандай сөздөр болот» деп кеңеш берген күндөрүм болот.
Бир туугандардын арасынан Гүлжайна бала кыял, боорукер жан. Күйүмдүү, колунан келген материалдык, моралдык колдоосун аябайт. Баарыбызга каралашып турат. Балдарыбызды өзгөчө жакшы көрөт. Туулган күндөрдө белегин көтөрүп келип, алыста жүрсө жакшы тилегин айтып куттуктап турат.
«АЖЫРАШЫП КЕТКЕНДЕ КАПА БОЛДУМ»
– Ата-энем жакшы тарбия беришти. Бизди аябай катуу кармашчу. Гүлжайна бой жетип турмушка чыкканда ичим ачышты. Жаныңда чоңойгон бир бооруңду башка бүлөгө узатуу оңой эмес. Кыздуу болгондон кийин жолдошу менен ажырашып кеткенде аябай капа болгом. Жашап кетсе экен деп көп аракет кылдык. Беттегенин бербеген өжөр кыз такыр көнбөй койду.
Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт дейт эмеспи. Анын сыңары кызы менен жалгыз калганда такай жанында боло алган жокмун. Сырттан колумдан келген жардамымды берип жүрдүм. Бир тууган катары тагдыры ушундай болуп калганына жүрөгүм ооручу. Талыкпай иштеп, өп-чап жашоо шартында жашап турмуштун далай кыйынчылыктарын жеңип өттү.
Аял киши болгондон кийин бирөө менен түбөлүктүү бактылуу жашаса дейм. «Аялга эркектин колдоосу керек» деп какшап убагында көп кыжалат болгом. Азыр 40 жашка чыгып калды. Эч ким менен кеңешпей эле өзү жыйынтык чыгара турган куракка келди. Мурункудай санаа тарттырган убактан өттү. Эми баарын өзү чечкени оң. Сиңдим турмушун жолуна салып, өз аракети менен үйлүү, унаалуу болуп жатканын көрүп «азаматсың» дедим. Аман болуп, далай жакшылыктарына күбө болсок экен.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg