Архив
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«АПА, МАГА БИР ЖОЛУ ЖЫЛУУ СҮЙЛӨП КОЮҢУЗЧУ...»

№909 7-13-май, 2020-ж.


«Сенин колуңдан эмне келмек эле?» Уфф, тажадым. Апа, эс тартканы ушул сөздү укпаш үчүн, сиздин бир ооз алкооңузга татуу үчүн аракет кылдым. Эч эле көзүңүзгө көрүнбөй койдум. Мен 2 уулдун ортосундагы жалгыз кызмын. Адатта, үйдүн жалгыз кыздары эрке болуп чоңоюшат эмеспи. Мен бала чагымдан үйдүн жүгүн көтөргөн кыз болдум. Бирок апамдын 2 уулунун арасынан такыр көрүнбөйм. Буга кыз болуп төрөлгөнүм себеп окшойт. Мындан башка эч кандай себеп таба албай келем. Апам байкем менен инимди караган көздөрү менен мени да каратыш үчүн аракет кылбаган күнүм болгон жок.

3-класс болчумун. Апам биринчи жолу күндөлүгүмдү текшерди. Ал жакта жалаң 2 жана 3 деген баа. Жаман окуйт элем. Анткени үй жумуштарынан колум бошочу эмес. Бул баалар үчүн ошол күнү көк ала болгончо таяк жедим. Бир да жолу мени менен үй тапшырма даярдашып отурбаган, бир жолу калем карматып, «кызым, бул тамганы минтип жаз» деп айтпаган, бир да жолу ата-энелердин чогулушуна барбаган, «окууң кандай, кызым?» деп сурабаган эненин баланы мынчалык көк ала кылып сабаганга акысы бар беле? Ал учурда кимдин эмнеге укугу бар, канчалык укугу бар экенин ойлоно алчу эмесмин. Бирок менин денеме караганда жүрөгүм катуураак ооруганы эсимде. Анткени байкем менен инимдин сабактарына көңүл буруп, алардын ата-энелер чогулушуна барат элеңиз.

8-класс болдум. Апам дүкөн ачты. Ошол дүкөндү иштетүүгө жардам берем деп мектепке барбай калдым. Бул иш менин партада отуруп башка балдар сыяктуу билим алуу укугумдан ажыратууга, күндө дүкөндөн башымды чыгарып ак көйнөк кийген окуучуларга суктана тиктөөмө, мектептеги көз ирмемдерди өткөрүп жиберүүмө татыктуу беле? Жок, иш деген бирде бар, бирде жок, бирде жемишин берет, бирде банкрот кылат экен. Сиз банкрот болдуңуз. Менин болсо кайталангыс учурум, балалыгымдын маанилүү көз ирмеми убакыт менен кошо учуп кетти. Өкүнүчтүүсү, бул жүктү бир туугандарым менен биргеликте тарткан жокмун. Байкем менен иним мектептен тышкаркы убактарда гана бизге жардам беришчү. Банкрот болуп калганыңызга байланыштуу кайрадан бутубузга турууга чара издедик. Бул чара кайрадан эле менин балалыгымды уурдоого багытталды. Орусияга барып бала багып иштеп, сизге жардам бердим. Ал жакта көргөн кордугумдун бирин да сизге айткан жокмун. Айтсам бир нерсе өзгөрчүдөй арман кылып алганымды кантейин? Сиз менен сырдашып, кеңешип отурган учурду кыялдана да албайм. Сырдашуудан мен жемелөө, кемсинтүүдөн башка эч нерсе албаарымды билем. Баса, кийин жакшы бутубузга турдук.

20 жашка чыктым. Кошуна, тууган-урук «суйкайган сулуу, тыпылдап жаны тынбаган кыз» деп суктанышты. Сиз «түрүң суук, шалаакысың, колуңдан эч нерсе келбейт» дедиңиз. Эртеден кечке жумушта болуп, андан келип жаш келиндей үй жыйнап, тамак жасап, бардык жумуштарга жетишсем да, сиздин көзүңүзгө уктап жаткан уулдарыңызчалык боло албадым. Бир күнү жумуштан келсем, каарыңызды чачып мени күтүп отуруптурсуз. Кайдагы бир кошуна келиндин ушагынан улам ар кайсы сөздөрдү айтып, үйдөн кууп чыктыңыз. Анткени кошуна эже мени кайсы бир үй-бүлөлүү эркектин жанынан көргөнүн айтыптыр. Менден бир ооз сурап койсоңуз болбойт беле? Сиз айткан киши менин кесиптешим гана болчу. Фу! Ушакчыларга кошулуп өз кызыңызга ушундай күнөөнү кантип тактыңыз? Ушундан кийин өчөшүп сиз ишенип алган ушакты чындыкка айланттым. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар кишиге көңүлдөш болуп алдым. Жыргап кетти дейсиңерби? Азыр да ошол адамдын азабын тартып жүрөм.

25 жашка келгенде өз алдымча бутума туруу үчүн дүкөн ач деп мага имарат ижарага алып бердиңиз. Аныңызга рахмат, бирок байкеме көрсөткөн колдоону мага да көрсөтсөңүз тез эле көтөрүлмөкмүн. Байкеме кредит алып берип, карыз болуп калса өзүңүз төлөп чуркап жүрдүңүз. Мени болсо эмне кылар экен деп сынагандай сырттан карап турдуңуз. Карызга баттым, банкрот болдум, ишкердикти кайрадан тургуздум. Эми гана дүкөнүмдүн пайдасын көрөр күн келгенде дүкөндү менден алып, иниме өткөрүп бердиңиз. Мунун себебин кайра эле «колуңдан эмне келмек эле?» деп түшүндүрдүңүз. Алгачкы жолу мындай мамиле кылып жаткан жоксуз да, буга да чыдайм.

Азыр жашым 35ке келди. «Күйөөгө тийбей койдуң» деп жек көрүп карайсыз. Апа, мунун баарына сиз күнөөлүү экениңизди ойлонуп көрдүңүз беле? Сиз жараткан мендеги ишенимсиздик, коркоктук, корунчаактык кантип башканы жанына жолото алсын? Кантип бактылуу болоруна ишене алсын? Өзүнө тебелендиде калган жашоону ыраа көргөн кыздар үй-бүлөлүүлөргө, байларга көңүлдөш болушат. Анткени алар өзүнө сүйүүнү, нормалдуу жашоону татыксыз көрүшөт. Сүйүү издеп жүрүп ар кандай эркектерге алданышат экен. Ата-энелер, бала бойго жеткенде ушул сыяктуу маселеге кабылганда канчаңар «бала чагында мен эмнени туура эмес кылдым экен?» деп өзүңөргө суроо берип көрдүңөр эле? Бере элек болсоңор, берип көргүлө. Өзүнө ишенимсиз, турмушта өз ордун таба албаган, 40 жашка келсе да өз турмушун кура албаган адамдарды бала чагында көрсөткөн адилетсиз мамилеңер, жетиштүү сүйүү бербегениңер менен өзүңөр жаратасыңар. Мен апама жагынууга аракет кылбайм деп көп жолу өзүмө сөз бердим. Бирок эң жакын адамынын сүйүүсүнө тойбой калган адам башка жактан ишеним күтө албайт экен. Бир эле жолу алкап, кызыңыз сулуу, акылдуу, аракетчил экенин айтып, жылуу көздөрүңүз менен карап койсоңуз, жашоомдун көп жылдарына жете турган күч бермексиз. Балким, ошондо сонун жашоого татыктуу экениме ишенмекмин, үй-бүлө күтмөкмүн, кесиптеш, досторумдун арасында барктуу болууга үйрөнмөкмүн. Жок дегенде сиз жана уулдарыңыз үчүн кылган курмандыктарым текке кетпегенине кубанып калмакмын. Апа, мага кылган мамилеңиз менен жалгыз кызыңыздын тагдырын талкаладыңыз...

Айпери



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(10)
22.04.2020. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
25-04-2017
Соӊку аракети:
29-05-2020 00:45
Жынысы:
Белгисиз
+5
Толук кошулам, мындай ата-энелер бар албетте. Апасы начар адам, баарына тегиз карабаган. Бирок баары жакшы болот синдим, сендейлер толтура. Сен Кудайды тааны, Кудайга жагын, Кудай сени баардыгына жактырат. Колун бошунда Мечит жакка барып, адашпаган туура жолдогу эжелерден кенеш алып, намаз окуганды уйронсон, женилдейсин.
23.04.2020. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
22-05-2020 02:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамга не жагат озу? Жаллан кыз торолсо да кыздарын жемелейт? Озунор помидор тигип алып бадыран издегенинер кантейин? Ото окунучтуу
23.04.2020. 10:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-08-2019
Соӊку аракети:
29-05-2020 01:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Admin_superstan, Периштенин коз жашы, Бычак мизиндеги жашоо качан чыгат?
Baktyluumun98 түзөттү 2020-04-23 10:32:40
23.04.2020. 14:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
757
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
28-05-2020 19:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
таеженемдин огой кызына окшоп кетет экен тагдыры
taalay25 түзөттү 2020-04-23 14:38:07
24.04.2020. 13:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
29-05-2020 09:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
0
Апаңыз окуду бекен ушуну (Кыз баланы кайра көбүрөөк жакшы көрүш керек,ал бирөөгө бүлөө...
25.04.2020. 15:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
27-07-2011
Соӊку аракети:
26-05-2020 11:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Ассаляму алейкум админ.Ушул кыз менен байланышсам болобу ?Жардам бере аласыздарбы?
28.04.2020. 14:51 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8595
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
28-05-2020 14:09
Жынысы:
Белгисиз
0
akus, саламатсызбы! Каармандын өз каалоосуна жараша аны менен байланыштыра албайбыз.
29.04.2020. 16:13 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
28-03-2020
Соӊку аракети:
29-05-2020 09:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым.Сен дагы жаман жакка баспай 3 балалуу эркекке конулдош болбой,жакшы жакка озгорсон,балким апанда жакшы мамиле кылып калмак.
13.05.2020. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
27-05-2020 23:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0

Эмнеге азыркы жаштар куноону озунон эмес башкадан издешет...Чойрону озгортуп,жашоону жакшыртса болбойбу?Биз бала кезде китепти коп окуп ,ошол каарманды кумир тутуп,жакшы адам болушка тырышар элек.Болот кантип курчуду дагы каармандын жашоо учун кантип курошконун,Сайгак деген чыгармадагы каарманды окуп,жашоонун манызын тушунуп жашоо менен курошор элек.Балалыгыбыз оор болсо да,женилип,женип,сынбай жакшылыка умтулуп жашаар элек.Кийин чон турмушта да ийилип сынбай болоттой бекем ,турмуш жолун
13.05.2020. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
27-05-2020 23:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Мына Аллага шугур,сабырдын тубу сары алтын болуп очор бачар болуп,бактылуу карылыка жашап келебиз.Ошон учун адам атына татыктуу болуп,энени оз ордуна койуп сыйлап,( эч качан бала ата энени тандай албайт)Барына шугур кылып,турмушту тырышып женип,озун биринчи суйуп кадырлап анан жакын адамдарын бактылуу кылса болбос бекен....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
23946;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: